Difference between revisions of "АРСЕНАЛ"
м (→top: категория кошуу) |

(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
''' | '''АРСЕНАЛ''' (фр. arsenal, итал. arsenale, ар. дар ас-синаа – өнөркана, устакана) – курал-жарак жана ок-дары кабыл алуу, аларды сактоо, каттоого алуу жана аскерлерге таратып берүүгө арналган аскердик мекеме. Aрсеналда курал-жарактарды оңдоо, жыйноо, айрым бөлүктөрүн жасоо да жүргүзүлгөн. 19-кылымдын аягына чейин көпчүлүк мамлекеттерде Арсенал деңиз жана кургактагы аскерлер үчүн курал-жарактар менен ок-дарыларды чыгарган. Арсенал – заводдордун алдында курал-жарак жана ок-дары сактоочу кампалары болгон. Германияда – Мюнхен, Францияда – Лион, Англияда – Вулидж, АКШда – Франкфорд ж. б. Асеналдар болгон. Россияда «Замбирек куюу үйү» деп аталган Москва Арсеналы (Кремлде). 1712-жылы Санкт-Петербургда «Куюу иши жана замбирек жасоо үйү», 1765-жылы Киев Арсеналы, 1783-жылы Брянск Арсеналы салынган. Кронштадт менен Севастополдо деңиз Арсеналы пайда болгон. 20-кылымдын башында курал-жарактарды жасап чыгаруу өнөр жайдын өз алдынча тармагы катары бөлүнүүсүнө байланыштуу Арсенал алгачкы маанисин жоготуп, тек гана кампа же база катары пайдаланып калган.

[[Категория:1-Том]] |
10:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АРСЕНАЛ (фр. arsenal, итал. arsenale, ар. дар ас-синаа – өнөркана, устакана) – курал-жарак жана ок-дары кабыл алуу, аларды сактоо, каттоого алуу жана аскерлерге таратып берүүгө арналган аскердик мекеме. Aрсеналда курал-жарактарды оңдоо, жыйноо, айрым бөлүктөрүн жасоо да жүргүзүлгөн. 19-кылымдын аягына чейин көпчүлүк мамлекеттерде Арсенал деңиз жана кургактагы аскерлер үчүн курал-жарактар менен ок-дарыларды чыгарган. Арсенал – заводдордун алдында курал-жарак жана ок-дары сактоочу кампалары болгон. Германияда – Мюнхен, Францияда – Лион, Англияда – Вулидж, АКШда – Франкфорд ж. б. Асеналдар болгон. Россияда «Замбирек куюу үйү» деп аталган Москва Арсеналы (Кремлде). 1712-жылы Санкт-Петербургда «Куюу иши жана замбирек жасоо үйү», 1765-жылы Киев Арсеналы, 1783-жылы Брянск Арсеналы салынган. Кронштадт менен Севастополдо деңиз Арсеналы пайда болгон. 20-кылымдын башында курал-жарактарды жасап чыгаруу өнөр жайдын өз алдынча тармагы катары бөлүнүүсүнө байланыштуу Арсенал алгачкы маанисин жоготуп, тек гана кампа же база катары пайдаланып калган.