Difference between revisions of "АКТАН Арым Кубат"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → менен, ж-а → жана (2))
м (→‎top: категория кошуу)

(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АКТАН''' Арым Кубат (26. 3. 1957-ж. т., Чүй обл., Сокулук р-ну, Күн-Туу айылы) ‒ кинорежиссёр, сценарист, актёр, КРдин эл артисти (1998), Токтогул атындагы мамлекеттик  сыйлыгынын лауреаты (2000). 1980-ж. Фрунзедеги С. А. Чуйков атындагы сүрөт окуу жайын бүтүрүп, «Кыргызфильм» киностудиясында сүрөтчү-коюучу, сүрөтчү-жасалгалоочу болуп иштеген. Актан Арым Кубаттын кино ишмердиги кыска метраждуу фильмдерди тартуудан башталган. «Чуркап бараткан ит» жана «Кон» документ фильмдери (1990), «Үлүл, сенин үйүӊ кайда?» (1992),«Селкинчек» (1993) кыска метраждуу фильмдери анын алгачкы эмгектеринен. «Беш кемпир» фильми[[File:АКТАН8.png | thumb|none]]
'''АКТАН''' '''Арым Кубат''' (26. 3. 1957-жылы туулган, Чүй облусу, Сокулук району, Күн-Туу айылы) ‒ кинорежиссёр, сценарист, актёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1998), Токтогул атындагы мамлекеттик  сыйлыктын лауреаты (2000). 1980-жылы Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек шаары) С. А. Чуйков атындагы сүрөт окуу жайын бүтүрүп, «Кыргызфильм» киностудиясында сүрөтчү-коюучу, сүрөтчү-жасалгалоочу болуп иштеген. Актан Арым Кубаттын кино ишмердиги кыска метраждуу тасмаларды тартуудан башталган. «Чуркап бараткан ит» жана «Кон» даректүү тасмалары (1990), «Үлүл, сенин үйүӊ кайда?» (1992),«Селкинчек» (1993) кыска метраждуу тасмалары анын алгачкы эмгектеринен. «Беш кемпир» кино тасмасы [[File:АКТАН8.png | thumb|none]]
(1998, «Кыргызфильм», «Ное продюксьон», Франция) эл аралык кинофестивалдарда «Күмүш кабылан» сыйлыгына (1998, Швейцария), «Кинотасмалардын күмүш кутучасы» (1998, Сингапур) ж. б. байгелерге ээ болгон. Ал эми «Маймыл» фильми (2001, Ное продюксьон, Франция, «Кыргызфильм») эл аралык кинофестивалда «Күмүш дельфин» (2001, Португалия) байгесин алган. «Селкинчек», «Беш кемпир», «Маймыл» үчилтигинде өспүрүм балдардын сүйүү сезимдерин, дүйнөгө көз карашын, турмуштун ар кандай жагдайларына кабылышын, жашоонун маанисин башкы каармандар аркылуу ачкан. «Ырыс алды ынтымак» тасмасы рекламалардын эл аралык фестивалында (1996, Москва) Гран-приге татыктуу болгон. Ал Кыргызстан Жаштар сыйлыгынын лауреаты, 20‒21-кылымдын кинематография муунунун лидери наамын алган. «Беш кемпир» жана «Маймыл» фильмдери Америка киноакадемиясынын (2001) «Эӊ мыкты чет өлкөлүк фильм» номинациясына көрсөтүлгөн. III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган (2011).

(1998, «Кыргызфильм», «Ное продюксьон», Франция) эл аралык кинофестивалдарда «Күмүш кабылан» сыйлыгына (1998, Швейцария), «Кинотасмалардын күмүш кутучасы» (1998, Сингапур) жана башка байгелерге ээ болгон. Ал эми «Маймыл» тасмасы (2001, «Ное продюксьон», Франция, «Кыргызфильм») эл аралык кинофестивалда «Күмүш дельфин» (2001, Португалия) байгесин алган. «Селкинчек», «Беш кемпир», «Маймыл» үчилтигинде өспүрүм балдардын сүйүү сезимдерин, дүйнөгө көз карашын, турмуштун ар кандай жагдайларына кабылышын, жашоонун маанисин башкы каармандар аркылуу ачкан. «Ырыс алды ынтымак» тасмасы жарнамалардын эл аралык фестивалында (1996, Москва) Гран-приге татыктуу болгон. Ал Кыргызстан Жаштар сыйлыгынын лауреаты, 20‒21-кылымдын кинематография муунунун лидери наамын алган. «Беш кемпир» жана «Маймыл» тасмалары Америка киноакадемиясынын (2001) «Эӊ мыкты чет өлкөлүк тасма» номинациясына көрсөтүлгөн. III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган (2011).

[[Категория:1-Том]]

09:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АКТАН Арым Кубат (26. 3. 1957-жылы туулган, Чүй облусу, Сокулук району, Күн-Туу айылы) ‒ кинорежиссёр, сценарист, актёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1998), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2000). 1980-жылы Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек шаары) С. А. Чуйков атындагы сүрөт окуу жайын бүтүрүп, «Кыргызфильм» киностудиясында сүрөтчү-коюучу, сүрөтчү-жасалгалоочу болуп иштеген. Актан Арым Кубаттын кино ишмердиги кыска метраждуу тасмаларды тартуудан башталган. «Чуркап бараткан ит» жана «Кон» даректүү тасмалары (1990), «Үлүл, сенин үйүӊ кайда?» (1992),«Селкинчек» (1993) кыска метраждуу тасмалары анын алгачкы эмгектеринен. «Беш кемпир» кино тасмасы

АКТАН8.png