Difference between revisions of "АТТИЛА"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен (2), ж-а → жана (3)) |
м (→top: категория кошуу) |

(2 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
( | '''АТТИЛА--'''(туулган жылы белгисиз ‒ 453-жылы өлгөн) ‒ Азиядан Европага чейинки аймакты басып алган хунн уруулар союзунун кол башчысы, Мундцуктун уулу. Аны европалыктар «Кудайдын каары, ааламдын токмогу» деп аташкан. | ||
[[File:АТТИЛА38.png | thumb|Папа Лев Iнин Аттиланы тосуп чыгышы. Рафаэль Санти, 1513-ж. Рим.]] | [[File:АТТИЛА38.png | thumb|Папа Лев Iнин Аттиланы тосуп чыгышы. Рафаэль Санти, 1513-ж. Рим.]]433-жылы Ругилас өлгөндөн кийин бир тууганы Бледа менен бирдикте хунндарды башкарат. 445-жылы Бледаны өлтүрүп, жеке өзү кол башчы болуп калат. Сармат жана герман урууларын баш ийдирип, өз өлкөсүнүн аймагын зор өлчөмгө кеӊейтет. Аттила остготтордун, гепиддердин, тюрингдердин, герулдардын, ругилердин жана хазарлардын күчтүү союзун түзөт. Аттила алгач Чыгыш Рим империясына өзгөчө коркунуч туудуруп, император Феодосий IIни зор өлчөмдөгү салык төлөөгө мажбурлаган жана төмөнкү Дунайдын оӊ жак жээгин бүт бойдон өзүнө баш ийдирип алган. Мидияны, Фракияны ээлеп, Константинополдун чет жакаларына чейин чабуул коюп турган. 450-жылы Батыш Рим императору Валентиан III карындашы Гонорияны бербей койгондугуна ызаланып, 500 миӊ жоокери менен Рейн дарыясына чейинки аймакты ээлейт. Трир, Мец, Аррес, Орлеан шаарларын курчоого алып, жоокерлерин Каталаун түздүгүнө Труа шаарына жакын жерге жайгаштырат. Ушул жерде 451-жылы күзүндө эбегейсиз зор кагылышуу болот. Хунндардын 2 жолку чабуулунун мизи кайтарылат. Аттила жоокерлерин Вагенбург чыӊдоосуна жайгаштырат. Бул салгылашууда 200 миӊден ашык жоокер курман болот. Кийинки жылы Аттила жаӊы согушка аттанат. Чыгыш Альп аркылуу Италияга өтүп, Аквилеяны, Альтинумду, Пазуяны, Миланды өз карамагына кошот. Бүткүл Италияга коркунуч туулат. Бирок Аттила күтүлбөгөн жерден жеӊиштүү жүрүшүн токтотуп, сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирет. Аттила Паннонияга кайтып келип, 453-жылы бургундиялык Ильдико менен никелешкен түнү каза болот. Аттиланын катуу соккудан же өз эли үчүн өч алгысы келген Ильдиконун колунан ажал тапкандыгы жөнүндө божомолдор бар. Аттила өлгөндөн кийин хунн падышачылыгы тараган, анын образы кийин легендага айланып кеткен. | ||
Ад.: ''Бернштам А. Н.,'' Очерк истории гуннов Л., 1951; ''Гумилёв Л. Н.,'' Хунны М., 1960; М''урад Аджи,'' Полынь Половецкого поля, М.,1994.
| Ад.: ''Бернштам А. Н.,'' Очерк истории гуннов Л., 1951; ''Гумилёв Л. Н.,'' Хунны М., 1960; М''урад Аджи,'' Полынь Половецкого поля, М.,1994.

[[Категория:1-Том]] |
10:50, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АТТИЛА--(туулган жылы белгисиз ‒ 453-жылы өлгөн) ‒ Азиядан Европага чейинки аймакты басып алган хунн уруулар союзунун кол башчысы, Мундцуктун уулу. Аны европалыктар «Кудайдын каары, ааламдын токмогу» деп аташкан.
433-жылы Ругилас өлгөндөн кийин бир тууганы Бледа менен бирдикте хунндарды башкарат. 445-жылы Бледаны өлтүрүп, жеке өзү кол башчы болуп калат. Сармат жана герман урууларын баш ийдирип, өз өлкөсүнүн аймагын зор өлчөмгө кеӊейтет. Аттила остготтордун, гепиддердин, тюрингдердин, герулдардын, ругилердин жана хазарлардын күчтүү союзун түзөт. Аттила алгач Чыгыш Рим империясына өзгөчө коркунуч туудуруп, император Феодосий IIни зор өлчөмдөгү салык төлөөгө мажбурлаган жана төмөнкү Дунайдын оӊ жак жээгин бүт бойдон өзүнө баш ийдирип алган. Мидияны, Фракияны ээлеп, Константинополдун чет жакаларына чейин чабуул коюп турган. 450-жылы Батыш Рим императору Валентиан III карындашы Гонорияны бербей койгондугуна ызаланып, 500 миӊ жоокери менен Рейн дарыясына чейинки аймакты ээлейт. Трир, Мец, Аррес, Орлеан шаарларын курчоого алып, жоокерлерин Каталаун түздүгүнө Труа шаарына жакын жерге жайгаштырат. Ушул жерде 451-жылы күзүндө эбегейсиз зор кагылышуу болот. Хунндардын 2 жолку чабуулунун мизи кайтарылат. Аттила жоокерлерин Вагенбург чыӊдоосуна жайгаштырат. Бул салгылашууда 200 миӊден ашык жоокер курман болот. Кийинки жылы Аттила жаӊы согушка аттанат. Чыгыш Альп аркылуу Италияга өтүп, Аквилеяны, Альтинумду, Пазуяны, Миланды өз карамагына кошот. Бүткүл Италияга коркунуч туулат. Бирок Аттила күтүлбөгөн жерден жеӊиштүү жүрүшүн токтотуп, сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирет. Аттила Паннонияга кайтып келип, 453-жылы бургундиялык Ильдико менен никелешкен түнү каза болот. Аттиланын катуу соккудан же өз эли үчүн өч алгысы келген Ильдиконун колунан ажал тапкандыгы жөнүндө божомолдор бар. Аттила өлгөндөн кийин хунн падышачылыгы тараган, анын образы кийин легендага айланып кеткен.
Ад.: Бернштам А. Н., Очерк истории гуннов Л., 1951; Гумилёв Л. Н., Хунны М., 1960; Мурад Аджи, Полынь Половецкого поля, М.,1994.