Difference between revisions of "АТА-ЭНЕЛИК УКУКТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АТА-ЭНЕЛИК УКУКТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР'''‒ ата-энелердин балдарын эресеге жеткиче тарбиялап, чоӊойтуудагы укуктары жана милдеттери. Алар КРдин Конституциясында жана үй-бүлө кодексинде көрсөтүлгөн. Ата-энелик укуктар баланын төрөлүшүн жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында күбөлөндүрүлгөн документтерге негизделет. Ата-эне өз ара никеде тургандыгына же ажырашкандыгына карабастан, балдарына карата бирдей укукка ээ болуп, бирдей милдетти аткарат. Алар тарбиялоого байланышкан маселелерди өз ара макулдашып чечет, ата-эненин ортосунда чыккан талаштар өздөрүнүн катышуусу менен атайын органдарда чечилет. Ата-эне ажырашканда бала алардын кимисинде калышын өздөрүнчө чече албаса, бул маселени баланын мүдөөсүн көздөө менен сот чечет. Бөлөк жашаган ата же эне баланы тарбиялоого катышууга милдеттүү, о. эле бала менен жолугуп турууга укуктуу. Ата-эне балдарын мектепке берүүгө милдеттүү. Мыйзамда ата-эненин укуктарын коргоо жагы да каралган: эресеге жете элек балдарды мыйзамга же соттун чечимине карабастан, бербей кармап турган адамдан аны берүүнү талап кылууга укуктуу. Ата-эне эресеге жете элек, о. эле эресеге жеткен, бирок эмгекке жараксыз балдары үчүн кам көрүүгө милдеттүү ''(к. Алимент).'' Балдарын тарбиялоо б-ча өз милдеттерин аткарбай койгон ата-энеге (же алардын бирине) ата-энелик укуктардан ажыратуу чарасы колдонулушу мүмкүн, бирок бул аларды балдар үчүн кам көрүү милдетинен бошотпойт. Ата-эне ата-энелик укуктарын калыбына келтирүүнү талап кылууга акылуу, бул маселе баланын кызыкчылыгын көздөө менен сот тартибинде чечилет ''. С. Муратбек кызы''.

'''АТА-ЭНЕЛИК УКУКТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР'''‒ ата-энелердин балдарын эресеге жеткиче тарбиялап, чоӊойтуудагы укуктары жана милдеттери. Алар КРдин Конституциясында жана үй-бүлө кодексинде көрсөтүлгөн. Ата-энелик укуктар баланын төрөлүшүн жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында күбөлөндүрүлгөн документтерге негизделет. Ата-эне өз ара никеде тургандыгына же ажырашкандыгына карабастан, балдарына карата бирдей укукка ээ болуп, бирдей милдетти аткарат. Алар тарбиялоого байланышкан маселелерди өз ара макулдашып чечет, ата-эненин ортосунда чыккан талаштар өздөрүнүн катышуусу менен атайын органдарда чечилет. Ата-эне ажырашканда бала алардын кимисинде калышын өздөрүнчө чече албаса, бул маселени баланын мүдөөсүн көздөө менен сот чечет. Бөлөк жашаган ата же эне баланы тарбиялоого катышууга милдеттүү, ошондой эле бала менен жолугуп турууга укуктуу. Ата-эне балдарын мектепке берүүгө милдеттүү. Мыйзамда ата-эненин укуктарын коргоо жагы да каралган: эресеге жете элек балдарды мыйзамга же соттун чечимине карабастан, бербей кармап турган адамдан аны берүүнү талап кылууга укуктуу. Ата-эне эресеге жете элек, ошондой эле эресеге жеткен, бирок эмгекке жараксыз балдары үчүн кам көрүүгө милдеттүү ''(к. Алимент).'' Балдарын тарбиялоо боюнча өз милдеттерин аткарбай койгон ата-энеге (же алардын бирине) ата-энелик укуктардан ажыратуу чарасы колдонулушу мүмкүн, бирок бул аларды балдар үчүн кам көрүү милдетинен бошотпойт. Ата-эне ата-энелик укуктарын калыбына келтирүүнү талап кылууга акылуу, бул маселе баланын кызыкчылыгын көздөө менен сот тартибинде чечилет ''.''

''С. Муратбек кызы''.

[[Категория:1-Том]]

10:40, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АТА-ЭНЕЛИК УКУКТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР‒ ата-энелердин балдарын эресеге жеткиче тарбиялап, чоӊойтуудагы укуктары жана милдеттери. Алар КРдин Конституциясында жана үй-бүлө кодексинде көрсөтүлгөн. Ата-энелик укуктар баланын төрөлүшүн жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында күбөлөндүрүлгөн документтерге негизделет. Ата-эне өз ара никеде тургандыгына же ажырашкандыгына карабастан, балдарына карата бирдей укукка ээ болуп, бирдей милдетти аткарат. Алар тарбиялоого байланышкан маселелерди өз ара макулдашып чечет, ата-эненин ортосунда чыккан талаштар өздөрүнүн катышуусу менен атайын органдарда чечилет. Ата-эне ажырашканда бала алардын кимисинде калышын өздөрүнчө чече албаса, бул маселени баланын мүдөөсүн көздөө менен сот чечет. Бөлөк жашаган ата же эне баланы тарбиялоого катышууга милдеттүү, ошондой эле бала менен жолугуп турууга укуктуу. Ата-эне балдарын мектепке берүүгө милдеттүү. Мыйзамда ата-эненин укуктарын коргоо жагы да каралган: эресеге жете элек балдарды мыйзамга же соттун чечимине карабастан, бербей кармап турган адамдан аны берүүнү талап кылууга укуктуу. Ата-эне эресеге жете элек, ошондой эле эресеге жеткен, бирок эмгекке жараксыз балдары үчүн кам көрүүгө милдеттүү (к. Алимент). Балдарын тарбиялоо боюнча өз милдеттерин аткарбай койгон ата-энеге (же алардын бирине) ата-энелик укуктардан ажыратуу чарасы колдонулушу мүмкүн, бирок бул аларды балдар үчүн кам көрүү милдетинен бошотпойт. Ата-эне ата-энелик укуктарын калыбына келтирүүнү талап кылууга акылуу, бул маселе баланын кызыкчылыгын көздөө менен сот тартибинде чечилет .

С. Муратбек кызы.