Difference between revisions of "АЛГАЗЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛГАЗЫ''' (Абылгазы) Шералы уулу ‒ 1824‒25-ж. орус падышалыгына барган кыргыз элчилеринин бири. Бугу уруусунун белек уругунун таанымал бийи. Элчилик ишмердиги үчүн Александр тасмасына тагылган алтын медаль <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> сыйланып, аны ага 1827-ж. апрелде Ысык-Көлгө келген А. Л. Бубенов тапшырган. к. ''Акымбек ''Олжобай уулу.<br>
'''АЛГАЗЫ''' (Абылгазы) Шераалы уулу ‒ 1824‒1925-жылдары бугу уруусунун атынан Омск чебине кыргыз элчилеринин бири. 1824-жылдары соода иштерине байланыштуу Ысык-Көлдө жүргөн казандык татар Ф. Сейфуллин бугу уруусун падышалык Россиянын бийлигин кабыл алууга көндүргөн. Натыйжада бугу уруусунун чоң бөлүгү арык тукумунан ''Акымбек Олжобай уулу'', белектен Алгазы Шераалы уулу жана желдең уругунан ''Алымбек Жапалак уулу'' өкүл болуп таңдалып, 1824-жылы күзүндө орус падышасы (1801–1825) Александр Iге жолугууга аттанып чыгышкан. Аларды Шербек (Сербек), Токтогул, Мамбет жана Ботбай (Батбау) аттуу төрт киши коштоп жүргөн. Ноябрь айында Семипалатинск чеби, ал жерден 31-декабрда чыгып, 1825-жылы 5-январда Омск чебине келишкен. Омскда аларды Батыш Сибирдин генерал-губернатору (1822–1827) П. М. Капцевич кабыл алган. Алар тапшырган катта орус падышасын урматтап-ызааташканы, анын кол алдындагы казактар бейпилдикте жашап жатканы, ошондуктан орус падышасынын букарасы болууга ниет кылышканы тууралуу жана Кашкарга каттаган орус кербендеринин коопсузудугун камсыздоого убада беришкени айтылат. Үч уруунун каты негизинен окшош болгону менен белек уруусу өз өкүлүн (кара: ''Качыбек Шераалы уулу'') мурун эле жибергенин эскертип, кербендерди коштоп жүрүү үчүн аскер отрядын жиберүүнү өтүнүшкөн. Кыргыз өкүлдөрү такка жаңы отурган император Николай Iнин (1825–1855) өзүнө жолугууну суранышкан, бирок алардын өтүнүчү ишке ашкан эмес. Алар Омскда 1825-жылы 25-майга чейин жүрүп, орус өкмөтүнүн атынан генерал П.М. Капцевич белек катары алардын ар бирин көйнөк-чепкен жана шакек менен сыйлаган. Мындан тышкары бугу уруусунун үч бийине Александр тасмасына тагылган алтын медаль, ал эми эң сыйлуусу желдең уругунун бийи Жапалакка Андрей лентасындагы алтын медаль, ага кошуп орус жана татар тилинде жазуусу бар алтын сап кылыч  менен сыйлоону сурап, Николай Iге кайрылган. Аларды 25-майда подполковник Ф. К. Шубин башында турган 120 казак-орус отряды Каратал суусуна чейин узатып келген. Ал жерден хорунжий Т. В. Нюхалов жетектеген 60 казак-орус отряды аларды коштоп, Ысык-Көлгө жеткирген. Отряддын ичинде Ф. К. Зибберштейн деген дарыгер болгон. Ага Кашгарга баруучу жолдорду жана Кытайга караган шаарлардагы сооданын абалын билип келүү тапшырылган. Кайтып баргандан кийин Ф. К. Зибберштейн «Тоолук кыргыздар тууралуу баян» деген баяндамасын жазган.
 
Ад.: Путевые замечания лекаря Омского гарнизонного полка Ф. К. Зибберштейна (17 июля - 12 октября 1825 г.) //История Казахстана в русских источниках XVI-XX веков. Т. VI; Плоских В. М. Первые Киргизско-Русские посольские связи. Фр., 1970.<br>
[[Категория:1-Том]]

09:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛГАЗЫ (Абылгазы) Шераалы уулу ‒ 1824‒1925-жылдары бугу уруусунун атынан Омск чебине кыргыз элчилеринин бири. 1824-жылдары соода иштерине байланыштуу Ысык-Көлдө жүргөн казандык татар Ф. Сейфуллин бугу уруусун падышалык Россиянын бийлигин кабыл алууга көндүргөн. Натыйжада бугу уруусунун чоң бөлүгү арык тукумунан Акымбек Олжобай уулу, белектен Алгазы Шераалы уулу жана желдең уругунан Алымбек Жапалак уулу өкүл болуп таңдалып, 1824-жылы күзүндө орус падышасы (1801–1825) Александр Iге жолугууга аттанып чыгышкан. Аларды Шербек (Сербек), Токтогул, Мамбет жана Ботбай (Батбау) аттуу төрт киши коштоп жүргөн. Ноябрь айында Семипалатинск чеби, ал жерден 31-декабрда чыгып, 1825-жылы 5-январда Омск чебине келишкен. Омскда аларды Батыш Сибирдин генерал-губернатору (1822–1827) П. М. Капцевич кабыл алган. Алар тапшырган катта орус падышасын урматтап-ызааташканы, анын кол алдындагы казактар бейпилдикте жашап жатканы, ошондуктан орус падышасынын букарасы болууга ниет кылышканы тууралуу жана Кашкарга каттаган орус кербендеринин коопсузудугун камсыздоого убада беришкени айтылат. Үч уруунун каты негизинен окшош болгону менен белек уруусу өз өкүлүн (кара: Качыбек Шераалы уулу) мурун эле жибергенин эскертип, кербендерди коштоп жүрүү үчүн аскер отрядын жиберүүнү өтүнүшкөн. Кыргыз өкүлдөрү такка жаңы отурган император Николай Iнин (1825–1855) өзүнө жолугууну суранышкан, бирок алардын өтүнүчү ишке ашкан эмес. Алар Омскда 1825-жылы 25-майга чейин жүрүп, орус өкмөтүнүн атынан генерал П.М. Капцевич белек катары алардын ар бирин көйнөк-чепкен жана шакек менен сыйлаган. Мындан тышкары бугу уруусунун үч бийине Александр тасмасына тагылган алтын медаль, ал эми эң сыйлуусу желдең уругунун бийи Жапалакка Андрей лентасындагы алтын медаль, ага кошуп орус жана татар тилинде жазуусу бар алтын сап кылыч  менен сыйлоону сурап, Николай Iге кайрылган. Аларды 25-майда подполковник Ф. К. Шубин башында турган 120 казак-орус отряды Каратал суусуна чейин узатып келген. Ал жерден хорунжий Т. В. Нюхалов жетектеген 60 казак-орус отряды аларды коштоп, Ысык-Көлгө жеткирген. Отряддын ичинде Ф. К. Зибберштейн деген дарыгер болгон. Ага Кашгарга баруучу жолдорду жана Кытайга караган шаарлардагы сооданын абалын билип келүү тапшырылган. Кайтып баргандан кийин Ф. К. Зибберштейн «Тоолук кыргыздар тууралуу баян» деген баяндамасын жазган.

Ад.: Путевые замечания лекаря Омского гарнизонного полка Ф. К. Зибберштейна (17 июля - 12 октября 1825 г.) //История Казахстана в русских источниках XVI-XX веков. Т. VI; Плоских В. М. Первые Киргизско-Русские посольские связи. Фр., 1970.