Difference between revisions of "АЛА-БЕЛ АШУУСУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM

м (→‎top: категория кошуу)

(7 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Талас Ала-Тоосу м-н Суусамыр кырка тоосунун кошулган жеринде. Чычкан өрөөнүнүн суу бөлгүчүндө, деӊиз деӊг. 3184''м ''бийиктикте. Анын айланасындагы тоо чокуларынын бийикт. Талас Ала-Тоосунда 3730 ''м''ге, Суусамыр кырка тоосунда 3798 ''м''ге жетет. Ордовик мезгилинин башталышында пайда болгон метаморфизмделген кумдук, конгломерат, туф, айрым бөлүгүндө порфириттер, кремнийлүү тектер, акиташ теги ж-а үстүнкү протерозойдун серициттешкен кварцтуу сланецтери, неоген-палеогендин чопо, конгломераттары, антропогендин борпоӊ чөгүндүлөрү жатат. Ашуу асиммет риялык түзүлүштө, чыгышы (Суусамыр жагы) жазы, батышы (Чычкан тарабы) тик ж-а кыска. Суусамыр тоосунун түн. капталындагы азыркы мөӊгүлөр ашууга жакын. Күзүндө кар эрте түшүп, кышында калыӊдап кар көчкүлөр жүрүп, жолдун айрым бөлүгүн бөгөп калат да жол катнашын кыйындатат. Январдын орт. темп-расы ‒18,6°С, июлдуку 7,3°С, жылдык жаан-чачыны 634 ''мм.'' Ашуунун түш.-батыш тарабынан Чычкан, түн.-чыгышынан Суусамыр суулары башталат. Кыртышы таштак ж-а кумдак келип, көбүнчө альп шиберлери өсөт. Ашууда жол эксплуатациялоо участогу ж-а каркөчкү станциясы бар. Ашуунун чарбалык мааниси өтө зор. Ал аркылуу Бишкек ‒ Ош автомобиль жолу өтөт; Талас ж-а Токтогул р-нун малы Суусамыр жайлоосуна ашырылат.

'''АЛА-БЕЛ АШУУСУ''' Талас Ала-Тоосу менен Суусамыр кырка тоосунун кошулган жеринде. Чычкан өрөөнүнүн суу бөлгүчүндө, деӊиз деӊгээлинен 3184 ''м ''бийиктикте. Анын айланасындагы тоо чокуларынын бийиктиги Талас Ала-Тоосунда 3730 ''м''ге, Суусамыр кырка тоосунда 3798 ''м''ге жетет. Ордовик мезгилинин башталышында пайда болгон метаморфизмделген кумдук, конгломерат, туф, айрым бөлүгүндө порфириттер, кремнийлүү тектер, акиташ теги жана үстүнкү протерозойдун серициттешкен кварцтуу сланецтери, неоген-палеогендин чопо, конгломераттары, антропогендин борпоӊ чөгүндүлөрү жатат. Ашуу асимметриялык түзүлүштө, чыгышы (Суусамыр жагы) жазы, батышы (Чычкан тарабы) тик жана кыска. Суусамыр тоосунун түндүк капталындагы азыркы мөӊгүлөр ашууга жакын. Күзүндө кар эрте түшүп, кышында калыӊдап кар көчкүлөр жүрүп, жолдун айрым бөлүгүн бөгөп калат да, жол катнашын кыйындатат. Январдын орточо температурасы ‒18,6°С, июлдуку 7,3°С, жылдык жаан-чачыны 634 ''мм.'' Ашуунун түштүк-батыш тарабынан Чычкан, түндүк-чыгышынан Суусамыр суулары башталат. Кыртышы таштак жана кумдак келип, көбүнчө альп шиберлери өсөт. Ашууда жол эксплуатациялоо участогу жана кар көчкү станциясы бар. Ашуунун чарбалык мааниси өтө зор. Ал аркылуу Бишкек ‒ Ош автомобиль жолу өтөт; Талас жана Токтогул районунун малы Суусамыр жайлоосуна ашырылат.

[[Категория:1-Том]]

09:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛА-БЕЛ АШУУСУ Талас Ала-Тоосу менен Суусамыр кырка тоосунун кошулган жеринде. Чычкан өрөөнүнүн суу бөлгүчүндө, деӊиз деӊгээлинен 3184 м бийиктикте. Анын айланасындагы тоо чокуларынын бийиктиги Талас Ала-Тоосунда 3730 мге, Суусамыр кырка тоосунда 3798 мге жетет. Ордовик мезгилинин башталышында пайда болгон метаморфизмделген кумдук, конгломерат, туф, айрым бөлүгүндө порфириттер, кремнийлүү тектер, акиташ теги жана үстүнкү протерозойдун серициттешкен кварцтуу сланецтери, неоген-палеогендин чопо, конгломераттары, антропогендин борпоӊ чөгүндүлөрү жатат. Ашуу асимметриялык түзүлүштө, чыгышы (Суусамыр жагы) жазы, батышы (Чычкан тарабы) тик жана кыска. Суусамыр тоосунун түндүк капталындагы азыркы мөӊгүлөр ашууга жакын. Күзүндө кар эрте түшүп, кышында калыӊдап кар көчкүлөр жүрүп, жолдун айрым бөлүгүн бөгөп калат да, жол катнашын кыйындатат. Январдын орточо температурасы ‒18,6°С, июлдуку 7,3°С, жылдык жаан-чачыны 634 мм. Ашуунун түштүк-батыш тарабынан Чычкан, түндүк-чыгышынан Суусамыр суулары башталат. Кыртышы таштак жана кумдак келип, көбүнчө альп шиберлери өсөт. Ашууда жол эксплуатациялоо участогу жана кар көчкү станциясы бар. Ашуунун чарбалык мааниси өтө зор. Ал аркылуу Бишкек ‒ Ош автомобиль жолу өтөт; Талас жана Токтогул районунун малы Суусамыр жайлоосуна ашырылат.