Difference between revisions of "АКШДАГЫ ГРАЖДАНДЫК СОГУШУ (1861‒65)"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
м (→‎top: категория кошуу)

(6 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
),  А м е р и к а р е в о л ю ц и я с ы ‒ АКШнын түн. ж-а түш. штаттарынын ортосунда болгон согуш. Өлкөнүн ичиндеги түзүлгөн эки карама-каршылыктуу коомдук системадан улам келип чыккан. АКШнын түштүгүндө кулчулукка негизделген а. ч. тармагы күчтүү өнүксө, түндүгүндө өнөр жайлары алдыга озуп кеткен. Түш. штаттардын плантаторлору кулчулукту сактап калууну ж-а келечекте АКШны бирдиктүү кул ээлөөчү державага айландырууну көздөшкөн ж-а алар АКШнын курамынан өз алдынча мамлекет катары бөлүнүп чыгууга умтулушкан. Ал эми Түн. штаттарда 19-к-дын орто ченинде кулчулукту жоюуга багытталган кыймыл башталат (к. ''Аболиционизм'' ). Респ. партиянын көрүнүктүү лидери А. Линкольндун 1860-ж-дагы президенттик шайлоодо жеӊишке жетиши кул ээлөөчүлөрдүн бийликтен ажырашына алып келген. 1861-ж. февралда түштүктө Конфедерация түзүлүп (буга 34 штаттын 11 штаты бириккен), жарандык согушка даярдык көрүлөт. 13-апрелде Түштүктүн кул ээлөөчүлөрү козголоӊ чыгарып, Чарлстон булуӊундагы Самтер фортун басып алышы м-н АКШда 4 жылга созулган граждандык согуш башталган. Түндүктө өнөр жай потенциалынын ж-а калктын санынын арбындыгына (22 млн, ал эми Түштүктө ‒ 9 млн, а. и. 4 млн негр кулдар болгон) карабастан, Түштүктө тажрыйбалуу офицерлер курамы, куралдардын запасы болуп, согушка даярдыгы бир кыйла күчтүү болгон. Согуштун 1-этабында (1861‒62) Түндүк жеӊилип, согуш создугуп ке
'''АКШДАГЫ ГРАЖДАНДЫК СОГУШ''' (1861‒65),  А м е р и к а р е в о л ю ц и я с ы ‒ АКШнын түндүк жана түштүк  штаттарынын ортосунда болгон согуш. Өлкөнүн ичиндеги түзүлгөн эки карама-каршылыктуу коомдук системадан улам келип чыккан. АКШнын түштүгүндө кулчулукка негизделген айыл чарба тармагы күчтүү өнүксө, түндүгүндө өнөр жайлары алдыга озуп кеткен. Түштүк  штаттардын плантаторлору кулчулукту сактап калууну жана келечекте АКШны бирдиктүү кул ээлөөчү державага айландырууну көздөшкөн жана алар АКШнын курамынан өз алдынча мамлекет катары бөлүнүп чыгууга умтулушкан. Ал эми Түндүк  штаттарда 19-кылымдын орто ченинде кулчулукту жоюуга багытталган кыймыл башталат (к. ''Аболиционизм'' ). Республикалык  партиянын көрүнүктүү лидери А. Линкольндун 1860-жылдагы президенттик шайлоодо жеӊишке жетиши кул ээлөөчүлөрдүн бийликтен ажырашына алып келген. 1861-жылы  февралда түштүктө Конфедерация түзүлүп (буга 34 штаттын 11 штаты бириккен), жарандык согушка даярдык көрүлөт. 13-апрелде Түштүктүн кул ээлөөчүлөрү козголоӊ чыгарып, Чарлстон булуӊундагы Самтер фортун басып алышы менен АКШда 4 жылга созулган граждандык согуш башталган. Түндүктө өнөр жай потенциалынын жана калктын санынын арбындыгына (22 млн, ал эми Түштүктө ‒ 9 млн, анын ичинде 4 млн негр кулдар болгон) карабастан, Түштүктө тажрыйбалуу офицерлер курамы, куралдардын запасы болуп, согушка даярдыгы бир кыйла күчтүү болгон. Согуштун 1-этабында (1861‒62) Түндүк жеӊилип, согуш создугуп кетет. 1862-жылы  өлкөнүн конгресси согушту революциячыл жол менен жүргүзүү чараларын көрө баштайт. Бул максатта кабыл алынган Гомстед акт жөнүндөгү мыйзам боюнча АКШнын 21 жашка толгон жана Түндүккө каршы согушка катышпаган ар бир жараны 10 доллар төлөп, коомдук фондудан 160 ''акр'' (65 ''га'') жер алуу укугу белгиленген. Аны иштеткен, ошол жерде жашаган адамга 5 жылдан кийин ал жер акысыз берилген. 1863-жылы 1-январда кулдардын азаттыгы тууралуу мыйзам кабыл алынгандан кийин плантаторлор менен янкилердин (түндүктөгүлөр) согушунун максаты кулдарга түшүнүктүү болуп, негрлер топ-тобу менен түндүктөгүлөр тарапка өтүп, федералдык армиянын катарында кызмат өтөй баштаган. 1863-жылдан согуштун 2-этабы башталат. Түндүктөгү федералдык армияга 190 миӊ негр кошулат, булардын 72%и козголоӊчу түштүк штаттардан келген; 250 миӊ негр тылдагы аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөөгө киришет. Түндүктүн жеӊишин камсыз кылууда негрлер негизги роль ойноду. Алардан куралган полктордун саны согуштун аягында 186га жеткен. Козголоӊчуларга каршы чабуул жаӊы план боюнча жүргүзүлүп, аскерлер Миссисипи дарыясын бойлоп аракеттенип, Конфедерациянын аймагын экиге бөлүп таштайт. Армияга Түштүктөгү фермерлер, жумушчулар, кол өнөрчүлөр кошулушкан. 1865-жылы  3-апрелде федералдык аскерлер Конфедерациянын борбору Ричмонду алышкан. Ушул окуядан кийин гана козголоӊчулардын аскерлери багынууга аргасыз болуп, жарандык согуш аяктаган. Бул согушта 600 миӊден ашуун адам курман болгон. Согуштан соӊ Түштүктү жаӊылап кайра куруу, расалардын ортосундагы теӊсиздикти жоюу жана адилеттүүлүк үчүн күрөш дагы бир топ мезгилге чейин созулган. Буга карабастан, негизинен АКШда кулчулук биротоло жоюлган жана айыл  чарбасында капиталисттик ‒ фермердик жол менен өнүгүүгө жагымдуу шарттар түзүлүп, бирдиктүү улуттук рынокту уюштуруу аракеттери башталган.

тет. 1862-ж. өлкөнүн конгресси согушту революциячыл жол м-н жүргүзүү чараларын көрө баштайт. Бул максатта кабыл алынган Гомстед акт ж-дөгү мыйзам б-ча АКШнын 21 жашка толгон ж-а Түндүккө каршы согушка катышпаган ар бир жараны 10 доллар төлөп, коомдук фондудан 160 ''акр'' (65 ''га'') жер алуу укугу белгиленген. Аны иштеткен, ошол жерде жашаган адамга 5 жылдан кийин ал жер акысыз берилген. 1863-ж. 1-январда кулдардын азаттыгы тууралуу мыйзам кабыл алынгандан кийин плантаторлор м-н янкилердин (түндүктөгүлөр) согушунун максаты кулдарга түшүнүктүү болуп, негрлер топ-тобу м-н түндүктөгүлөр тарапка өтүп, федералдык армиянын катарында кызмат өтөй баштаган. 1863-жылдан согуштун 2-этабы башталат. Түндүктөгү федералдык армияга 190 миӊ негр кошулат, булардын 72%и козголоӊчу түш. штаттардан келген; 250 миӊ негр тылдагы аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөөгө киришет. Түндүктүн жеӊишин камсыз кылууда негрлер негизги роль ойноду. Алардан куралган полктордун саны согуштун аягында 186га жеткен. Козголоӊчуларга каршы чабуул жаӊы план б-ча жүргүзүлүп, аскерлер Миссисипи д-сын бойлоп аракеттенип, Конфедерациянын аймагын экиге бөлүп таштайт. Армияга Түштүктөгү фермерлер, жумушчулар, кол өнөрчүлөр кошулушкан. 1865-ж. 3-апрелде федералдык аскерлер Конфедерациянын борбору. Ричмонду алышкан. Ушул окуядан кийин гана козголоӊчулардын аскерлери багынууга аргасыз болуп, жарандык согуш аяктаган. Бул согушта 600 миӊден ашуун адам курман болгон. Согуштан соӊ Түштүктү жаӊылап кайра куруу, расалардын ортосундагы теӊсиздикти жоюу ж-а адилеттүүлүк үчүн күрөш дагы бир топ мезгилге чейин созулган. Буга карабастан, негизинен АКШда кулчулук биротоло жоюлган ж-а а. ч-сында капиталисттик ‒ фермердик жол м-н өнүгүүгө жагымдуу шарттар түзүлүп, бирдиктүү улуттук рынокту уюштуруу аракеттери башталган.

[[Категория:1-Том]]

09:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АКШДАГЫ ГРАЖДАНДЫК СОГУШ (1861‒65), А м е р и к а р е в о л ю ц и я с ы ‒ АКШнын түндүк жана түштүк штаттарынын ортосунда болгон согуш. Өлкөнүн ичиндеги түзүлгөн эки карама-каршылыктуу коомдук системадан улам келип чыккан. АКШнын түштүгүндө кулчулукка негизделген айыл чарба тармагы күчтүү өнүксө, түндүгүндө өнөр жайлары алдыга озуп кеткен. Түштүк штаттардын плантаторлору кулчулукту сактап калууну жана келечекте АКШны бирдиктүү кул ээлөөчү державага айландырууну көздөшкөн жана алар АКШнын курамынан өз алдынча мамлекет катары бөлүнүп чыгууга умтулушкан. Ал эми Түндүк штаттарда 19-кылымдын орто ченинде кулчулукту жоюуга багытталган кыймыл башталат (к. Аболиционизм ). Республикалык партиянын көрүнүктүү лидери А. Линкольндун 1860-жылдагы президенттик шайлоодо жеӊишке жетиши кул ээлөөчүлөрдүн бийликтен ажырашына алып келген. 1861-жылы февралда түштүктө Конфедерация түзүлүп (буга 34 штаттын 11 штаты бириккен), жарандык согушка даярдык көрүлөт. 13-апрелде Түштүктүн кул ээлөөчүлөрү козголоӊ чыгарып, Чарлстон булуӊундагы Самтер фортун басып алышы менен АКШда 4 жылга созулган граждандык согуш башталган. Түндүктө өнөр жай потенциалынын жана калктын санынын арбындыгына (22 млн, ал эми Түштүктө ‒ 9 млн, анын ичинде 4 млн негр кулдар болгон) карабастан, Түштүктө тажрыйбалуу офицерлер курамы, куралдардын запасы болуп, согушка даярдыгы бир кыйла күчтүү болгон. Согуштун 1-этабында (1861‒62) Түндүк жеӊилип, согуш создугуп кетет. 1862-жылы өлкөнүн конгресси согушту революциячыл жол менен жүргүзүү чараларын көрө баштайт. Бул максатта кабыл алынган Гомстед акт жөнүндөгү мыйзам боюнча АКШнын 21 жашка толгон жана Түндүккө каршы согушка катышпаган ар бир жараны 10 доллар төлөп, коомдук фондудан 160 акр (65 га) жер алуу укугу белгиленген. Аны иштеткен, ошол жерде жашаган адамга 5 жылдан кийин ал жер акысыз берилген. 1863-жылы 1-январда кулдардын азаттыгы тууралуу мыйзам кабыл алынгандан кийин плантаторлор менен янкилердин (түндүктөгүлөр) согушунун максаты кулдарга түшүнүктүү болуп, негрлер топ-тобу менен түндүктөгүлөр тарапка өтүп, федералдык армиянын катарында кызмат өтөй баштаган. 1863-жылдан согуштун 2-этабы башталат. Түндүктөгү федералдык армияга 190 миӊ негр кошулат, булардын 72%и козголоӊчу түштүк штаттардан келген; 250 миӊ негр тылдагы аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөөгө киришет. Түндүктүн жеӊишин камсыз кылууда негрлер негизги роль ойноду. Алардан куралган полктордун саны согуштун аягында 186га жеткен. Козголоӊчуларга каршы чабуул жаӊы план боюнча жүргүзүлүп, аскерлер Миссисипи дарыясын бойлоп аракеттенип, Конфедерациянын аймагын экиге бөлүп таштайт. Армияга Түштүктөгү фермерлер, жумушчулар, кол өнөрчүлөр кошулушкан. 1865-жылы 3-апрелде федералдык аскерлер Конфедерациянын борбору Ричмонду алышкан. Ушул окуядан кийин гана козголоӊчулардын аскерлери багынууга аргасыз болуп, жарандык согуш аяктаган. Бул согушта 600 миӊден ашуун адам курман болгон. Согуштан соӊ Түштүктү жаӊылап кайра куруу, расалардын ортосундагы теӊсиздикти жоюу жана адилеттүүлүк үчүн күрөш дагы бир топ мезгилге чейин созулган. Буга карабастан, негизинен АКШда кулчулук биротоло жоюлган жана айыл чарбасында капиталисттик ‒ фермердик жол менен өнүгүүгө жагымдуу шарттар түзүлүп, бирдиктүү улуттук рынокту уюштуруу аракеттери башталган.