Difference between revisions of "АЛАМҮДҮН АШУУСУ"
м (→top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2)) |
м (→top: категория кошуу) |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛАМҮДҮН АШУУСУ''' Кыргыз Ала-Тоосунда, Ашуу-Төр өрөөнүнүн төрүндө. | '''АЛАМҮДҮН АШУУСУ''' Кыргыз Ала-Тоосунда, Ашуу-Төр өрөөнүнүн төрүндө. Бийиктиги 4032 ''м. ''Түштүк тарабындагы Батыш Каракол өрөөнүнөн салыштырмалуу бийиктиги 900 ''м, ''түндүгүндөгү Аламүдүндөн ‒ 1200 ''м. ''Жанындагы чокулардын бийиктиги 4100‒4600 ''м''ге жетет. Айланасында палеозойдун түрдүү түстөгү сланец, кумдук, акиташ тектери кездешет. Ашууга баруучу жол Аламүдүндүн тепши сымал жазы өрөөнүн өрдөп, Ашуу-Төр өрөөнүнө көтөрүлөт. Андан ары аска корумдуу тик каптал <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> белге чыгат. Ашуу-Төр жайыгында мореналык майда көлдөр (мөӊгү этеги 3600 ''м ''бийиктикте) бар. Түштүк-чыгыш, түштүк бетинин рельефи жөнөкөй. Топурак, өсүмдүктөр <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> текши капталган; андан чыгышты көздөй капталдаган чукул жол Түштүк Ысык-Ата өрөөнүнө түшүп, андан ары Батыш Каракол өрөөнүнө өтөт. Ашуу июндун башында ачылып, сентябрда жабылат.<br> | ||
[[Категория:1-Том]] |
09:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЛАМҮДҮН АШУУСУ Кыргыз Ала-Тоосунда, Ашуу-Төр өрөөнүнүн төрүндө. Бийиктиги 4032 м. Түштүк тарабындагы Батыш Каракол өрөөнүнөн салыштырмалуу бийиктиги 900 м, түндүгүндөгү Аламүдүндөн ‒ 1200 м. Жанындагы чокулардын бийиктиги 4100‒4600 мге жетет. Айланасында палеозойдун түрдүү түстөгү сланец, кумдук, акиташ тектери кездешет. Ашууга баруучу жол Аламүдүндүн тепши сымал жазы өрөөнүн өрдөп, Ашуу-Төр өрөөнүнө көтөрүлөт. Андан ары аска корумдуу тик каптал менен белге чыгат. Ашуу-Төр жайыгында мореналык майда көлдөр (мөӊгү этеги 3600 м бийиктикте) бар. Түштүк-чыгыш, түштүк бетинин рельефи жөнөкөй. Топурак, өсүмдүктөр менен текши капталган; андан чыгышты көздөй капталдаган чукул жол Түштүк Ысык-Ата өрөөнүнө түшүп, андан ары Батыш Каракол өрөөнүнө өтөт. Ашуу июндун башында ачылып, сентябрда жабылат.