Difference between revisions of "АЛГОРИТМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(8 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛГОРИТМ''' (лат. Algоrithmi ‒ Аль Хорезми деген арабча аттын жазылышы) ‒ аткарылышка коюлган маселенин чечилишине багытталган, амалдардын удаалаштыгын аткаруу үчүн адам колдонгон так буйруктар (көрсөтмөлөр). Бул термин компьютер пайда болгонго чейин эле, о. кылымда, сандардын эсептөө системасы киргизилгенде таралган. Компьютер үчүн арналган А. программа деп аталат. Программа түзүү процессин жеӊилдетүү үчүн блок-схема жана программалоо тили сыяктуу А-дерди жазуунун ар кандай ыкмалары ойлоп табылган. Мындай ыкмада программа түзүү 2 этапта жүргүзүлөт: биринчиси блок-схема тилинде жазылат, экинчиси ‒ компьютер тилине которулат. А. дискреттүү ачык-айкын, көпчүлүккө тараган жана жыйынтыктуу касиеттерге ээ. Д и с к р е т т ү ү касиети А-ге коюлган биринчи талап, анда жазылып жаткан процесс өз-өзүнчө удаалаш аракеттерге (кадамдарга) бөлүнүүгө тийиш экендигин билгизет. А. бири биринен ачык бөлүнгөн көрсөтмөлөр удаалаштыгынан турат. Көрсөтмөлөр А-дин үзгүлтүктүү (дискреттүү) структурасын түзөт жана бир көрсөтмөнүн талабы аткарылгандан кийин гана кийинкисине өтөт. А ч ы к - а й к ы н А-де ар кандай мазмундагы көрсөтмөлөр болбошу керек. Берилген көрсөтмөлөр (буйруктар) так болуп, буйруктарды аткарууда аткаруучу өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш эмес, б. а. аны аткаруу жана ошол учурда кайсы көрсөтмө аткарылышы ачык-айкын болууга тийиш. К ө п ч ү л ү к т ү ү  к а с и е т и түзүлгөн А. б-ча баштапкы гана маалыматтарды өзгөртүп, көптөгөн маселелерди чыгарууга пайдалануу дегенди түшүндүрөт. Ж ы й ы н т ы к т у у  к а с и е т и  аткаруучу чектелген сандагы кадам ичинде коюлган маселенин жыйынтыгына сөзсүз алып келиши керек.
'''АЛГОРИТМ''' (Alogrithm - Алгоритм). Баштапкы берилиштерден алынуучу жыйынтыкка алып келүүчү эсептөөчү процессти аныктаган так көрсөтмөлөр. А. түшүнүгү компьютер пайда болгонго чейин эле пайда болгон. А. дискреттүү, ачык айкын, көпчүлүктүү жана жыйынтыктуу касиеттерге ээ. Дискреттүү касиети алгоритмге коюлган биринчи талап болуп, анда жазылып жаткан процесс өз-өзүнчө удаалаш аракеттерге (кадамдарга) бөлүнүүгө тийиш экендигин билгизет. Атап айтканда, алгоритм бир биринен ачык бөлүнгөн көрсөтмөлөр удаалаштыгынан турат. Көрсөтмөлөр алгоритмдин үзгүлтүктүү (дискреттүү) структурасын түзөт жана бир көрсөтмөнүн талабы аткарылгандан кийин гана кийинки көрсөтмөнүн талабын аткарууга өтөт. Ачык-айкындуулук касиет А-де мазмуну бир маанилүү болбогон көрсөтмөлөр жок болуш керек. А-де берилген көрсөтмөлөр (буйруктар) так болуп, аткаруучу буйруктарды аткарууда өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү болууга тийиш эмес, башкача айтканда  алгоритмди аткаруу, ошондой эле, А-ди аткаруу кезегинде кайсы көрсөтмө аткарылышы ачык айкын болууга тийиш. Көпчүлүктүү касиети түзүлгөн А. боюнча баштапкы гана маалыматтарды өзгөртүп, көптөгөн маселелерди чыгарууга пайдалануу дегенди түшүндүрөт. Жыйынтыктуу касиети аткаруучу чектелген сандагы кадам ичинде коюлган маселенин жыйынтыгын алууга тийиш, башкача айтканда А. коюлган маселенин жыйынтыгына сөзсүз түрдө алып келиши керек.
''А. С. Өмүралиев.''

[[File:АЛГОРИТМ.jpg | thumb | none]]

[[Категория:1-Том]]

09:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛГОРИТМ (Alogrithm - Алгоритм). Баштапкы берилиштерден алынуучу жыйынтыкка алып келүүчү эсептөөчү процессти аныктаган так көрсөтмөлөр. А. түшүнүгү компьютер пайда болгонго чейин эле пайда болгон. А. дискреттүү, ачык айкын, көпчүлүктүү жана жыйынтыктуу касиеттерге ээ. Дискреттүү касиети алгоритмге коюлган биринчи талап болуп, анда жазылып жаткан процесс өз-өзүнчө удаалаш аракеттерге (кадамдарга) бөлүнүүгө тийиш экендигин билгизет. Атап айтканда, алгоритм бир биринен ачык бөлүнгөн көрсөтмөлөр удаалаштыгынан турат. Көрсөтмөлөр алгоритмдин үзгүлтүктүү (дискреттүү) структурасын түзөт жана бир көрсөтмөнүн талабы аткарылгандан кийин гана кийинки көрсөтмөнүн талабын аткарууга өтөт. Ачык-айкындуулук касиет А-де мазмуну бир маанилүү болбогон көрсөтмөлөр жок болуш керек. А-де берилген көрсөтмөлөр (буйруктар) так болуп, аткаруучу буйруктарды аткарууда өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү болууга тийиш эмес, башкача айтканда алгоритмди аткаруу, ошондой эле, А-ди аткаруу кезегинде кайсы көрсөтмө аткарылышы ачык айкын болууга тийиш. Көпчүлүктүү касиети түзүлгөн А. боюнча баштапкы гана маалыматтарды өзгөртүп, көптөгөн маселелерди чыгарууга пайдалануу дегенди түшүндүрөт. Жыйынтыктуу касиети аткаруучу чектелген сандагы кадам ичинде коюлган маселенин жыйынтыгын алууга тийиш, башкача айтканда А. коюлган маселенин жыйынтыгына сөзсүз түрдө алып келиши керек.

АЛГОРИТМ.jpg