Difference between revisions of "АССИРИЯ"
м (→top: категория кошуу) |

(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АССИРИЯ--'''Кош өзөндүн түндүгүндөгү тарыхый аймак ж-а байыркы мамлекет (азыркы Ирак). | '''АССИРИЯ--'''Кош өзөндүн түндүгүндөгү тарыхый аймак жана байыркы мамлекет (азыркы Ирак). Ассириянын борбору ''Ашшур'' шаары болгон. Калкынын алгачкы этникалык курамы белгисиз. Б. з. ч. 2000-жылы калкынын көпчүлүгү семит-аккаддардан турган. Ашшур б. з. ч. 19-кылымдын башында аморейлик Шамшиадад Iнин (1813‒1781) ири державасынын борбору болуп калат. 18-кылымда Ашшур жана ага жанаша жайгашкан шаарлар ''Вавилон'' падышасы Хаммураппиге, ал эми 16-кылымда Митанни падышаларына баш ийген. Акырындык менен А. Вавилония жана Митанниден көз карандылыктан кутулуп, Ашшурдун башкаруучусу Ашшурубаллит Iнин (15-кылымдын аягы 14-кылымдын башында) тушунда кайрадан күчтүү державага айланган. Анын тукумдары «Ассириянын падышалары» деген титул алышкан. [[File:АССИРИЯ5.png | thumb|Ассириялык аскерлерде согуштук арабалардын чабуул коюусу негизги роль ойногон.]] Б. з. ч. 1307‒1206-жылдар аралыгында Ассирия тарабынан Митанни, Вавилон, Закавказьедеги Наири урууларына, Кичи Азиянын түштүк-чыгышына, Сирияга, Финикияга жеӊиштүү жортуулдар уюштурулган. 14‒13-кылымдарда алар Түндүк Месопотамияны толук каратууга жетишишет. Баш ийдирилген аймактардан алынуучу салыктардын эсебинен гүлдөгөн Ассирия мамлекети 11‒10-кылымдарда ''арамей'' урууларынын басып кирүүсүнүн натыйжасында төмөндөгөн. 10‒7-кылымдарда темир өндүрүү жана иштетүүнүн жогорулашына байланыштуу Ассирия кайрадан согуштук жана экономикалык абалын чыӊдаган. Эл аралык кырдаалдын өзгөрүүсү (Египет жана Вавилониянын начарлоосу, Хетт падышалыгынын кыйрашы) Ассирияга баскынчыл саясатын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. ''Тиглатпаласар III'' (745‒727) мамлекеттик каржылоодо турган туруктуу армияны түзүп, анын жардамы менен империядагы сепаратисттик кыймылдарды басып турган. Ассириялык аскерлер бир нече жолу ''Вавилонияга, Урартуга, Мидияга,'' Сирияга басып киришкен. 671-жылы Асархаддон Египетти, 640-жылдары Ашшурбанапал Эламды жана Түндүк Аравия урууларын баш ийдирген. Ассириянын жүргүзгөн баскынчыл согуштары баш ийген өлкөлөрдүн, ошол эле учурда мамлекеттин өзүнүн калкын да жакырлантып, экономикалык абалын начарлаткан. Ага каршы түзүлгөн мамлекеттердин коалициясы (Вавилония менен Мидия) менен болгон согушта Ассириянын борбору Ашшур шаары кыйратылып (614), ал эми 609-жылы Харрандын алдындагы салгылашууда армиясынын калган бөлүктөрү толук талкаланган. Ошентип байыркы дүйнөлүк алгачкы империя тарыхый аренадан кеткен. Анын аймагы жеӊген мамлекеттердин курамына кирип, 6-кылымдын ортосунда Ассирия Перс империясы, 4-кылымдын акыркы чейрегинде Александр Македонский тарабынан каратылган. Андан соӊ Македонскийдин аскер башчысы Селевка I Никатордун ээлигине айланган. 140-жылы бүткүл Месопотамия Парфия тарабынан каратылат. 115-жылы римдиктер парфиялыктарды талкалап, Ассирия провинциясын түзүшкөн. Бирок көп өтпөй жергиликтүү калктын көтөрүлүшүнөн кийин, Ассириянын аймагы кайрадан парфиялыктарга кайтарылган. Б. з. 3-кылымында Ассириянын аймагы Персиянын (Сасаниддер династиясы) бийлиги астына өткөн. Ассириянын искусствосунун гүлдөө мезгили 13‒14-кылымдарга таандык. Ашшур (б. з. ч. 9‒14-кылым), Кальху (б. з. ч. 9-кылым), Дур-Шаррукин (б. з. ч. 7‒8-кылымдар) шаарлары маданияттын тарыхый борборлору болгон. Шаардын айланасы таш түптөлгөн, бышкан кирпичтен салынган чеп-дубалдар менен курчалган. Бийик мунаралуу, дарбазалары арка түрүндө, төрт бурчтуу салынган бастиондор курулган. Шаардын борборунда чеп-сарайлары, көркөмдөлгөн, татаал пландагы көптөгөн храмдар, зиккурат-мунаралар, чарба курулуштары (Дур-Шаррукиндеги Сарогон IIнин ак сарайы) орун алган. Ак сарайлардын кире беришине басып бара жаткан канаттуу букага падышанын башын орноткон таштан чегилген статуялар ‒ «шеду» тургузулган. Падышанын жатуучу жана кабыл алуучу бөлмөлөрү түстүү боёктор менен тартылган оймо-чиймелер, дубалдарга жазылган жазуулар, бронза жана таш колдонулуп жасалган рельеф, статуялар менен кооздолгон. Идеялык-көркөм чыгарманын мазмуну ошол кездеги падышалардын баатырдыгын даӊазалайт. Ассириянын аймагында искусство эстеликтери б. з. ч. 4-миӊ жылдыкта бийик порталдар курушуп, андагы композициянын тактыгы, дубалга оюм-чийим салуу, кирпичтерди кыноо аркылуу кооздоо өнөрү өркүндөгөн. Гипертрофияланган адамдардын мүчөлөрүн, булчуӊдарын, келбетин рельефтерде эркин композициялар менен (Ниневиядагы Синахериба ак сарайындагы рельефтерде) чагылдырышкан. Таштан жасалган эстеликтер, падышалардын статуялары, скульптуралар жогорку чеберчиликте жасалган. Рельефтер жана статуялар менен ак сарайлардын, храмдардын ичин кооздошкон. Ассирия живописинен сүрөттөрдүн сыныктары сакталып калган («Ассириялык эки төрө», «Арстандарга мергенчилик» ж. б., б. з. ч. 8-кылым, Халеб музейи). Асыл таштарга, ташка оймо-чийме, сүрөттөрдү кесип түшүрүү өнөрү кеӊири өнүккөн. Кесип оюлган таштар мөөр, тумар жана жасалга катары колдонулган. Көркөмдөп токуу, жыгач жана сөөк буюмдарын жасап, иштетүү өнүккөн. Дубалдардагы рельефке падышалардын мергенчиликтеги, жеӊиштүү жүрүштөрдөгү сүрөттөрү, музыкалык аспаптарда ойногон, бийлеген, ырдаган адамдардын келбети түшүрүлгөн.

Ад: ''Дьяконов И. М.'' Развитие земельных отношений в Ассирии. Л., 1949; ''Olmstead A. Е.'' History of Assyria. Chi., 1960; ''Дандамаева М. М''. Понятия «Ассирия», «Вавилония», «Месопатамия» в античной традиции // История и языки Древнего Востока: Памяти И. М. Дьяконова. СПб., 2002. | Ад: ''Дьяконов И. М.'' Развитие земельных отношений в Ассирии. Л., 1949; ''Olmstead A. Е.'' History of Assyria. Chi., 1960; ''Дандамаева М. М''. Понятия «Ассирия», «Вавилония», «Месопатамия» в античной традиции // История и языки Древнего Востока: Памяти И. М. Дьяконова. СПб., 2002. | ||
А. Орозов, Н. Жылдызова. | |||
[[Категория:1-Том]] |
10:34, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АССИРИЯ--Кош өзөндүн түндүгүндөгү тарыхый аймак жана байыркы мамлекет (азыркы Ирак). Ассириянын борбору Ашшур шаары болгон. Калкынын алгачкы этникалык курамы белгисиз. Б. з. ч. 2000-жылы калкынын көпчүлүгү семит-аккаддардан турган. Ашшур б. з. ч. 19-кылымдын башында аморейлик Шамшиадад Iнин (1813‒1781) ири державасынын борбору болуп калат. 18-кылымда Ашшур жана ага жанаша жайгашкан шаарлар Вавилон падышасы Хаммураппиге, ал эми 16-кылымда Митанни падышаларына баш ийген. Акырындык менен А. Вавилония жана Митанниден көз карандылыктан кутулуп, Ашшурдун башкаруучусу Ашшурубаллит Iнин (15-кылымдын аягы 14-кылымдын башында) тушунда кайрадан күчтүү державага айланган. Анын тукумдары «Ассириянын падышалары» деген титул алышкан.
Б. з. ч. 1307‒1206-жылдар аралыгында Ассирия тарабынан Митанни, Вавилон, Закавказьедеги Наири урууларына, Кичи Азиянын түштүк-чыгышына, Сирияга, Финикияга жеӊиштүү жортуулдар уюштурулган. 14‒13-кылымдарда алар Түндүк Месопотамияны толук каратууга жетишишет. Баш ийдирилген аймактардан алынуучу салыктардын эсебинен гүлдөгөн Ассирия мамлекети 11‒10-кылымдарда арамей урууларынын басып кирүүсүнүн натыйжасында төмөндөгөн. 10‒7-кылымдарда темир өндүрүү жана иштетүүнүн жогорулашына байланыштуу Ассирия кайрадан согуштук жана экономикалык абалын чыӊдаган. Эл аралык кырдаалдын өзгөрүүсү (Египет жана Вавилониянын начарлоосу, Хетт падышалыгынын кыйрашы) Ассирияга баскынчыл саясатын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. Тиглатпаласар III (745‒727) мамлекеттик каржылоодо турган туруктуу армияны түзүп, анын жардамы менен империядагы сепаратисттик кыймылдарды басып турган. Ассириялык аскерлер бир нече жолу Вавилонияга, Урартуга, Мидияга, Сирияга басып киришкен. 671-жылы Асархаддон Египетти, 640-жылдары Ашшурбанапал Эламды жана Түндүк Аравия урууларын баш ийдирген. Ассириянын жүргүзгөн баскынчыл согуштары баш ийген өлкөлөрдүн, ошол эле учурда мамлекеттин өзүнүн калкын да жакырлантып, экономикалык абалын начарлаткан. Ага каршы түзүлгөн мамлекеттердин коалициясы (Вавилония менен Мидия) менен болгон согушта Ассириянын борбору Ашшур шаары кыйратылып (614), ал эми 609-жылы Харрандын алдындагы салгылашууда армиясынын калган бөлүктөрү толук талкаланган. Ошентип байыркы дүйнөлүк алгачкы империя тарыхый аренадан кеткен. Анын аймагы жеӊген мамлекеттердин курамына кирип, 6-кылымдын ортосунда Ассирия Перс империясы, 4-кылымдын акыркы чейрегинде Александр Македонский тарабынан каратылган. Андан соӊ Македонскийдин аскер башчысы Селевка I Никатордун ээлигине айланган. 140-жылы бүткүл Месопотамия Парфия тарабынан каратылат. 115-жылы римдиктер парфиялыктарды талкалап, Ассирия провинциясын түзүшкөн. Бирок көп өтпөй жергиликтүү калктын көтөрүлүшүнөн кийин, Ассириянын аймагы кайрадан парфиялыктарга кайтарылган. Б. з. 3-кылымында Ассириянын аймагы Персиянын (Сасаниддер династиясы) бийлиги астына өткөн. Ассириянын искусствосунун гүлдөө мезгили 13‒14-кылымдарга таандык. Ашшур (б. з. ч. 9‒14-кылым), Кальху (б. з. ч. 9-кылым), Дур-Шаррукин (б. з. ч. 7‒8-кылымдар) шаарлары маданияттын тарыхый борборлору болгон. Шаардын айланасы таш түптөлгөн, бышкан кирпичтен салынган чеп-дубалдар менен курчалган. Бийик мунаралуу, дарбазалары арка түрүндө, төрт бурчтуу салынган бастиондор курулган. Шаардын борборунда чеп-сарайлары, көркөмдөлгөн, татаал пландагы көптөгөн храмдар, зиккурат-мунаралар, чарба курулуштары (Дур-Шаррукиндеги Сарогон IIнин ак сарайы) орун алган. Ак сарайлардын кире беришине басып бара жаткан канаттуу букага падышанын башын орноткон таштан чегилген статуялар ‒ «шеду» тургузулган. Падышанын жатуучу жана кабыл алуучу бөлмөлөрү түстүү боёктор менен тартылган оймо-чиймелер, дубалдарга жазылган жазуулар, бронза жана таш колдонулуп жасалган рельеф, статуялар менен кооздолгон. Идеялык-көркөм чыгарманын мазмуну ошол кездеги падышалардын баатырдыгын даӊазалайт. Ассириянын аймагында искусство эстеликтери б. з. ч. 4-миӊ жылдыкта бийик порталдар курушуп, андагы композициянын тактыгы, дубалга оюм-чийим салуу, кирпичтерди кыноо аркылуу кооздоо өнөрү өркүндөгөн. Гипертрофияланган адамдардын мүчөлөрүн, булчуӊдарын, келбетин рельефтерде эркин композициялар менен (Ниневиядагы Синахериба ак сарайындагы рельефтерде) чагылдырышкан. Таштан жасалган эстеликтер, падышалардын статуялары, скульптуралар жогорку чеберчиликте жасалган. Рельефтер жана статуялар менен ак сарайлардын, храмдардын ичин кооздошкон. Ассирия живописинен сүрөттөрдүн сыныктары сакталып калган («Ассириялык эки төрө», «Арстандарга мергенчилик» ж. б., б. з. ч. 8-кылым, Халеб музейи). Асыл таштарга, ташка оймо-чийме, сүрөттөрдү кесип түшүрүү өнөрү кеӊири өнүккөн. Кесип оюлган таштар мөөр, тумар жана жасалга катары колдонулган. Көркөмдөп токуу, жыгач жана сөөк буюмдарын жасап, иштетүү өнүккөн. Дубалдардагы рельефке падышалардын мергенчиликтеги, жеӊиштүү жүрүштөрдөгү сүрөттөрү, музыкалык аспаптарда ойногон, бийлеген, ырдаган адамдардын келбети түшүрүлгөн.
Ад: Дьяконов И. М. Развитие земельных отношений в Ассирии. Л., 1949; Olmstead A. Е. History of Assyria. Chi., 1960; Дандамаева М. М. Понятия «Ассирия», «Вавилония», «Месопатамия» в античной традиции // История и языки Древнего Востока: Памяти И. М. Дьяконова. СПб., 2002.
А. Орозов, Н. Жылдызова.