Difference between revisions of "АЛЖИР УЛУТТУК-БОШТОНДУК КҮРӨШҮ"
м (→top: категория кошуу) |

(2 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛЖИР УЛУТТУК-БОШТОНДУК КҮРӨШҮ''' (1954‒62) 1830- | '''АЛЖИР УЛУТТУК-БОШТОНДУК КҮРӨШҮ''' (1954‒62) 1830-жылы француздук аскерлер адегенде Алжир шаарын, андан соӊ өлкөнүн бүткүл аймагын басып алып, колонияга айландырган. Көптөгөн француздардын келип отурукташуусунун натыйжасында, Алжирге франциялык департамент статусу берилип, бул анын өз алдынча мамлекет катары таанылуусуна тоскоол болуп келген. Ага карабастан, жергиликтүү калк баскынчыларга катуу каршылык көрсөтүүсүн токтоткон эмес. 1832‒47, 1871‒72-жылдарда колонизаторлорго каршы бир нече жолу улуттук-боштондук көтөрүлүштөр ийгиликсиз аяктаган. ''Экинчи дүйнөлүк согуш'' учурунда алжирлик арабдар көз каранды эместикке жетишүү максатында ''де Голлду'' колдошкон, бирок алардын үмүтү акталган эмес. 1954-жылы Алжирдин улуттук-боштондук Фронту (УБФ) жетектеген колонизаторлорго каршы партизандык согуш башталат. Алардын күрөшүн басуу үчүн Франция 1958-жылдан тартып Алжирде 800 миӊ аскерин, авиациясын, согуш-деӊиз флотунун чоӊ бөлүгүн кармап турууга аргасыз болгон. Согуштун жүрүшүндө Алжир эли 1,5 млн адамынан ажыраган, 2 млн кишиси концлагерлерде жана түрмөлөрдө отуруп чыккан, жарым млн-го жакыны чет өлкөлөргө качууга мажбур болгон жана миӊдеген айыл-кыштактары талкаланган. Алжирдеги узакка созулган согуш француз коомунда да жараканы пайда кылып, Төртүнчү республиканын кризисине алып келген. 1958-жылы президент болуп шайланган Шарль де Голль согушту улантуунун пайдасыз экендигин түшүнгөн. 1961-жылы референдумда француздардын басымдуу бөлүгү Алжирге өз алдынчалык берүү үчүн добуш беришкен. Кийинки жылы Франция алжирликтердин убактылуу өкмөт башчысы ''Ахмед Бен Белла'' менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, Алжирдин көз каранды эместиги таанылган жана 1962-жылы Алжир Элдик Демократиялык Республикасы жарыяланган.
'' А.Орозов.''

[[Категория:1-Том]] |
09:18, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЛЖИР УЛУТТУК-БОШТОНДУК КҮРӨШҮ (1954‒62) 1830-жылы француздук аскерлер адегенде Алжир шаарын, андан соӊ өлкөнүн бүткүл аймагын басып алып, колонияга айландырган. Көптөгөн француздардын келип отурукташуусунун натыйжасында, Алжирге франциялык департамент статусу берилип, бул анын өз алдынча мамлекет катары таанылуусуна тоскоол болуп келген. Ага карабастан, жергиликтүү калк баскынчыларга катуу каршылык көрсөтүүсүн токтоткон эмес. 1832‒47, 1871‒72-жылдарда колонизаторлорго каршы бир нече жолу улуттук-боштондук көтөрүлүштөр ийгиликсиз аяктаган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда алжирлик арабдар көз каранды эместикке жетишүү максатында де Голлду колдошкон, бирок алардын үмүтү акталган эмес. 1954-жылы Алжирдин улуттук-боштондук Фронту (УБФ) жетектеген колонизаторлорго каршы партизандык согуш башталат. Алардын күрөшүн басуу үчүн Франция 1958-жылдан тартып Алжирде 800 миӊ аскерин, авиациясын, согуш-деӊиз флотунун чоӊ бөлүгүн кармап турууга аргасыз болгон. Согуштун жүрүшүндө Алжир эли 1,5 млн адамынан ажыраган, 2 млн кишиси концлагерлерде жана түрмөлөрдө отуруп чыккан, жарым млн-го жакыны чет өлкөлөргө качууга мажбур болгон жана миӊдеген айыл-кыштактары талкаланган. Алжирдеги узакка созулган согуш француз коомунда да жараканы пайда кылып, Төртүнчү республиканын кризисине алып келген. 1958-жылы президент болуп шайланган Шарль де Голль согушту улантуунун пайдасыз экендигин түшүнгөн. 1961-жылы референдумда француздардын басымдуу бөлүгү Алжирге өз алдынчалык берүү үчүн добуш беришкен. Кийинки жылы Франция алжирликтердин убактылуу өкмөт башчысы Ахмед Бен Белла менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, Алжирдин көз каранды эместиги таанылган жана 1962-жылы Алжир Элдик Демократиялык Республикасы жарыяланган.
А.Орозов.