Difference between revisions of "АЙТМАТОВ ТААНУУ"
м (→top: clean up, replaced: м‑н → менен (4), ж‑а → жана (5)) |
м (→top: категория кошуу) |

(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙТМАТОВ ТААНУУ''' – кыргыз ''адабият таа­нуу'' илиминин бир тармагы. Жазуучу Ч. ''Айтма­товдун'' чыгармачылыгын иликтеп, талдайт. Борбордук Азия аймагында: Казакстанда | '''АЙТМАТОВ ТААНУУ''' – кыргыз ''адабият таа­нуу'' илиминин бир тармагы. Жазуучу Ч. ''Айтма­товдун'' чыгармачылыгын иликтеп, талдайт. Борбордук Азия аймагында: Казакстанда абай таануу, ауэзов таануу, Өзбекстанда навои таануу, Кыргызстанда айтматов таануу, ''алыкул таануу'' илимдери пайда болду. Aйтматов таанууда жазуучунун өмүрү менен чыгармачылыгы, философиялык, коомдук‑эстетикалык көз карашын чагылдырган эмгектери камтылган. Ч. Айтматов адабият майданына келгенден тартып эле окурмандардын көңүлүн өзүнө бурду. Ага арналган макалалар Кыргызстанда ж. б. республикаларда да жарыялана баштады. Бул процесс өзгөчө «Жамийла» повестинин жарык көрүшү менен күч алды. Казак адабиятынын классиги М. Ауэзов жанa француз жазуучусу Л. Арагон повестке жогору баа беришкен. 1959‑жылы Л. Арагон повестти орус тилинен француз тилине которгон жана ал чыгарма Парижден жарык көргөн. Ушундан баштап Ч. Айтматовдун чыгармалары ар түрдүү тилдерде жарык көрүүдө, чет өлкөлөрдө Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу илимий изилдөөлөр, рецензиялар, монографиялар, окурмандык ойлор да үзгүлтүксүз жарыяланып келет. 1963‑жылы жазуучуга «Тоо, талаалар повести» үчүн Лениндик сыйлык ыйгарылгандан кийин да көп сандаган макала гезит‑журналдардын беттерине басылып чыкты. Мындай факты‑материалдар өз кезегинде жалпылаштырылган илимий анализди, жыйынтыктоо зарылдыгын жаратты, натыйжада бир канча кандидаттык диссертациялар, ''адабият таану''у''да'' жанa ''адабий сында'' бир топ кызыктуу илимий эмгектер жазылган. А. Анастасьева, Л. Арутюнов, Вл. Воронов, Г. Гачев, Н. Гейн, Ч. Гусейнов, У. Далгат, А. Исенов, 3. Кедрина, В. Коркин, В. Левченко, Г. Ломидзе, В. Новиков, А. Овчаренко, В. Осиоцкий, Б. Паикин, В. Селиверстов, В. Смирнова, Ю. Суровцева, Л. Якименко ж. б. макалаларында, монографияларында жазуучунун чыгармачылыгына байланыштуу бир топ проблемалар концептуалдуу чечилишке ээ болду. Алардын ичинен филология илимдеринин доктору Г. Гачевдин «Айтматов и мировая литература» (1982) аттуу көлөмдүү монографиясында жазуучунун чыгармачылыгындагы улуттук дүйнө тааным жана мифология проблемасы дүйнөлүк маданияттын контекстинде каралып, андагы ар тараптуу оригиналдуу, айрым жерлеринде талаш‑тартыштуу ойлору бар олуттуу концепциялары жаңыча изилдөөлөрдүн жаралышына өбөлгө түзгөн. Аталган монографияга чейин окумуштуунун мезгилдүү басма сөздө бир нече макалалары («Любовь, человек, эпоха. Рассуждение о пове­сти «Джамилия» деген ат менен) «Советский пи­сатель» басмасынан (1965) өзүнчө китепче түрүндө жарык көргөн. Ч. Айтматов боюнча союздук жана республикалык басма сөздөрдө жарык көргөн макалаларды (башка тилде болсо орусчага которуу) жыйноо үчүн ташпырма берилип, КР УИАнын Тил жана адабият институту тарабынан 1975‑ж. «Чин­гиз Айтматов: статьи и рецензии о его творче­стве» аттуу 50 000 нуска менен 17 басма табак көлөмүндө китеп басылып чыккан. Ага 55 макала кирген. Кыргызстандагы Айтматов илиминин өнүгүшүн 1950‑жылдардан кийинки кыргыз ''адаби­ят теориясы, адабият тарыхы'' жана ''адабий сынынын'' өнүгүү процессинен бөлүп кароого болбойт. К. Абдылдабековдун «Жазуучу жана ада­бий сын» монографиясы (1979), 1960‑жылдардын ичинде жана андан кийинки жылдары жарык көргөн «Чыңгыз Айтматов» (Б. Ашымбаев. Ф., 1965), «Откровения любви» (В. Селиверстов. Ф., 1966), 80‑жылдары «Публицисттин үнү» (3. Закирова. Ф., 1980), «Айтматовдун каар­мандарынын көркөм дүйнөсү» (Л. Үкүбаева. Ф., 1984), «Чингиз Айтматов» (В. Левченко. М., 1986), «Восприятия творчества Чингиза Айтма­това в англоязычных литературах» (Ж. Рыскулова. Ф., 1987), «Адам, адабият жана аалам» (К. Ибраимов. 1986), «Чыңгыз Айтматов жана боордош элдер адабияты» (А. Акматалиев. Ф., 1988), «Айтматовго таасирленүү» (А. Акматалиев. Ф., 1988), «Чыңгыз Айтматов: жизнь и творчество» (Б., 1991), «Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсү» (А. Акматалиев. Анкара, 1999), «Чингиз Айтматов в Германии» (исследования, статьи и рецензии о его творчестве, составитель Е. И. Шагалова. Ф., 1991), «Кыргызстанда Айт­матов таануу илиминин пайда болушу жана өнүгүшү» (А. Садыков. Ф., 1992), «Ч. Айтматов­дун повесттериндеги салыштыруу жана метафо­ра» (Ж. Бакашова. Ф., 1992), «Ч. Айтматовдун көркөм дүйнөсү» (А. Садыков. Ж. Бакашова. Б., 1997), «Айтматовдун автокотормолору», «Тоо арасында» романынын орусча котормосу» (А. Садыков. Б., 1998) ж. б. маалыматтар Кыргызстанда Айтматов илими күрдөөлдүү өнүгүп жаткандыгынын күбөсү боло алат. Айтматовдун чыгармачылыгы ошондой эле улуттук искусствобуздун бардык тармагына өз таасирин тийгизди («Чыңгыз Айт­матов жана искусство», 1978), «Шекер и кос­мос» (К. Асаналиев. 2000), «Реализм дүйнөсүндө» (А. Садыков, А. Жантаев. Б., 2001), «Ч. Айт­матовдун пейзаж тартуу чеберчилиги» (Н. Сыдыков. Б., 2002), «Ч. Айтматовдун чыгарма­ларындагы символдор» (А. Садыков, Н. Тыныстанова. Б., 2002), «Айтматов – котормочу» (А. Садыков. Б., 2003), «Империя Айтматова: Художник и мыслитель Чингиз Айтматов ин­теллектуальный покоритель XX столетия» (Р. Рахманалиев. М., 2005). Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына арнап, ошондой эле белгилүү окумуштуулар Ч. Жолдошева, С. Жигитов, А. Эркебаев, И. Лайлиева ж. б. арбын эмгек жазышты. Бүгүнкү күнгө чейин кандидаттык, докторлук диссертациялар жакталды, жыйнактар, монографиялар жарык көрүүдө, эл аралык илимий-практикалык конференциялар (1985,1988,1993,1999) өткөрүлгөн. | ||
''А. Садыков, А. Кадырмамбетова.''

[[Категория:1-Том]] |
08:44, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙТМАТОВ ТААНУУ – кыргыз адабият таануу илиминин бир тармагы. Жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармачылыгын иликтеп, талдайт. Борбордук Азия аймагында: Казакстанда абай таануу, ауэзов таануу, Өзбекстанда навои таануу, Кыргызстанда айтматов таануу, алыкул таануу илимдери пайда болду. Aйтматов таанууда жазуучунун өмүрү менен чыгармачылыгы, философиялык, коомдук‑эстетикалык көз карашын чагылдырган эмгектери камтылган. Ч. Айтматов адабият майданына келгенден тартып эле окурмандардын көңүлүн өзүнө бурду. Ага арналган макалалар Кыргызстанда ж. б. республикаларда да жарыялана баштады. Бул процесс өзгөчө «Жамийла» повестинин жарык көрүшү менен күч алды. Казак адабиятынын классиги М. Ауэзов жанa француз жазуучусу Л. Арагон повестке жогору баа беришкен. 1959‑жылы Л. Арагон повестти орус тилинен француз тилине которгон жана ал чыгарма Парижден жарык көргөн. Ушундан баштап Ч. Айтматовдун чыгармалары ар түрдүү тилдерде жарык көрүүдө, чет өлкөлөрдө Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу илимий изилдөөлөр, рецензиялар, монографиялар, окурмандык ойлор да үзгүлтүксүз жарыяланып келет. 1963‑жылы жазуучуга «Тоо, талаалар повести» үчүн Лениндик сыйлык ыйгарылгандан кийин да көп сандаган макала гезит‑журналдардын беттерине басылып чыкты. Мындай факты‑материалдар өз кезегинде жалпылаштырылган илимий анализди, жыйынтыктоо зарылдыгын жаратты, натыйжада бир канча кандидаттык диссертациялар, адабият таанууда жанa адабий сында бир топ кызыктуу илимий эмгектер жазылган. А. Анастасьева, Л. Арутюнов, Вл. Воронов, Г. Гачев, Н. Гейн, Ч. Гусейнов, У. Далгат, А. Исенов, 3. Кедрина, В. Коркин, В. Левченко, Г. Ломидзе, В. Новиков, А. Овчаренко, В. Осиоцкий, Б. Паикин, В. Селиверстов, В. Смирнова, Ю. Суровцева, Л. Якименко ж. б. макалаларында, монографияларында жазуучунун чыгармачылыгына байланыштуу бир топ проблемалар концептуалдуу чечилишке ээ болду. Алардын ичинен филология илимдеринин доктору Г. Гачевдин «Айтматов и мировая литература» (1982) аттуу көлөмдүү монографиясында жазуучунун чыгармачылыгындагы улуттук дүйнө тааным жана мифология проблемасы дүйнөлүк маданияттын контекстинде каралып, андагы ар тараптуу оригиналдуу, айрым жерлеринде талаш‑тартыштуу ойлору бар олуттуу концепциялары жаңыча изилдөөлөрдүн жаралышына өбөлгө түзгөн. Аталган монографияга чейин окумуштуунун мезгилдүү басма сөздө бир нече макалалары («Любовь, человек, эпоха. Рассуждение о повести «Джамилия» деген ат менен) «Советский писатель» басмасынан (1965) өзүнчө китепче түрүндө жарык көргөн. Ч. Айтматов боюнча союздук жана республикалык басма сөздөрдө жарык көргөн макалаларды (башка тилде болсо орусчага которуу) жыйноо үчүн ташпырма берилип, КР УИАнын Тил жана адабият институту тарабынан 1975‑ж. «Чингиз Айтматов: статьи и рецензии о его творчестве» аттуу 50 000 нуска менен 17 басма табак көлөмүндө китеп басылып чыккан. Ага 55 макала кирген. Кыргызстандагы Айтматов илиминин өнүгүшүн 1950‑жылдардан кийинки кыргыз адабият теориясы, адабият тарыхы жана адабий сынынын өнүгүү процессинен бөлүп кароого болбойт. К. Абдылдабековдун «Жазуучу жана адабий сын» монографиясы (1979), 1960‑жылдардын ичинде жана андан кийинки жылдары жарык көргөн «Чыңгыз Айтматов» (Б. Ашымбаев. Ф., 1965), «Откровения любви» (В. Селиверстов. Ф., 1966), 80‑жылдары «Публицисттин үнү» (3. Закирова. Ф., 1980), «Айтматовдун каармандарынын көркөм дүйнөсү» (Л. Үкүбаева. Ф., 1984), «Чингиз Айтматов» (В. Левченко. М., 1986), «Восприятия творчества Чингиза Айтматова в англоязычных литературах» (Ж. Рыскулова. Ф., 1987), «Адам, адабият жана аалам» (К. Ибраимов. 1986), «Чыңгыз Айтматов жана боордош элдер адабияты» (А. Акматалиев. Ф., 1988), «Айтматовго таасирленүү» (А. Акматалиев. Ф., 1988), «Чыңгыз Айтматов: жизнь и творчество» (Б., 1991), «Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсү» (А. Акматалиев. Анкара, 1999), «Чингиз Айтматов в Германии» (исследования, статьи и рецензии о его творчестве, составитель Е. И. Шагалова. Ф., 1991), «Кыргызстанда Айтматов таануу илиминин пайда болушу жана өнүгүшү» (А. Садыков. Ф., 1992), «Ч. Айтматовдун повесттериндеги салыштыруу жана метафора» (Ж. Бакашова. Ф., 1992), «Ч. Айтматовдун көркөм дүйнөсү» (А. Садыков. Ж. Бакашова. Б., 1997), «Айтматовдун автокотормолору», «Тоо арасында» романынын орусча котормосу» (А. Садыков. Б., 1998) ж. б. маалыматтар Кыргызстанда Айтматов илими күрдөөлдүү өнүгүп жаткандыгынын күбөсү боло алат. Айтматовдун чыгармачылыгы ошондой эле улуттук искусствобуздун бардык тармагына өз таасирин тийгизди («Чыңгыз Айтматов жана искусство», 1978), «Шекер и космос» (К. Асаналиев. 2000), «Реализм дүйнөсүндө» (А. Садыков, А. Жантаев. Б., 2001), «Ч. Айтматовдун пейзаж тартуу чеберчилиги» (Н. Сыдыков. Б., 2002), «Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы символдор» (А. Садыков, Н. Тыныстанова. Б., 2002), «Айтматов – котормочу» (А. Садыков. Б., 2003), «Империя Айтматова: Художник и мыслитель Чингиз Айтматов интеллектуальный покоритель XX столетия» (Р. Рахманалиев. М., 2005). Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына арнап, ошондой эле белгилүү окумуштуулар Ч. Жолдошева, С. Жигитов, А. Эркебаев, И. Лайлиева ж. б. арбын эмгек жазышты. Бүгүнкү күнгө чейин кандидаттык, докторлук диссертациялар жакталды, жыйнактар, монографиялар жарык көрүүдө, эл аралык илимий-практикалык конференциялар (1985,1988,1993,1999) өткөрүлгөн.
А. Садыков, А. Кадырмамбетова.