Difference between revisions of "«АЛГАЧКЫ АДАМДАР ТОБУ»"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → менен, ж-а → жана (2))
м (→‎top: clean up)

(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''«АЛГАЧКЫ АДАМДАР ТОБУ»''' ‒ ''алгачкы коомдун'' башталышындагы адамдар жамаатынын шарттуу аталышы. Алар төмөнкү жана ортоңку палеолит мезгилинде жашап, архантроп (питекантроп, синантроп) жана палеоантроп (неандерталь) адамдары пайда болгон доорго туура келет. Бул мезгилде адам баласы айбандар дүйнөсүнөн толук бөлүнүп чыгып, азыркы адамдардын биол. түзүлүшү калыптанган. Жыйноочулук, аӊчылык менен кесиптенишип, таштан, жыгачтан, кийинчерээк сөөктөн одоно түрдө куралдарды (чокмор) жасашкан. Алар жырткыч жаныбарлардан же башка топтогу адамдардан коргонуу үчүн топ-топ (25‒40тай адам) болуп, жылуу жерлерде, үӊкүрлөрдө жашашкан.
'''«АЛГАЧКЫ АДАМДАР ТОБУ»''' ‒ ''алгачкы коомдун'' башталышындагы адамдар жамаатынын шарттуу аталышы. Алар төмөнкү жана ортоңку палеолит мезгилинде жашап, архантроп (питекантроп, синантроп) жана палеоантроп (неандерталь) адамдары пайда болгон доорго туура келет. Бул мезгилде адам баласы айбандар дүйнөсүнөн толук бөлүнүп чыгып, азыркы адамдардын биологиялык  түзүлүшү калыптанган. Жыйноочулук, аӊчылык менен кесиптенишип, таштан, жыгачтан, кийинчерээк сөөктөн одоно түрдө куралдарды (чокмор) жасашкан. Алар жырткыч жаныбарлардан же башка топтогу адамдардан коргонуу үчүн топ-топ (25-40тай адам) болуп, жылуу жерлерде, үӊкүрлөрдө жашашкан.
[[File:«АЛГАЧКЫ АДАМДАР ТОБУ»42.png | thumb|Алгачкы адамдардын үӊкүр тургун жайы (Кетмен-Дөбө өрөөнү).]]
[[File:«АЛГАЧКЫ АДАМДАР ТОБУ»42.png | thumb|Алгачкы адамдардын үӊкүр тургун жайы (Кетмен-Дөбө өрөөнү).]]
Отту табигый түрүндө гана пайдаланып, тамакты чала бышырып жегенди үйрөнүшкөн, бирок от жагууну билишкен эмес. Бара-бара алардын ичиндеги башаламан никесиз мамилелерге тыюу салынып, алгачкы коомдун башталышы болгон уруу келип чыгат. Бул доордун таш куралдары Индонезия, Кытай, Өзбекстан, о. эле Кырг-ндын Нарын өрөөнүндөгү Онарча суусу, Ысык-Көлдүн Балыкчы ш., Тосор өзөнү, Ош аймагынын Кожо-Бакырган-Сай, Сасык-Үӊкүр ж. б. жерлеринен табылууда.

Отту табигый түрүндө гана пайдаланып, тамакты чала бышырып жегенди үйрөнүшкөн, бирок от жагууну билишкен эмес. Бара-бара алардын ичиндеги башаламан никесиз мамилелерге тыюу салынып, алгачкы коомдун башталышы болгон уруу келип чыгат. Бул доордун таш куралдары Индонезия, Кытай, Өзбекстан, ошондой эле Кыргызстандын Нарын өрөөнүндөгү Он-Арча суусу, Ысык-Көлдүн Балыкчы шаары, Тосор өзөнү, Ош аймагынын Кожо-Бакырган-Сай, Сасык-Үӊкүр жана башка жерлеринен табылууда.

[[Категория:1-Том]]

16:20, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

«АЛГАЧКЫ АДАМДАР ТОБУ»алгачкы коомдун башталышындагы адамдар жамаатынын шарттуу аталышы. Алар төмөнкү жана ортоңку палеолит мезгилинде жашап, архантроп (питекантроп, синантроп) жана палеоантроп (неандерталь) адамдары пайда болгон доорго туура келет. Бул мезгилде адам баласы айбандар дүйнөсүнөн толук бөлүнүп чыгып, азыркы адамдардын биологиялык түзүлүшү калыптанган. Жыйноочулук, аӊчылык менен кесиптенишип, таштан, жыгачтан, кийинчерээк сөөктөн одоно түрдө куралдарды (чокмор) жасашкан. Алар жырткыч жаныбарлардан же башка топтогу адамдардан коргонуу үчүн топ-топ (25-40тай адам) болуп, жылуу жерлерде, үӊкүрлөрдө жашашкан.

Алгачкы адамдардын үӊкүр тургун жайы (Кетмен-Дөбө өрөөнү).

Отту табигый түрүндө гана пайдаланып, тамакты чала бышырып жегенди үйрөнүшкөн, бирок от жагууну билишкен эмес. Бара-бара алардын ичиндеги башаламан никесиз мамилелерге тыюу салынып, алгачкы коомдун башталышы болгон уруу келип чыгат. Бул доордун таш куралдары Индонезия, Кытай, Өзбекстан, ошондой эле Кыргызстандын Нарын өрөөнүндөгү Он-Арча суусу, Ысык-Көлдүн Балыкчы шаары, Тосор өзөнү, Ош аймагынын Кожо-Бакырган-Сай, Сасык-Үӊкүр жана башка жерлеринен табылууда.