Difference between revisions of "АТМОСФЕРА ФРОНТУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АТМОСФЕРА ФРОНТУ,''' т р о п о с ф е р а  ф р о н т у ‒ атм-дагы (тропосферадагы) физ. касиеттери ар түрдүү болгон аба массаларын бөлүп турган өтмө зона. Алардын туурасы 20‒60 ''км'', уз. 4‒5 миӊ ''км''ге жетет. Мында муздак агымдын жылуу агымга кошулган жеринде аба ырайы (темп-расы, шамал жана анын багыты, абанын нымдуулугу) өзгөрө баштайт да, ал жерде аба массаларынын кыймылы жүрөт. Тыгызыраак келген муздак аба жер бетине жантыгынан (шынаа сыяктуу) жайгашып, жылуу аба анын үстүндө жатат. А. ф. дайыма муздак аба жагына кыйшайган абалда болот. Анын бурчу өтө кичине, орто эсеп менен 1:100гө барабар. А. ф-да басымдан башка метеорол. элементтер горизонталь б-ча чукул өзгөрүлөт. А. ф-нун суткалык ылдамдыгы 1000‒1500 ''км''ге чейин жетиши мүмкүн. А. ф. жылган багытына жараша муздак (катафронт) жана жылуу (анафронт) болуп бөлүнөт. Мындай фронттордун кошулушунан пайда болгон татаал фронт ‒ окклюзия, ал эми негизги геогр. типтеги аба массаларынан бөлүп турган фронттор башкы фронттор деп аталат. Аларга арктика, уюл, тропик фронттору кирет. Атм-дагы калыӊ кара булуттар, жаан-чачын, катуу шамал, чагылгандуу жаан ж. б. кубулуштар көбүнчө А. ф-на байланыштуу. Ад.: ''Пальмен Э., Ньютон Ч''. Циркуляционные системы атмосферы. Л., 1973; Океан ‒ атмосфера. Энциклопедия. Л., 1983.

'''АТМОСФЕРА ФРОНТУ,''' т р о п о с ф е р а  ф р о н т у ‒ атмосферадагы (тропосферадагы) физикалык касиеттери ар түрдүү болгон аба массаларын бөлүп турган өтмө зона. Алардын туурасы 20‒60 ''км'', узундугу 4‒5 миӊ ''км''ге жетет. Мында муздак агымдын жылуу агымга кошулган жеринде аба ырайы (температурасы, шамал жана анын багыты, абанын нымдуулугу) өзгөрө баштайт да, ал жерде аба массаларынын кыймылы жүрөт. Тыгызыраак келген муздак аба жер бетине жантыгынан (шынаа сыяктуу) жайгашып, жылуу аба анын үстүндө жатат. Атмосфера фронту дайыма муздак аба жагына кыйшайган абалда болот. Анын бурчу өтө кичине, орто эсеп менен 1:100гө барабар. Атмосфера фронтунда басымдан башка метеорологиялык элементтер горизонталь боюнча чукул өзгөрүлөт. Атмосфера фронтунун суткалык ылдамдыгы 1000‒1500 ''км''ге чейин жетиши мүмкүн. Атмосфера фронту жылган багытына жараша муздак (катафронт) жана жылуу (анафронт) болуп бөлүнөт. Мындай фронттордун кошулушунан пайда болгон татаал фронт ‒ окклюзия, ал эми негизги географиялык типтеги аба массаларынан бөлүп турган фронттор башкы фронттор деп аталат. Аларга арктика, уюл, тропик фронттору кирет. Атмосферадагы калыӊ кара булуттар, жаан-чачын, катуу шамал, чагылгандуу жаан ж. б. кубулуштар көбүнчө Атмосфера фронтуна байланыштуу.

Ад.: ''Пальмен Э., Ньютон Ч''. Циркуляционные системы атмосферы. Л., 1973; Океан ‒ атмосфера. Энциклопедия. Л., 1983.
[[Категория:1-Том]]

10:48, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АТМОСФЕРА ФРОНТУ, т р о п о с ф е р а ф р о н т у ‒ атмосферадагы (тропосферадагы) физикалык касиеттери ар түрдүү болгон аба массаларын бөлүп турган өтмө зона. Алардын туурасы 20‒60 км, узундугу 4‒5 миӊ кмге жетет. Мында муздак агымдын жылуу агымга кошулган жеринде аба ырайы (температурасы, шамал жана анын багыты, абанын нымдуулугу) өзгөрө баштайт да, ал жерде аба массаларынын кыймылы жүрөт. Тыгызыраак келген муздак аба жер бетине жантыгынан (шынаа сыяктуу) жайгашып, жылуу аба анын үстүндө жатат. Атмосфера фронту дайыма муздак аба жагына кыйшайган абалда болот. Анын бурчу өтө кичине, орто эсеп менен 1:100гө барабар. Атмосфера фронтунда басымдан башка метеорологиялык элементтер горизонталь боюнча чукул өзгөрүлөт. Атмосфера фронтунун суткалык ылдамдыгы 1000‒1500 кмге чейин жетиши мүмкүн. Атмосфера фронту жылган багытына жараша муздак (катафронт) жана жылуу (анафронт) болуп бөлүнөт. Мындай фронттордун кошулушунан пайда болгон татаал фронт ‒ окклюзия, ал эми негизги географиялык типтеги аба массаларынан бөлүп турган фронттор башкы фронттор деп аталат. Аларга арктика, уюл, тропик фронттору кирет. Атмосферадагы калыӊ кара булуттар, жаан-чачын, катуу шамал, чагылгандуу жаан ж. б. кубулуштар көбүнчө Атмосфера фронтуна байланыштуу.

Ад.: Пальмен Э., Ньютон Ч. Циркуляционные системы атмосферы. Л., 1973; Океан ‒ атмосфера. Энциклопедия. Л., 1983.