Difference between revisions of "АКИНО"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКИНО''' Корасон (25. 1. 1933, Паники, Тарлак провинциясы, Филиппин – 1. 8. 2009, ошол эле жерде) – Филиппиндин президенти (1986–92); өлкөнүн тарыхында аялдардан чыккан | '''АКИНО''' Корасон (25. 1. 1933, Паники, Тарлак провинциясы, Филиппин – 1. 8. 2009, ошол эле жерде) – Филиппиндин президенти (1986–92); өлкөнүн тарыхында аялдардан чыккан биринчи президент. Аймактагы тектүү Кохуангконун тукумдарынан. Филиппиндин мамлекеттик <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> саясий ишмери, сенатор Акино Бенингонун (1932–83) жубайы. 1986‑ж. февраль айында Манил шаарындагы Ф. Маркостун диктатурасына каршы чыгып, анын кулашына алып келген массалык акциялардын натыйжасында бийликке келген. 1987‑жылы демократиялык конституция (азыркы күндө да күчүндө) кабыл алынган. Башкаруунун алгачкы жылдары Акино «диктатуранын курмандыгы, демократиянын сактоочусу» катары белгилүү болгон. Экономиканы модернизациялоо, жакырчылыкка <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> коррупцияга каршы күрөшкө багытталган иш‑чараларды жүргүзгөн. Башкаруу элитасынын <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> оппозициянын ич ара карама‑каршылыктарынын күчөшүнөн улам анын жүргүзгөн саясаты натыйжалуу болгон эмес. Буга карабастан Акино мөөнөтү аяктаганча мамлекетти башкарып, бийликти демократиялык жол <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> жаңы президентке өткөрүп берген. | ||
[[Категория:1-Том]] |
09:00, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АКИНО Корасон (25. 1. 1933, Паники, Тарлак провинциясы, Филиппин – 1. 8. 2009, ошол эле жерде) – Филиппиндин президенти (1986–92); өлкөнүн тарыхында аялдардан чыккан биринчи президент. Аймактагы тектүү Кохуангконун тукумдарынан. Филиппиндин мамлекеттик жана саясий ишмери, сенатор Акино Бенингонун (1932–83) жубайы. 1986‑ж. февраль айында Манил шаарындагы Ф. Маркостун диктатурасына каршы чыгып, анын кулашына алып келген массалык акциялардын натыйжасында бийликке келген. 1987‑жылы демократиялык конституция (азыркы күндө да күчүндө) кабыл алынган. Башкаруунун алгачкы жылдары Акино «диктатуранын курмандыгы, демократиянын сактоочусу» катары белгилүү болгон. Экономиканы модернизациялоо, жакырчылыкка жана коррупцияга каршы күрөшкө багытталган иш‑чараларды жүргүзгөн. Башкаруу элитасынын жана оппозициянын ич ара карама‑каршылыктарынын күчөшүнөн улам анын жүргүзгөн саясаты натыйжалуу болгон эмес. Буга карабастан Акино мөөнөтү аяктаганча мамлекетти башкарып, бийликти демократиялык жол менен жаңы президентке өткөрүп берген.