Difference between revisions of "БАБАШ-АТА КЫРКА ТООСУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → менен, ж-а → жана (6))
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''БАБАШ-АТА КЫРКА ТООСУ''' ‒ Фергана тоо тизмегинин түн.-батыш бөлүгү. Унтама, Алаш-Тоо, Ангырак-Тоо массивдеринен турат. Батышынан Нарын д., чыгышынан Кара-Үӊкүр суусунун алабы, түштүгүнөн Фергана өрөөнү менен чектешет. Орт. бийикт. 3480 ''м,'' эӊ бийик жери ‒ 4427 ''м, Бабаш-Ата чокусу''. Уз. 70 ''км''дей, туурасы 25 ''км.'' Түн.-чыгышы түш.-батышынан бийигирээк, зоокалуу чокулары мөӊгүлүү; түш.-батыш жагы жапызыраак. Каптал беттери аскалуу, шагыл таштуу жана урандылуу. Түзүлүшү б-ча горст-моноклиналь. Палеозойдун сланец жана акиташ тектеринен түзүлгөн. Кышы узак, суук, жайы салкын. Жылдык жаан-чачыны 500‒800 ''мм.'' Алаш-Тоодогу кайкыда саздар жана башаттар көп. Майлы-Сай, Кара-Үӊкүр ж. б. суулар Бабаш-Атадан башталат. Кырка тоонун түш., түш.-чыгыш капталдарына кургак талаа (800‒1000 ''м''), талаа жана шалбаалуу талаа (1000‒1700 ''м''), токой, бийик чөптүү шалбаа (1700‒2800 ''м''), субальп (2800‒3000 ''м''), альп шалбаасы (3000‒3500 ''м''), гляциалдык-нивалдык (3500 ''м''ден өйдө); түн.-батыш капталдарына талаа (1000‒1700 ''м''), шалбаалуу талаа жана шалбаа (1700‒3000 ''м),'' субальп жана альп шалбаа (3000‒3500 ''м),'' гляциалдык-нивалдык (3500 ''м''ден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Алма, алча өӊдүү жапайы дарактар, жаӊгак токою (Арстанбап, Кызыл-Үӊкүр өрөөндөрүндө) жыш. малга жайлуу.
'''БАБАШ-АТА КЫРКА ТООСУ''' ‒ Фергана тоо тизмегинин түндүк-батыш бөлүгү. Унтама, Алаш-Тоо, Ангырак-Тоо массивдеринен турат. Батышынан Нарын дарыясы, чыгышынан Кара-Үӊкүр суусунун алабы, түштүгүнөн Фергана өрөөнү менен чектешет. Орточо бийиктиги 3480 ''м,'' эӊ бийик жери ‒ 4427 ''м, Бабаш-Ата чокусу''. Узундугу 70 ''км''дей, туурасы 25 ''км.'' Түндүк-чыгышы түштүк-батышынан бийигирээк, зоокалуу чокулары мөӊгүлүү; түштүк-батыш жагы жапызыраак. Каптал беттери аскалуу, шагыл таштуу жана урандылуу. Түзүлүшү боюнча горст-моноклиналь. Палеозойдун сланец жана акиташ тектеринен түзүлгөн. Кышы узак, суук, жайы салкын. Жылдык жаан-чачыны 500‒800 ''мм.'' Алаш-Тоодогу кайкыда саздар жана башаттар көп. Майлы-Сай, Кара-Үӊкүр ж. б. суулар Бабаш-Атадан башталат. Кырка тоонун түштүк, түштүк-чыгыш капталдарына кургак талаа (800‒1000 ''м''), талаа жана шалбаалуу талаа (1000‒1700 ''м''), токой, бийик чөптүү шалбаа (1700‒2800 ''м''), субальп (2800‒3000 ''м''), альп шалбаасы (3000‒3500 ''м''), гляциалдык-нивалдык (3500 ''м''ден өйдө); түндүк-батыш капталдарына талаа (1000‒1700 ''м''), шалбаалуу талаа жана шалбаа (1700‒3000 ''м),'' субальп жана альп шалбаа (3000‒3500 ''м),'' гляциалдык-нивалдык (3500 ''м''ден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Алма, алча өӊдүү жапайы дарактар, жаӊгак токою (Арстанбап, Кызыл-Үӊкүр өрөөндөрүндө) жыш. Малга жайлуу.

''Ө. Бараталиев.''

''Ө. Бараталиев.''
[[Категория:1-Том]]

11:06, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

БАБАШ-АТА КЫРКА ТООСУ ‒ Фергана тоо тизмегинин түндүк-батыш бөлүгү. Унтама, Алаш-Тоо, Ангырак-Тоо массивдеринен турат. Батышынан Нарын дарыясы, чыгышынан Кара-Үӊкүр суусунун алабы, түштүгүнөн Фергана өрөөнү менен чектешет. Орточо бийиктиги 3480 м, эӊ бийик жери ‒ 4427 м, Бабаш-Ата чокусу. Узундугу 70 кмдей, туурасы 25 км. Түндүк-чыгышы түштүк-батышынан бийигирээк, зоокалуу чокулары мөӊгүлүү; түштүк-батыш жагы жапызыраак. Каптал беттери аскалуу, шагыл таштуу жана урандылуу. Түзүлүшү боюнча горст-моноклиналь. Палеозойдун сланец жана акиташ тектеринен түзүлгөн. Кышы узак, суук, жайы салкын. Жылдык жаан-чачыны 500‒800 мм. Алаш-Тоодогу кайкыда саздар жана башаттар көп. Майлы-Сай, Кара-Үӊкүр ж. б. суулар Бабаш-Атадан башталат. Кырка тоонун түштүк, түштүк-чыгыш капталдарына кургак талаа (800‒1000 м), талаа жана шалбаалуу талаа (1000‒1700 м), токой, бийик чөптүү шалбаа (1700‒2800 м), субальп (2800‒3000 м), альп шалбаасы (3000‒3500 м), гляциалдык-нивалдык (3500 мден өйдө); түндүк-батыш капталдарына талаа (1000‒1700 м), шалбаалуу талаа жана шалбаа (1700‒3000 м), субальп жана альп шалбаа (3000‒3500 м), гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Алма, алча өӊдүү жапайы дарактар, жаӊгак токою (Арстанбап, Кызыл-Үӊкүр өрөөндөрүндө) жыш. Малга жайлуу.

Ө. Бараталиев.