Difference between revisions of "АЛБАНДАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛБАНДАР''' (өздөрүн шкиптар, шчиптар деп аташат) ‒ Албаниянын негизги калкы болгон Балкан эли. Косово, Түн. Македония, Сербия ж. б. өлкөлөрдүн түн.-батыш аймактарында жашашат. Жалпы саны 6,5 млндой киши, анын ичинде 2 312 356сы Албанияда (2011).
Албан тилинде сүйлөшөт. Балкан жарым а-нда жашаган байыркы элдерден. Кээ бир окумуштуулар А-дын этностук негизин иллириялыктар дешсе, айрымдары фракиялыктар деп эсептешкен. Римдин Иллирияны каратып алышы (б. з. ч. 2-к., б. з. 4-к.), Византия империясынын, славян мамлекеттеринин үстөмдүгү А-дын тилине жана мад-тына таасирин тийгизген. 15-к-дын аягынан 1912-ж. чейинки Осмон империясынын бийлиги А-да эмиграцияны күчөтүп, анын тарыхый өнүгүшүнө тоскоол кылган. Түрктөрдүн кысымы менен ислам динине өтүшкөн (17‒18-к.). 1912-ж. түрктөргө каршы улуттук-боштондук күрөшүнүн натыйжасында Албания көз каранды эмес мамлекет катары жарыяланган. Кийинки 1939‒44-ж. итал. жана германиялык баскынчыларга каршы күрөш да А-дын улут катары биригүү процессин күчөтүп, аларда улуттук аӊ-сезимдин өсүшүнө чоӊ таасир тийгизген. А. негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык менен кесип кылышып, таш менен салынган эки кабаттуу үйлөрдө жашашат. Эркектер улуттук кийим катары «фустанелла» (18-к), «тирчи» (19-к.) деп аталган көйнөк, жилет, жүндөн же тыбыттан жасалган баш кийим, аялдары саймаланган алжапкыч кийишип, күмүштөн жасалган кооздуктарды тагынышкан. Тамак-ашы негизинен жүгөрү жана буудай наны, эт, сүт азыктары.

'''АЛБАНДАР''' (өздөрүн шкиптар, шчиптар деп аташат) ‒ Албаниянын негизги калкы болгон Балкан эли. Косово, Түндүк  Македония, Сербия ж. б. өлкөлөрдүн түндүк-батыш аймактарында жашашат. Жалпы саны 6,5 млндой киши, анын ичинде 2 312 356сы Албанияда (2011). Албан тилинде сүйлөшөт. Балкан жарым аралында жашаган байыркы элдерден. Кээ бир окумуштуулар албандардын этностук негизин иллириялыктар дешсе, айрымдары фракиялыктар деп эсептешкен. Римдин Иллирияны каратып алышы (б. з. ч. 2-кылым, б. з. 4-кылым), Византия империясынын, славян мамлекеттеринин үстөмдүгү Албандардын тилине жана маданиятына таасирин тийгизген. 15-кылымдын аягынан 1912-жылга чейинки Осмон империясынын бийлиги Албандарда эмиграцияны күчөтүп, анын тарыхый өнүгүшүнө тоскоол кылган. Түрктөрдүн кысымы менен ислам динине өтүшкөн (17‒18-кылым). 1912-жылы түрктөргө каршы улуттук-боштондук күрөшүнүн натыйжасында Албания көз каранды эмес мамлекет катары жарыяланган. Кийинки 1939‒44-жылдарда  италиялык жана германиялык баскынчыларга каршы күрөш да Албандардын улут катары биригүү процессин күчөтүп, аларда улуттук аӊ-сезимдин өсүшүнө чоӊ таасир тийгизген. Албандар негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык менен кесип кылышып, таш менен салынган эки кабаттуу үйлөрдө жашашат. Эркектер улуттук кийим катары «фустанелла» (18-кылым), «тирчи» (19-кылым) деп аталган көйнөк, жилет, жүндөн же тыбыттан жасалган баш кийим, аялдары саймаланган алжапкыч кийишип, күмүштөн жасалган кооздуктарды тагынышкан. Тамак-ашы негизинен жүгөрү жана буудай наны, эт, сүт азыктары.

[[Категория:1-Том]]

09:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛБАНДАР (өздөрүн шкиптар, шчиптар деп аташат) ‒ Албаниянын негизги калкы болгон Балкан эли. Косово, Түндүк Македония, Сербия ж. б. өлкөлөрдүн түндүк-батыш аймактарында жашашат. Жалпы саны 6,5 млндой киши, анын ичинде 2 312 356сы Албанияда (2011). Албан тилинде сүйлөшөт. Балкан жарым аралында жашаган байыркы элдерден. Кээ бир окумуштуулар албандардын этностук негизин иллириялыктар дешсе, айрымдары фракиялыктар деп эсептешкен. Римдин Иллирияны каратып алышы (б. з. ч. 2-кылым, б. з. 4-кылым), Византия империясынын, славян мамлекеттеринин үстөмдүгү Албандардын тилине жана маданиятына таасирин тийгизген. 15-кылымдын аягынан 1912-жылга чейинки Осмон империясынын бийлиги Албандарда эмиграцияны күчөтүп, анын тарыхый өнүгүшүнө тоскоол кылган. Түрктөрдүн кысымы менен ислам динине өтүшкөн (17‒18-кылым). 1912-жылы түрктөргө каршы улуттук-боштондук күрөшүнүн натыйжасында Албания көз каранды эмес мамлекет катары жарыяланган. Кийинки 1939‒44-жылдарда италиялык жана германиялык баскынчыларга каршы күрөш да Албандардын улут катары биригүү процессин күчөтүп, аларда улуттук аӊ-сезимдин өсүшүнө чоӊ таасир тийгизген. Албандар негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык менен кесип кылышып, таш менен салынган эки кабаттуу үйлөрдө жашашат. Эркектер улуттук кийим катары «фустанелла» (18-кылым), «тирчи» (19-кылым) деп аталган көйнөк, жилет, жүндөн же тыбыттан жасалган баш кийим, аялдары саймаланган алжапкыч кийишип, күмүштөн жасалган кооздуктарды тагынышкан. Тамак-ашы негизинен жүгөрү жана буудай наны, эт, сүт азыктары.