Difference between revisions of "ДАЛАДЬЕ"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен, ж-а → жана (3)) |
м (→top: категория кошуу) |

(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''ДАЛАДЬЕ | '''ДАЛАДЬЕ''' (18. 6. 1884, Карпантра – 10. 10. 1970, Париж) – француздук саясий жана мамлекеттик ишмер. Наабайчынын үй-бүлөсүндө туулган. Лион университетинен тарыхый билим алган. 1-дүйнөлүк согушка катышкан. 1919-жылдан республикалык радикалдар жана радикал-социалисттер партиясынан (РПРРС) бир нече жолу депутат болуп шайланган. 1924–40-жылдары өкмөттүн мүчөсү да болгон. 1938–1940-жылдары Министрлер кабинетинин төрагасы болгон. Ал Элдик фронтко да катышып, бирок, 1938-жылдагы Мюнхен келишимине кол койгон. 1939-жылы 3-сентябрда Даладье өкмөтү Германияга согуш жарыялаган, бирок «таң калыштуу согуш» 1940-жылы жайында Франциянын жеңилиши менен аяктаган. 1940-жылы «Виши» өкмөтү тарабынан куугунтукка алынып, 1942-жылы сот жообуна тартылган. Кийин Германияга сүргүнгө айдалган. 1946–58-жылдары Улуттук чогулушка мүчө. 1947–54-жылдары солчул республикачылар бирикмесин жетектеген. Индокытайдагы Франциянын колониялык согушуна (1945–54) жана Европалык коргоо коомчулугун түзүүгө каршы болгон. 1958-жылы Бешинчи республика түзүлгөндөн кийин, ал саясий иштерге катышуудан баш тарткан. | ||
[[Категория:Жаңы макалалар]] |
11:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
ДАЛАДЬЕ (18. 6. 1884, Карпантра – 10. 10. 1970, Париж) – француздук саясий жана мамлекеттик ишмер. Наабайчынын үй-бүлөсүндө туулган. Лион университетинен тарыхый билим алган. 1-дүйнөлүк согушка катышкан. 1919-жылдан республикалык радикалдар жана радикал-социалисттер партиясынан (РПРРС) бир нече жолу депутат болуп шайланган. 1924–40-жылдары өкмөттүн мүчөсү да болгон. 1938–1940-жылдары Министрлер кабинетинин төрагасы болгон. Ал Элдик фронтко да катышып, бирок, 1938-жылдагы Мюнхен келишимине кол койгон. 1939-жылы 3-сентябрда Даладье өкмөтү Германияга согуш жарыялаган, бирок «таң калыштуу согуш» 1940-жылы жайында Франциянын жеңилиши менен аяктаган. 1940-жылы «Виши» өкмөтү тарабынан куугунтукка алынып, 1942-жылы сот жообуна тартылган. Кийин Германияга сүргүнгө айдалган. 1946–58-жылдары Улуттук чогулушка мүчө. 1947–54-жылдары солчул республикачылар бирикмесин жетектеген. Индокытайдагы Франциянын колониялык согушуна (1945–54) жана Европалык коргоо коомчулугун түзүүгө каршы болгон. 1958-жылы Бешинчи республика түзүлгөндөн кийин, ал саясий иштерге катышуудан баш тарткан.