Difference between revisions of "АКЦИДЕНЦИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АКЦИДЕНЦИЯ''' (лат. accidentia ‒ кокус, кокустук) ‒ нерсенин негизги, субстанциясынан айырмаланган туруксуз, өтмө, маӊызсыз, убактылуу, сырткы касиеттерин билдирүүчү филос. түшүнүк. Ал алгач Аристотелдин эмгектеринде, кийин неоплатончу Порфирийдин чыгармаларында кездешет. М., «ак» (сапат), «эки метрдей» (сан) деген түшүнүктөр өзүнчө болушу, өз беталдын ча жашашы эч мүмкүн эмес, анткени булар заттардын, нерселердин сырткы (шарттуу) касиеттерин билдирет. Бирок, нерселер да касиетсиз боло албайт. Акциденталдык касиет реалдуу жашап турганы менен анын болбой калышы да мүмкүн. Ошол себептүү мындай (утурумдук) касиеттер түпкү маӊызды билдире албагандыктан, нерселердин логикалык аныктамасы боло алышпайт. Кийинки кезде философтор «өзгөчөлүк» мүнөздөмөсү катары колдонушууда. Спиноза «модус» (жалпы субстанциянын жекече көрүнүп ‒ билиниши) түшүнүгүн колдонуу менен А-нын бир катар каршылыктарын (тактап айтканда, негизги эмес, бирок туруктуу, номиналдуу, куру аталуу же реалдуу жаратылышы бар түшүнүктөр ортосундагы каршылыктар) чечкен.

'''АКЦИДЕНЦИЯ''' (лат. accidentia ‒ кокус, кокустук) ‒ нерсенин негизги, субстанциясынан айырмаланган туруксуз, өтмө, маӊызсыз, убактылуу, сырткы касиеттерин билдирүүчү философиялык  түшүнүк. Ал алгач Аристотелдин эмгектеринде, кийин неоплатончу Порфирийдин чыгармаларында кездешет. Мисалы, «ак» (сапат), «эки метрдей» (сан) деген түшүнүктөр өзүнчө болушу, өз бет алдынча жашашы эч мүмкүн эмес, анткени булар заттардын, нерселердин сырткы (шарттуу) касиеттерин билдирет. Бирок, нерселер да касиетсиз боло албайт. Акциденталдык касиет реалдуу жашап турганы менен анын болбой калышы да мүмкүн. Ошол себептүү мындай (утурумдук) касиеттер түпкү маӊызды билдире албагандыктан, нерселердин логикалык аныктамасы боло алышпайт. Кийинки кезде философтор «өзгөчөлүк» мүнөздөмөсү катары колдонушууда. Спиноза «модус» (жалпы субстанциянын жекече көрүнүп ‒ билиниши) түшүнүгүн колдонуу менен акциденциянын бир катар каршылыктарын (тактап айтканда, негизги эмес, бирок туруктуу, номиналдуу, куру аталуу же реалдуу жаратылышы бар түшүнүктөр ортосундагы каршылыктар) чечкен.

[[Категория:1-Том]]

09:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АКЦИДЕНЦИЯ (лат. accidentia ‒ кокус, кокустук) ‒ нерсенин негизги, субстанциясынан айырмаланган туруксуз, өтмө, маӊызсыз, убактылуу, сырткы касиеттерин билдирүүчү философиялык түшүнүк. Ал алгач Аристотелдин эмгектеринде, кийин неоплатончу Порфирийдин чыгармаларында кездешет. Мисалы, «ак» (сапат), «эки метрдей» (сан) деген түшүнүктөр өзүнчө болушу, өз бет алдынча жашашы эч мүмкүн эмес, анткени булар заттардын, нерселердин сырткы (шарттуу) касиеттерин билдирет. Бирок, нерселер да касиетсиз боло албайт. Акциденталдык касиет реалдуу жашап турганы менен анын болбой калышы да мүмкүн. Ошол себептүү мындай (утурумдук) касиеттер түпкү маӊызды билдире албагандыктан, нерселердин логикалык аныктамасы боло алышпайт. Кийинки кезде философтор «өзгөчөлүк» мүнөздөмөсү катары колдонушууда. Спиноза «модус» (жалпы субстанциянын жекече көрүнүп ‒ билиниши) түшүнүгүн колдонуу менен акциденциянын бир катар каршылыктарын (тактап айтканда, негизги эмес, бирок туруктуу, номиналдуу, куру аталуу же реалдуу жаратылышы бар түшүнүктөр ортосундагы каршылыктар) чечкен.