Difference between revisions of "АЙЫЛ ЧАРБА АВИАЦИЯСЫ"
м (→top: clean up, replaced: м‑н → менен (3), ж‑а → жана (2)) |
м (→top: категория кошуу) |

(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
– өсүмдүктү | '''АЙЫЛ ЧАРБА АВИАЦИЯСЫ –''' өсүмдүктү илдет, зыянкечтерден коргоо, отоо чөптү, жайыт жана чабындыда пайдасыз бадалдарды жок кылуу, түшүм жыйноо алдында пахта жалбырагын түшүрүү, минералдык жер семирткич чачуу, жайытка чөп эгүү, жандыктарды, айыл чарба шаймандарын ташуу, медициналык жана ветеринардык жардам (оорулуу адамдарды ташуу, дары‑дармек жеткирүү ж. б.) көрсөтүү ж. б‑да пайдаланылат. Айыл чарбасында АН‑2, АН‑2М, ЯК‑12 самолёттору, МИ‑1НХ, КА‑15, МИ‑1, МИ‑2 вертолёттору колдонулат. Аларда суюк химикат, минералдык жер семирткич, чөп уругун ж. б. чачуучу атайын аппаратуралар орнотулган. Анын жардамы менен бардык өсүмдүктөрдүн (айрыкча пахта, эгин, кант кызылчасы) зыянкечтерине каршы күрөш жүргүзүлөт. Өсүмдүк зыянкечи менен илдет козгогучунун түрүнө жараша күкүмдөлгөн кургак пестицидди (1 ''га'' жерге 10‑40 ''кг),'' суюк уу химикаттарды (1 ''га'' жерге 5‑50 ''л)'' 5–10 ''м'' бийиктиктен чачат (чаңдатат). Уу химикатты майда тамчылатып чачуу ыкмасы жакшы натыйжа берип, суюктук аз (5‑25 ''л)'' жумшалат. Мындай чандатып чачуу иштери адатта эртең менен (саат 4төн 9га чейин), кечинде (саат 17ден 20га чейин) жүргүзүлөт.

[[Категория:1-Том]] |
08:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙЫЛ ЧАРБА АВИАЦИЯСЫ – өсүмдүктү илдет, зыянкечтерден коргоо, отоо чөптү, жайыт жана чабындыда пайдасыз бадалдарды жок кылуу, түшүм жыйноо алдында пахта жалбырагын түшүрүү, минералдык жер семирткич чачуу, жайытка чөп эгүү, жандыктарды, айыл чарба шаймандарын ташуу, медициналык жана ветеринардык жардам (оорулуу адамдарды ташуу, дары‑дармек жеткирүү ж. б.) көрсөтүү ж. б‑да пайдаланылат. Айыл чарбасында АН‑2, АН‑2М, ЯК‑12 самолёттору, МИ‑1НХ, КА‑15, МИ‑1, МИ‑2 вертолёттору колдонулат. Аларда суюк химикат, минералдык жер семирткич, чөп уругун ж. б. чачуучу атайын аппаратуралар орнотулган. Анын жардамы менен бардык өсүмдүктөрдүн (айрыкча пахта, эгин, кант кызылчасы) зыянкечтерине каршы күрөш жүргүзүлөт. Өсүмдүк зыянкечи менен илдет козгогучунун түрүнө жараша күкүмдөлгөн кургак пестицидди (1 га жерге 10‑40 кг), суюк уу химикаттарды (1 га жерге 5‑50 л) 5–10 м бийиктиктен чачат (чаңдатат). Уу химикатты майда тамчылатып чачуу ыкмасы жакшы натыйжа берип, суюктук аз (5‑25 л) жумшалат. Мындай чандатып чачуу иштери адатта эртең менен (саат 4төн 9га чейин), кечинде (саат 17ден 20га чейин) жүргүзүлөт.