Difference between revisions of "АЙЫЛ ЧАРБА МАШИНАЛАРЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЙЫЛ ЧАРБА МАШИНАЛАРЫ''' – а. ч. өсүмдү­гүн өстүрүүдө, мал асыроодо, өсүмдүк ж‑a мал азык‑түлүгүн алууда, даярдоодо, о. эле суу ж‑а мелиорациялык курулуш, токой чарба жумуш­тарын аткарууда колдонулуучу тех. каражат­тар. Аларды куруу 19‑к‑дын башында Англия­да, кийинчерээк АКШда, Францияда, 20‑к‑дан дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө өнүгө баштаган. Ага чейин 1655‑ж. орустун ойлоп табуучулары А. Терентьев ж‑a М. Крик суу м‑н иштөөчү эгин бастыргычты, 1759‑ж. И. Ползунов буу кый­мылдаткычын ойлоп тапкан. 1844‑ж. И. Кобы­ленский картөшкө жыйноочу машинаны жаса­ган. Биринчи чөп чапкычты А. Хейрин (1852), эгин жыйноочу комбайнды алгач агроном . Власенко (1868), ал эми 1871‑ж. Р. Глинков кендир токуучу түзүлүштү ойлоп тапкан. Бирин­чи каз тамандуу тракторду Ф. Блинов ишке кир­гизген (1888). Азыркы учурда а. ч‑да жөнөкөй курал‑шаймандан баштан тармактык жогорку компьютерлешкен инновациялык‑маалымат­тык технологиялар колдонулууда. Алар а. ч. өндүрүшүн комплекстүү механикалаштыруу үчүн машиналар системасынын негизинде жасалып чыгарылат. Машиналар системасы өсүмдүк өс­түрүүчүлүк, мал чарбасы, мелиорация, токой ж‑a талаачылык, токой өстүрүү багытында тү­зүлөт. А. ч. м. арналышы б‑ча топурак иш­тетүүчү, үрөн себүүчү ж‑a көчөт отургузуучу, жер семирткич чачуучу, өсүмдүктү илдет м‑н зыян­кечтен коргоочу, тоют даярдоочу, дан эгинин оруп‑жыйноочу ж‑a иштетүүчү, жүгөрү, жашыл­ча, азыктамырлуу өсүмдүктөрдү өстүрүп, жый­ноочу, сугат ж‑a мелиорация тармагында, то­койчулукта, мал чарбасында колдонулуучу ма­шиналар болуп айырмаланат. Азыркы учурда жогорку өндүрүмдүүлүктү камсыз кылуучу А. ч. м. жасалууда. Аларга өзү жүрүүчү эгин чабуучу комбайндар, чөп чапкычтар, пахта жыйноочу машиналар, кант кызылчасы м‑н жүгөрү жый­ноочу комбайндар, мал чарбасын механикалаш­тыруучу машиналар ж‑a жабдуулар кирет. А. ч. м. – энергетикалык (тракторлор, өзү жүрүүчү шассилер ж‑a жылуулук берүүчү кыймылдат­кычтар) ж‑a технол. комбайндар, жер иштетүүчү машиналар ж‑a механизмдер болуп эки багыт­та иштейт.
'''АЙЫЛ ЧАРБА МАШИНАЛАРЫ''' – айыл чарба  өсүмдү­гүн өстүрүүдө, мал асыроодо, өсүмдүк жанa мал азык‑түлүгүн алууда, даярдоодо, ошондой эле суу жана мелиорациялык курулуш, токой чарба жумуш­тарын аткарууда колдонулуучу техникалык  каражат­тар. Аларды куруу 19‑кылымдын башында Англия­да, кийинчерээк АКШда, Францияда, 20‑кылымдан дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө өнүгө баштаган. Ага чейин 1655‑жылы  орустун ойлоп табуучулары А. Терентьев ж‑a М. Крик суу менен иштөөчү эгин бастыргычты, 1759‑жылы  И. Ползунов буу кый­мылдаткычын ойлоп тапкан. 1844‑жылы  И. Кобы­ленский картөшкө жыйноочу машинаны жаса­ган. Биринчи чөп чапкычты А. Хейрин (1852), эгин жыйноочу комбайнды алгач агроном   Власенко (1868), ал эми 1871‑жылы  Р. Глинков кендир токуучу түзүлүштү ойлоп тапкан. Бирин­чи каз тамандуу тракторду Ф. Блинов ишке кир­гизген (1888). Азыркы учурда айыл  чарбада жөнөкөй курал‑шаймандан баштап тармактык жогорку компьютерлешкен инновациялык‑маалымат­тык технологиялар колдонулууда. Алар айыл чарба өндүрүшүн комплекстүү механикалаштыруу үчүн машиналар системасынын негизинде жасалып чыгарылат. Машиналар системасы өсүмдүк өс­түрүүчүлүк, мал чарбасы, мелиорация, токой жанa талаачылык, токой өстүрүү багытында тү­зүлөт. Айыл чарба машиналары арналышы боюнча топурак иш­тетүүчү, үрөн себүүчү жанa көчөт отургузуучу, жер семирткич чачуучу, өсүмдүктү илдет менен зыян­кечтен коргоочу, тоют даярдоочу, дан эгинин оруп‑жыйноочу жанa иштетүүчү, жүгөрү, жашыл­ча, азык тамырлуу өсүмдүктөрдү өстүрүп, жый­ноочу, сугат жанa мелиорация тармагында, то­койчулукта, мал чарбасында колдонулуучу ма­шиналар болуп айырмаланат. Азыркы учурда жогорку өндүрүмдүүлүктү камсыз кылуучу Айыл чарба машиналары  жасалууда. Аларга өзү жүрүүчү эгин чабуучу комбайндар, чөп чапкычтар, пахта жыйноочу машиналар, кант кызылчасы менен жүгөрү жый­ноочу комбайндар, мал чарбасын механикалаш­тыруучу машиналар жанa жабдуулар кирет. Айыл чарба машиналары  – энергетикалык (тракторлор, өзү жүрүүчү шассилер жанa жылуулук берүүчү кыймылдат­кычтар) жанa технологиялык  комбайндар, жер иштетүүчү машиналар жанa механизмдер болуп эки багыт­та иштейт.

''Т. Орозалиев,  Ы. Осмонов.''

''Т. Орозалиев,  Ы. Осмонов.''

[[Категория:1-Том]]

08:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЙЫЛ ЧАРБА МАШИНАЛАРЫ – айыл чарба өсүмдү­гүн өстүрүүдө, мал асыроодо, өсүмдүк жанa мал азык‑түлүгүн алууда, даярдоодо, ошондой эле суу жана мелиорациялык курулуш, токой чарба жумуш­тарын аткарууда колдонулуучу техникалык каражат­тар. Аларды куруу 19‑кылымдын башында Англия­да, кийинчерээк АКШда, Францияда, 20‑кылымдан дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө өнүгө баштаган. Ага чейин 1655‑жылы орустун ойлоп табуучулары А. Терентьев ж‑a М. Крик суу менен иштөөчү эгин бастыргычты, 1759‑жылы И. Ползунов буу кый­мылдаткычын ойлоп тапкан. 1844‑жылы И. Кобы­ленский картөшкө жыйноочу машинаны жаса­ган. Биринчи чөп чапкычты А. Хейрин (1852), эгин жыйноочу комбайнды алгач агроном Власенко (1868), ал эми 1871‑жылы Р. Глинков кендир токуучу түзүлүштү ойлоп тапкан. Бирин­чи каз тамандуу тракторду Ф. Блинов ишке кир­гизген (1888). Азыркы учурда айыл чарбада жөнөкөй курал‑шаймандан баштап тармактык жогорку компьютерлешкен инновациялык‑маалымат­тык технологиялар колдонулууда. Алар айыл чарба өндүрүшүн комплекстүү механикалаштыруу үчүн машиналар системасынын негизинде жасалып чыгарылат. Машиналар системасы өсүмдүк өс­түрүүчүлүк, мал чарбасы, мелиорация, токой жанa талаачылык, токой өстүрүү багытында тү­зүлөт. Айыл чарба машиналары арналышы боюнча топурак иш­тетүүчү, үрөн себүүчү жанa көчөт отургузуучу, жер семирткич чачуучу, өсүмдүктү илдет менен зыян­кечтен коргоочу, тоют даярдоочу, дан эгинин оруп‑жыйноочу жанa иштетүүчү, жүгөрү, жашыл­ча, азык тамырлуу өсүмдүктөрдү өстүрүп, жый­ноочу, сугат жанa мелиорация тармагында, то­койчулукта, мал чарбасында колдонулуучу ма­шиналар болуп айырмаланат. Азыркы учурда жогорку өндүрүмдүүлүктү камсыз кылуучу Айыл чарба машиналары жасалууда. Аларга өзү жүрүүчү эгин чабуучу комбайндар, чөп чапкычтар, пахта жыйноочу машиналар, кант кызылчасы менен жүгөрү жый­ноочу комбайндар, мал чарбасын механикалаш­тыруучу машиналар жанa жабдуулар кирет. Айыл чарба машиналары – энергетикалык (тракторлор, өзү жүрүүчү шассилер жанa жылуулук берүүчү кыймылдат­кычтар) жанa технологиялык комбайндар, жер иштетүүчү машиналар жанa механизмдер болуп эки багыт­та иштейт.

Т. Орозалиев, Ы. Осмонов.