Difference between revisions of "АББАС I"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → менен (3), ж-а → жана (6))
м (→‎top: clean up)

(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АББАС I''' (27. 1. 1571, Казвин – 19. 1. 1629, Исфакан) – Ирандын шахы (1587-жылдан), Сефевиддер династиясынан. Борборлоштурулган бийликти бекемдеп, түрктөрдөн эмес, отурукташкан ирандыктардан түзүлгөн жарандык бюрократиянын ролун күчөткөн. А. I Ирандын борб. райондорун чет жакадагы аймактардын жана багындырылган өлкөлөрдүн эсебинен чыңдаган. Анын тушунда мамлекеттин борбору Исфакан ш-на (1598) көчүрүлөт. Ирандын ички провинцияларына армян, грузин, азербайжан, курд кол өнөрчүлөрүн жана дыйкандарды күч менен жер которуштурган. Өлкөдө жолдор, каналдар, кербен сарайлар салынган, регулярдуу аскерлерди топтогон. Түркия менен согушуп, Закавказье, Ирак, Хорасандагы үстөмдүгүн калыбына келтирген жана Бахрейн а-н, Кандагарды жана Ормуз а-н басып алган. Ал Европа өлкөлөрүнүн мад-тына кызыккан, бир катар өлкөлөр менен соода жана саясий мамилелерди түзгөн. А-тын тушунда Иран көз каранды эместикке жетишкен жана өзгөчө күчтүү өлкөгө айланган.

'''АББАС I, Аббас-Шах''', '''Аббас Бахадур Хан''' (азерб. ''Abbas Səfəvi;'' 27. 1. 1571, Казвин – 19. 1. 1629, Исфакан) – Сефевиддер династиясынан  чыккан перс шахы (1588–1629). Бийликке келгенден кийин борборлоштурулган бийликти бекемдеп, административдик, аскер, саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзгөн. Анын тушунда Сефедивдер империясынын ээлиги Тигр дарыясынан Кандагар шаарына чейин созулуп, 1598-жылы өлкөнүн борбору Казвинден Исфакан шаарына көчүрүлгөн. 1601-жылы Аббас I азыркы Армения, Грузиянын бир бөлүгүн жана Ширванды, 1613-жылы Кахетия, Картли падышачылыгын толук караткан. Көп жылдар бою түрктөр (Осмон империясы) менен согушуп, Закавказьеден тышкары Бахрейн, Ормуз аралдарын басып алган. Ал Европа өлкөлөрүнүн маданиятына кызыгып, бир катар өлкөлөр менен соода жана саясий мамилелерди түзгөн. Перс жана түрк-азербайжан тилдеринде сүйлөп, ырларды жазган.

Ад.: ''R. Savory''. The history of Shah Abbas the Great. – Vol. I.

[[Категория:1-Том]]

16:26, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АББАС I, Аббас-Шах, Аббас Бахадур Хан (азерб. Abbas Səfəvi; 27. 1. 1571, Казвин – 19. 1. 1629, Исфакан) – Сефевиддер династиясынан  чыккан перс шахы (1588–1629). Бийликке келгенден кийин борборлоштурулган бийликти бекемдеп, административдик, аскер, саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзгөн. Анын тушунда Сефедивдер империясынын ээлиги Тигр дарыясынан Кандагар шаарына чейин созулуп, 1598-жылы өлкөнүн борбору Казвинден Исфакан шаарына көчүрүлгөн. 1601-жылы Аббас I азыркы Армения, Грузиянын бир бөлүгүн жана Ширванды, 1613-жылы Кахетия, Картли падышачылыгын толук караткан. Көп жылдар бою түрктөр (Осмон империясы) менен согушуп, Закавказьеден тышкары Бахрейн, Ормуз аралдарын басып алган. Ал Европа өлкөлөрүнүн маданиятына кызыгып, бир катар өлкөлөр менен соода жана саясий мамилелерди түзгөн. Перс жана түрк-азербайжан тилдеринде сүйлөп, ырларды жазган.

Ад.: R. Savory. The history of Shah Abbas the Great. – Vol. I.