Difference between revisions of "АДАБИЯТ ТААНУУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АДАБИЯТ ТААНУУ''' ‒ көркөм адабияттын маӊызын, анын өзгөчөлүгүн, пайда болушун, коомдук милдетин жана тарыхый-адабий процесстин мыйзам-ченемдерин изилдөөчү илим. Үч бөлүктөн турат: ''адабият теориясы'', б. а. рухий жана көркөм ишмердиктин бөтөнчө формасы болгон адабияттын өзгөчөлүгүн, көркөм тексттин структурасын, адабий процесс менен чыгармачылык методдун факторлорун изилдейт; ''адабият тарыхы ''дүйнөлүк адабияттын, улуттук адабияттардын өнүгүп-өсүү процессин (анын ичинде метод, стиль, доор, багыттардын алмашуусун), айрым жазуучулардын чыгармачылыгын иликтейт; ''адабий сын'' көбүнчө учурдагы чыгармаларды талдайт жана баа берет, ошондой эле адабияттын коомдук турмуштагы эстетикалык маанисин жана ролун аныктайт. Азыркы адабият таануу. эстетика, философия, тил илими, тарых, социология, психология менен ажырагыс тыгыз байланышта. Адабият таануунун башатында антикалык доордун философтору жана акындары, Чыгышта ‒ байыркы жана орто кылымдагы кытай, инди жана араб ойчулдары турушат. Адабият таануу өз алдынча илим катары 19-кылымда калыптанып, ар түрдүү илимий методдор пайда болгон. Өзүнүн тарыхый өнүгүшүндө элдин рухий жаӊылануусун кенен жана тереӊ чагылдыруу менен көп кырдуу, көп боёктуу турмушту таанып-билүүнүн эӊ таасирдүү формасына айланган. Кыргыз адабияты дүйнөлүк көркөм турмуштун, акыл-ойдун катарына ишенимдүү кошулган дегенге толук негиз бар. Кыргыз адабият таануу илими элдин адабий, эстетикалык жактан өсүп-өнүгүшүнүн мыйзам ченемдери, улуттук адабияттын калыптануу процессинин өзгөчөлүктөрү, фольклордук салттар менен реалисттик тажрыйбанын кандайча айкалышып жаткандыгы, кыргыздын көркөм чыгармачылыгында жашап келген түрлөрдөгү жана жанрлардагы жаӊы сапаттык өзгөрүүлөр, мурда болбогон түрлөр менен жанрлардын өсүп-өнүгүшүн шарттаган коомдук-эстетикалык факторлор, социалдык шарттардын, искусствонун милдеттеринин өзгөрүшү менен бирге адабияттын тематикасындагы адабий өзгөрүүлөр, анын турмушун көркөм түрдө көрсөтүү жолдорунун, каражаттарынын байышы ж. у. с. маселелерди кароого жана чечүүгө аракет кылып келе жатат. Кыргыз элинин көркөм сөз чыгармачылыгын, айрыкча фольклорун изилдөөдө М. О. Ауэзов, В. В. Жирмунский, М. И. Богданова ж. б. окумуштуулар эмгектенишкен. Кыргыз адабиятчыларынын бир тобу (К. Асаналиев, А. Садыков, К. Артыкбаев, С. Жигитов, А. Акматалиев ж. б.) илимдин бул тармагында активдүү иштешти.
'''АДАБИЯТ ТААНУУ''' ‒ көркөм адабияттын маӊызын, анын өзгөчөлүгүн, пайда болушун, коомдук милдетин жана тарыхый-адабий процесстин мыйзам-ченемдерин изилдөөчү илим. Үч бөлүктөн турат: ''адабият теориясы'', башкача айтканда рухий жана көркөм ишмердиктин бөтөнчө формасы болгон адабияттын өзгөчөлүгүн, көркөм тексттин түзүмүн, адабий процесс менен чыгармачылык методдун факторлорун изилдейт; ''адабият тарыхы ''дүйнөлүк адабияттын, улуттук адабияттардын өнүгүп-өсүү процессин (анын ичинде метод, стиль, доор, багыттардын алмашуусун), айрым жазуучулардын чыгармачылыгын иликтейт; ''адабий сын'' көбүнчө учурдагы чыгармаларды талдайт жана баа берет, ошондой эле адабияттын коомдук турмуштагы эстетикалык маанисин жана ролун аныктайт. Азыркы адабият таануу эстетика, философия, тил илими, тарых, социология, психология менен ажырагыс тыгыз байланышта. Адабият таануунун башатында антикалык доордун философтору жана акындары, Чыгышта ‒ байыркы жана орто кылымдагы кытай, инди жана араб ойчулдары турушат. Адабият таануу өз алдынча илим катары 19-кылымда калыптанып, ар түрдүү илимий методдор пайда болгон. Өзүнүн тарыхый өнүгүшүндө элдин рухий жаӊылануусун кенен жана тереӊ чагылдыруу менен көп кырдуу, көп боёктуу турмушту таанып-билүүнүн эӊ таасирдүү формасына айланган. Кыргыз адабияты дүйнөлүк көркөм турмуштун, акыл-ойдун катарына ишенимдүү кошулган дегенге толук негиз бар. Кыргыз адабият таануу илими элдин адабий, эстетикалык жактан өсүп-өнүгүшүнүн мыйзам ченемдери, улуттук адабияттын калыптануу процессинин өзгөчөлүктөрү, фольклордук салттар менен реалисттик тажрыйбанын кандайча айкалышып жаткандыгы, кыргыздын көркөм чыгармачылыгында жашап келген түрлөрдөгү жана жанрлардагы жаӊы сапаттык өзгөрүүлөр, мурда болбогон түрлөр менен жанрлардын өсүп-өнүгүшүн шарттаган коомдук-эстетикалык факторлор, социалдык шарттардын, искусствонун милдеттеринин өзгөрүшү менен бирге адабияттын тематикасындагы адабий өзгөрүүлөр, анын турмушун көркөм түрдө көрсөтүү жолдорунун, каражаттарынын байышы жана ушул сыяктуу маселелерди кароого жана чечүүгө аракет кылып келе жатат. Кыргыз элинин көркөм сөз чыгармачылыгын, айрыкча фольклорун изилдөөдө М. О. Ауэзов, В. В. Жирмунский, М. И. Богданова жана башка окумуштуулар эмгектенишкен. Кыргыз адабиятчыларынын бир тобу (К.Асаналиев, А. Садыков, К. Артыкбаев, С. Жигитов, А. Акматалиев жана башкалар) илимдин бул тармагында активдүү иштешкен.

Ад.: ''Тимофеев'' Л. Основы теории литературы, 4 изд., М., 1971; ''Садыков'' А. Адабият теориясы. Б., 2002.
Ад.: ''Тимофеев'' Л. Основы теории литературы, 4 изд., М., 1971; ''Садыков'' А. Адабият теориясы. Б., 2002.
[[Категория:1-Том]]

08:23, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АДАБИЯТ ТААНУУ ‒ көркөм адабияттын маӊызын, анын өзгөчөлүгүн, пайда болушун, коомдук милдетин жана тарыхый-адабий процесстин мыйзам-ченемдерин изилдөөчү илим. Үч бөлүктөн турат: адабият теориясы, башкача айтканда рухий жана көркөм ишмердиктин бөтөнчө формасы болгон адабияттын өзгөчөлүгүн, көркөм тексттин түзүмүн, адабий процесс менен чыгармачылык методдун факторлорун изилдейт; адабият тарыхы дүйнөлүк адабияттын, улуттук адабияттардын өнүгүп-өсүү процессин (анын ичинде метод, стиль, доор, багыттардын алмашуусун), айрым жазуучулардын чыгармачылыгын иликтейт; адабий сын көбүнчө учурдагы чыгармаларды талдайт жана баа берет, ошондой эле адабияттын коомдук турмуштагы эстетикалык маанисин жана ролун аныктайт. Азыркы адабият таануу эстетика, философия, тил илими, тарых, социология, психология менен ажырагыс тыгыз байланышта. Адабият таануунун башатында антикалык доордун философтору жана акындары, Чыгышта ‒ байыркы жана орто кылымдагы кытай, инди жана араб ойчулдары турушат. Адабият таануу өз алдынча илим катары 19-кылымда калыптанып, ар түрдүү илимий методдор пайда болгон. Өзүнүн тарыхый өнүгүшүндө элдин рухий жаӊылануусун кенен жана тереӊ чагылдыруу менен көп кырдуу, көп боёктуу турмушту таанып-билүүнүн эӊ таасирдүү формасына айланган. Кыргыз адабияты дүйнөлүк көркөм турмуштун, акыл-ойдун катарына ишенимдүү кошулган дегенге толук негиз бар. Кыргыз адабият таануу илими элдин адабий, эстетикалык жактан өсүп-өнүгүшүнүн мыйзам ченемдери, улуттук адабияттын калыптануу процессинин өзгөчөлүктөрү, фольклордук салттар менен реалисттик тажрыйбанын кандайча айкалышып жаткандыгы, кыргыздын көркөм чыгармачылыгында жашап келген түрлөрдөгү жана жанрлардагы жаӊы сапаттык өзгөрүүлөр, мурда болбогон түрлөр менен жанрлардын өсүп-өнүгүшүн шарттаган коомдук-эстетикалык факторлор, социалдык шарттардын, искусствонун милдеттеринин өзгөрүшү менен бирге адабияттын тематикасындагы адабий өзгөрүүлөр, анын турмушун көркөм түрдө көрсөтүү жолдорунун, каражаттарынын байышы жана ушул сыяктуу маселелерди кароого жана чечүүгө аракет кылып келе жатат. Кыргыз элинин көркөм сөз чыгармачылыгын, айрыкча фольклорун изилдөөдө М. О. Ауэзов, В. В. Жирмунский, М. И. Богданова жана башка окумуштуулар эмгектенишкен. Кыргыз адабиятчыларынын бир тобу (К.Асаналиев, А. Садыков, К. Артыкбаев, С. Жигитов, А. Акматалиев жана башкалар) илимдин бул тармагында активдүү иштешкен.

Ад.: Тимофеев Л. Основы теории литературы, 4 изд., М., 1971; Садыков А. Адабият теориясы. Б., 2002.