Difference between revisions of "АНАБОЛИЗМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АНАБОЛИЗМ''' (гр. anabole – түзүү, пайда кылуу) – клетка жана ткань структурасын түзүүчү жана жаңылоочу орг. бирикмелердин (белоктордун, углеводдордун, липиддердин, нуклеин к-таларынын ж. б.) синтезделиши. Бул заттардын  бардыгы татаал заттар. Алар жөнөкөй заттардан жана мономерлерден синтезделет (''ассимиляция).'' Синтездик реакциялардын жүрүшү үчүн  ''катаболизм'' процессинде (диссимиляцияда, биол. кычкылданууда) заттар ажыраганда АТФ түрүндө бошонуп чыккан энергия пайдаланылат. А. жаныбарларда – жаш кезинде, өсүмдүктөрдө вегетация мезгилинде күчтүү жүрөт. Мис., фотосинтез, белок, нуклеин к-тасы, май синтези маанилүү А. болуп эсептелет. Организмдин запас заттары жана тышкы чөйрөдөн алынган азык заттар зат алмашууга катышат. Ал заттардын бир бөлүгүнөн клетканын структуралык элементтерин түзүүчү кошулмалар синтезделет (А-дик зат алмашуу). Экинчи бөлүгү ажырап, кычкылданып, АТФ түрүндөгү энергия бошонуп чыгат (катаболизмдик зат алмашуу). Ал энергия организмдин тиричилик процесстерине жумшалат.
'''АНАБОЛИЗМ''' (гр. anabole – түзүү, пайда кылуу) – клетка жана ткань структурасын түзүүчү жана жаңылоочу органикалык бирикмелердин (белоктордун, углеводдордун, липиддердин, нуклеин кислоталарынын ж. б.) синтезделиши. Бул заттардын  бардыгы татаал заттар. Алар жөнөкөй заттардан жана мономерлерден синтезделет (''ассимиляция).'' Синтездик реакциялардын жүрүшү үчүн  ''катаболизм'' процессинде (диссимиляцияда, биологиялык кычкылданууда) заттар ажыраганда АТФ түрүндө бошонуп чыккан энергия пайдаланылат. Анаболизм жаныбарларда – жаш кезинде, өсүмдүктөрдө вегетация мезгилинде күчтүү жүрөт. Мисалы, фотосинтез, белок, нуклеин кислотасы, май синтези маанилүү анаболизм болуп эсептелет. Организмдин запас заттары жана тышкы чөйрөдөн алынган азык заттар зат алмашууга катышат. Ал заттардын бир бөлүгүнөн клетканын структуралык элементтерин түзүүчү кошулмалар синтезделет (Анаболизмдик зат алмашуу). Экинчи бөлүгү ажырап, кычкылданып, АТФ түрүндөгү энергия бошонуп чыгат (катаболизмдик зат алмашуу). Ал энергия организмдин тиричилик процесстерине жумшалат.
[[Категория:1-Том]]

09:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АНАБОЛИЗМ (гр. anabole – түзүү, пайда кылуу) – клетка жана ткань структурасын түзүүчү жана жаңылоочу органикалык бирикмелердин (белоктордун, углеводдордун, липиддердин, нуклеин кислоталарынын ж. б.) синтезделиши. Бул заттардын бардыгы татаал заттар. Алар жөнөкөй заттардан жана мономерлерден синтезделет (ассимиляция). Синтездик реакциялардын жүрүшү үчүн катаболизм процессинде (диссимиляцияда, биологиялык кычкылданууда) заттар ажыраганда АТФ түрүндө бошонуп чыккан энергия пайдаланылат. Анаболизм жаныбарларда – жаш кезинде, өсүмдүктөрдө вегетация мезгилинде күчтүү жүрөт. Мисалы, фотосинтез, белок, нуклеин кислотасы, май синтези маанилүү анаболизм болуп эсептелет. Организмдин запас заттары жана тышкы чөйрөдөн алынган азык заттар зат алмашууга катышат. Ал заттардын бир бөлүгүнөн клетканын структуралык элементтерин түзүүчү кошулмалар синтезделет (Анаболизмдик зат алмашуу). Экинчи бөлүгү ажырап, кычкылданып, АТФ түрүндөгү энергия бошонуп чыгат (катаболизмдик зат алмашуу). Ал энергия организмдин тиричилик процесстерине жумшалат.