Difference between revisions of "АНКАРА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → менен (2), ж-а → жана (5))
м (→‎top: категория кошуу)

(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АНКАРА''' (1930-ж. чейин Ангора, байыркы Анкира) – Түркиянын борбор шаары (1923-жылдан). Анкара илинин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Анадолу бөксө тоосунда, Анкара жана Чубук д-нын кошулган жеринде деңиз деңг. 891 м. бийиктикте жайгашкан. Калкы 5,3 млн (2015); калкынын саны б-ча өлкөдөгү Стамбулдан кийинки 2-шаар. Жолдор тоому. Эсенбога эл аралык аэропорту иштейт. Анатолиянын байыркы шаарларынын бири. Б. з. ч. 7-к-да фригиялыктар тарабынан негизделип, Лидия мамлекетинин курамына кирген. Б. з. ч. 6–4-к-да байыркы фарс сатраптары бийлеп турган. Б. з. ч. 331-ж. Александр Македонский басып алган. 189–25-ж. (б. з. ч.) келт-галаттар мамлекетинин адм. борбору. Андан соң 4 кылым бою Рим империясынын, 395–1073-ж. Византиянын ээлиги. 1356-ж. алгачкы жолу Осмон империясынын карамагына кирген. Анкара салгылашынан кийин (1402) шаар ''Тимурдун'' колуна өткөн. Бирок, бир нече жылдан кийин Осмон падышачылыгынын бир провинциясынын адм. борбору болуп, Анатолияда ангора эчкисинин тыбытын иштетип, андан жасалган буюмдарды сатуу менен белгилүү болгон. 1864- жылдан Анадолу вилайетинин, 1-дүйнөлүк согуштан кийин түрк элинин көз карандысыздыгы үчүн болгон күрөшүнүн борбору. 1920-ж. 23-апрелден Түркиянын Улуу Улуттук чогулушу иштей баштаган (башында Мустафа Кемалпапта ''Ататурк'' турган). Анын чечими менен 1923-жылдын 13-октябрынан Түрк Республикасынын борбору болуп жарыяланган. Август жана Рома храмы (б. з. ч. 2-к.), термалар (2-к-дын аягы 3-к-дын башталышы), Юлиан колоннасы (4-к.), шаар дубалдары (Август доорундагы; бир канча жолу оңдолгон), Ала адДин мечити (1778), Арсланханда (1210, 1330-ж. кайра курулган), жана Ахи-Элванда мечиттер (1382), үстү жабык Махмуд-паша базары (бедестан; 1464–71-ж. аралыгы) сакталган. Шаар 1920-жылдан өнүгө баштаган. Эски шаардан түштүккө карай акыркы арх-ралык үлгүдө салынган жаңы шаар өсүп чыкты. Президент ак сарайы, театрлар, ун-ттер, консерватория, Улуттук китепкана, туташ көркөм арх-ралык ансамблдер курулду. Туура пландаштырылган көп этаждуу имараттар, коттедждер, жашылдандырылган көчөлөр, министрликтердин комплекстери (1920), Кемал Ататүрктүн мавзолейи (1944–53) жана эстелиги (1970– 71) тургузулду. Машина куруу (трактор кураштыруу, а. ч. техникалары, кыймылдаткычтар), металлургия, курал-жарак
өнөр жай ишканалары, аэрокосмостук (биргелешкен Америка–Түркия) з-ду, тамак-аш, жеңил, химия, жыгаччылык, курулуш-материалдар өнөр жайлары бар. Илгертеден салт болуп калган металлдан эмерек жасоо, килем токуу, кылторко өндүрүшү өнүккөн. А-да шариктүү подшипниктер, дизель (биргелешкен Германия -Түркия), кыймыл берүүчү куту (коробка) жана диамез үчүн жабдуу чыгаруучу өлкөнүн уникалдуу өнөр жай ишканалары жайгашкан.
''С. Айткулова, Н. Жылдызова.''

'''АНКАРА''' (1930-жылга чейин Ангора, байыркы Анкира) – Түркиянын борбор шаары (1923-жылдан). Анкара Илинин (администрациялык-аймактык бирдик) администрация борбору. Анадолу бөксө тоосунда, Анкара жана Чубук дарыяларынын кошулган жеринде деңиз деңгээлинен 891 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 5,3 млн (2015); калкынын саны боюнча өлкөдөгү Стамбулдан кийинки 2-шаар. Жолдор тоому. Эсенбога эл аралык аэропорту иштейт. Анатолиянын байыркы шаарларынын бири. Биздин заманга чейин 7-кылымда фригиялыктар тарабынан негизделип, Лидия мамлекетинин курамына кирген. Биздин заманга чейин 6–4-кылымдарда байыркы фарс сатраптары бийлеп турган. Биздин зманга чейин 331-жылы Александр Македонский басып алган. 189–25-жылы  (биздин заманга чейин) келт-галаттар мамлекетинин администрация борбору. Андан соң 4 кылым бою Рим империясынын, 395–1073-жылдары Византиянын ээлиги. 1356-жылы  алгачкы жолу Осмон империясынын карамагына кирген. Анкара салгылашынан кийин (1402) шаар ''Тимурдун'' колуна өткөн. Бирок, бир нече жылдан кийин Осмон падышачылыгынын бир провинциясынын администрация борбору болуп, Анатолияда ангора эчкисинин тыбытын иштетип, андан жасалган буюмдарды сатуу менен белгилүү болгон. 1864-жылдан Анадолу вилайетинин, 1-дүйнөлүк согуштан кийин түрк элинин көз карандысыздыгы үчүн болгон күрөшүнүн борбору. 1920-жылы  23-апрелден Түркиянын Улуу Улуттук чогулушу иштей баштаган (башында Мустафа Кемалпапта ''Ататурк'' турган). Анын чечими менен 1923-жылдын 13-октябрынан Түрк Республикасынын борбору болуп жарыяланган. Август жана Рома храмы (биздин заманга чейин 2-кылым), термалар (2-кылымдын аягы 3-кылымдын башталышы), Юлиан колоннасы (4-кылым), шаар дубалдары (Август доорундагы; бир канча жолу оңдолгон), Ала ад-Дин мечити (1778), Арсланханда (1210, 1330-жылы кайра курулган), жана Ахи-Элванда мечиттер (1382), үстү жабык Махмуд-паша базары (бедестан; 1464–71-жылдар  аралыгы) сакталган. Шаар 1920-жылдан өнүгө баштаган. Эски шаардан түштүккө карай акыркы архитектуралык үлгүдө салынган жаңы шаар өсүп чыкты. Президент ак сарайы, театрлар, университеттер, консерватория, Улуттук китепкана, туташ көркөм архитектуралык ансамблдер курулду. Туура пландаштырылган көп этаждуу имараттар, коттедждер, жашылдандырылган көчөлөр, министрликтердин комплекстери (1920), Кемал Ататүрктүн мавзолейи (1944–53) жана эстелиги (1970– 71) тургузулду. Машина куруу (трактор кураштыруу, айыл чарба техникалары, кыймылдаткычтар), металлургия, курал-жарак өнөр жай ишканалары, аэрокосмостук (биргелешкен Америка-Түркия) заводу, тамак-аш, жеңил, химия, жыгаччылык, курулуш-материалдар өнөр жайлары бар. Илгертеден салт болуп калган металлдан эмерек жасоо, килем токуу, кылторко өндүрүшү өнүккөн. Анкарада шариктүү подшипниктер, дизель (биргелешкен Германия-Түркия), кыймыл берүүчү куту (коробка) жана диамез үчүн жабдуу чыгаруучу өлкөнүн уникалдуу өнөр жай ишканалары жайгашкан.
''С. Айткулова, Н. Жылдызова.''

[[Категория:1-Том]]

09:54, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АНКАРА (1930-жылга чейин Ангора, байыркы Анкира) – Түркиянын борбор шаары (1923-жылдан). Анкара Илинин (администрациялык-аймактык бирдик) администрация борбору. Анадолу бөксө тоосунда, Анкара жана Чубук дарыяларынын кошулган жеринде деңиз деңгээлинен 891 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 5,3 млн (2015); калкынын саны боюнча өлкөдөгү Стамбулдан кийинки 2-шаар. Жолдор тоому. Эсенбога эл аралык аэропорту иштейт. Анатолиянын байыркы шаарларынын бири. Биздин заманга чейин 7-кылымда фригиялыктар тарабынан негизделип, Лидия мамлекетинин курамына кирген. Биздин заманга чейин 6–4-кылымдарда байыркы фарс сатраптары бийлеп турган. Биздин зманга чейин 331-жылы Александр Македонский басып алган. 189–25-жылы (биздин заманга чейин) келт-галаттар мамлекетинин администрация борбору. Андан соң 4 кылым бою Рим империясынын, 395–1073-жылдары Византиянын ээлиги. 1356-жылы алгачкы жолу Осмон империясынын карамагына кирген. Анкара салгылашынан кийин (1402) шаар Тимурдун колуна өткөн. Бирок, бир нече жылдан кийин Осмон падышачылыгынын бир провинциясынын администрация борбору болуп, Анатолияда ангора эчкисинин тыбытын иштетип, андан жасалган буюмдарды сатуу менен белгилүү болгон. 1864-жылдан Анадолу вилайетинин, 1-дүйнөлүк согуштан кийин түрк элинин көз карандысыздыгы үчүн болгон күрөшүнүн борбору. 1920-жылы 23-апрелден Түркиянын Улуу Улуттук чогулушу иштей баштаган (башында Мустафа Кемалпапта Ататурк турган). Анын чечими менен 1923-жылдын 13-октябрынан Түрк Республикасынын борбору болуп жарыяланган. Август жана Рома храмы (биздин заманга чейин 2-кылым), термалар (2-кылымдын аягы 3-кылымдын башталышы), Юлиан колоннасы (4-кылым), шаар дубалдары (Август доорундагы; бир канча жолу оңдолгон), Ала ад-Дин мечити (1778), Арсланханда (1210, 1330-жылы кайра курулган), жана Ахи-Элванда мечиттер (1382), үстү жабык Махмуд-паша базары (бедестан; 1464–71-жылдар аралыгы) сакталган. Шаар 1920-жылдан өнүгө баштаган. Эски шаардан түштүккө карай акыркы архитектуралык үлгүдө салынган жаңы шаар өсүп чыкты. Президент ак сарайы, театрлар, университеттер, консерватория, Улуттук китепкана, туташ көркөм архитектуралык ансамблдер курулду. Туура пландаштырылган көп этаждуу имараттар, коттедждер, жашылдандырылган көчөлөр, министрликтердин комплекстери (1920), Кемал Ататүрктүн мавзолейи (1944–53) жана эстелиги (1970– 71) тургузулду. Машина куруу (трактор кураштыруу, айыл чарба техникалары, кыймылдаткычтар), металлургия, курал-жарак өнөр жай ишканалары, аэрокосмостук (биргелешкен Америка-Түркия) заводу, тамак-аш, жеңил, химия, жыгаччылык, курулуш-материалдар өнөр жайлары бар. Илгертеден салт болуп калган металлдан эмерек жасоо, килем токуу, кылторко өндүрүшү өнүккөн. Анкарада шариктүү подшипниктер, дизель (биргелешкен Германия-Түркия), кыймыл берүүчү куту (коробка) жана диамез үчүн жабдуу чыгаруучу өлкөнүн уникалдуу өнөр жай ишканалары жайгашкан.
С. Айткулова, Н. Жылдызова.