Difference between revisions of "АК ҮЙЛҮҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
м (→‎top: категория кошуу)
 
(6 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
‒  1) байыркы ж-а о. кылымдарда көчмөн элдерде урууну, элди баш ийдирип кармап туруу максатында, же болбосо эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түзүлгөн келишим дин кепили катары тектүү адамдардын балдарын барымтага кармоо. Бул саясий-дипл. ыкманы кытай династиялары да пайдаланышкан. Көчмөн элдерде барымтага кармалгандар (же берилгендер) хан сарайына жакын жердеги ак бозүйлөрдө сыйлуу туткун денгээлинде, көзөмөл алдында турушкан. Көчмөн элдерде байыртадан туруктуу сакталып келе жаткан мындай эзелки барымта салты «Манас» эпосунда да чагылдырылган; 2) түркмөндөрдө, о. эле каршилик көчмөн өзбектерде уруунун ээлеген чегин кайтарган, үй-бүлө күтө элек боз уландардын тобу.<br>
'''АК ҮЙЛҮҮ''' ‒  1) байыркы <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> орто кылымдарда көчмөн элдерде колдонулган эреже-салт. Башка уруу же элди баш ийдирип туруу максатында, же болбосо эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түзүлгөн келишимди бузбоо үчүн бийлик башындагы тектүү (хан, бий) адамдардан же алардын балдарын кепилдикке берүү (алуу). Мындай эреже-салт байыркы кытай династияларына тиешелүү хроникаларда жана орто кылымдардагы араб-перс жазма эстеликтеринде кеңири кезигет. Көчмөн элдерде байыртадан туруктуу сакталып келе жаткан мындай салт «Манас» эпосунда да чагылдырылган. Кыргыз санжырасында Тагай бийдин Эреше хандын алдында «ак үйлүү» болуп жүргөнү айтылат; 2) Казактарда  жер оодаруу, көчүрүү маанисинде, ал эми түркмөндөрдө, ошондой эле каршилик көчмөн өзбектерде уруунун ээлеген чегин кайтарган, үй-бүлө күтө элек боз уландардын тобу.


Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-китеп. Бишкек, 1993; Бичурин (Ианкиф) Н. Я.  Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.-Л., 1950. Т. I; Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер Б; 1999; Толстов С. П. К истории древнетюркской социальной терминологии. //Вестник древней истории. М., 1938. № 1(2).<br>
[[Категория:1-Том]]

08:58, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АК ҮЙЛҮҮ ‒ 1) байыркы жана орто кылымдарда көчмөн элдерде колдонулган эреже-салт. Башка уруу же элди баш ийдирип туруу максатында, же болбосо эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түзүлгөн келишимди бузбоо үчүн бийлик башындагы тектүү (хан, бий) адамдардан же алардын балдарын кепилдикке берүү (алуу). Мындай эреже-салт байыркы кытай династияларына тиешелүү хроникаларда жана орто кылымдардагы араб-перс жазма эстеликтеринде кеңири кезигет. Көчмөн элдерде байыртадан туруктуу сакталып келе жаткан мындай салт «Манас» эпосунда да чагылдырылган. Кыргыз санжырасында Тагай бийдин Эреше хандын алдында «ак үйлүү» болуп жүргөнү айтылат; 2) Казактарда жер оодаруу, көчүрүү маанисинде, ал эми түркмөндөрдө, ошондой эле каршилик көчмөн өзбектерде уруунун ээлеген чегин кайтарган, үй-бүлө күтө элек боз уландардын тобу.

Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-китеп. Бишкек, 1993; Бичурин (Ианкиф) Н. Я.  Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.-Л., 1950. Т. I; Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер Б; 1999; Толстов С. П. К истории древнетюркской социальной терминологии. //Вестник древней истории. М., 1938. № 1(2).