Difference between revisions of "АРВАД"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АРВАД –''' Түн. Финикиядагы байыркы шаар-мамлекет. Жер ортолук деңизинин чыгыш жээгиндеги аралда жайгашкан. Сириянын Тартус ш-нан 3,5 ''км'' ж-а Триполиден 47 ''км'' түндүктө. Шаар б. з. ч. 3-миң жылдыктын биринчи жарымында ханааней уруулары же арвадиддер тарабынан негизделген. Б. з. ч. 2-миң жылдыкта финикиялык ири шаар-мамлекеттердин бири болгон. Селевкиддер мамлекетинин падышасы Антиох I Сотер шаарды өзүнүн атасы же чоң атасы Селевка I Никатордун урматына Пиерия Антиохиясы деп өзгөрткөн. Б. з. ч. 15-к-дын башында Египет булактарында, б. з. ч. I миң жылдыктын башында ассирия-вавилон шынаа тексттеринде эскерилгендей, А. деңиз саякатчыларынын ж-а соодагерлеринин маанилүү борбору, о. эле чет өлкөлүк басып алуулардан качкан адамдарга баш калкалоочу жай катары эсептелген. Б. з. ч. 14-к-да А. хеттер м-н союздашып, Египетке каршы турган. Б. з. ч. 1100-ж. ченде Ассирия падышасы Тиглатпаласар Iге салык төлөгөн. Б. з. ч. 853-ж. Ассирия падышасы Салманасар IIIгө каршы Каркар согушуна катышкан. Б. з. ч. 734-ж. кайрадан Ассирияга, 604-ж. Жаңы Вавилон падышалыгынын падышасы Навуходоносор IIге баш ийген. Б. з. ч. 5-к-дын аягынан шаар өзүнүн монетасын чыгарган. Б. з. ч. 500–499-ж-дагы грек-перс согуштарында Персияны колдогон. Эллиндик ж-а римдик доорлордо А. көз карандысыздыкка ээ болгон. Аны Рим-Византия мурасчысы башкарган. О. кылымдарда Византиянын кулашына байланыштуу А. кресттүүлөргө баш ийген. 1302-жылдан мусулмандарга багынып берген. А. тургундары балык уулоочулук м-н белгилүү.

'''АРВАД –''' Түндүк Финикиядагы байыркы шаар-мамлекет. Жер ортолук деңизинин чыгыш жээгиндеги аралда жайгашкан. Сириянын Тартус шаарынан 3,5 ''км'' жана Триполиден 47 ''км'' түндүктө. Шаар б. з. ч. 3-миң жылдыктын биринчи жарымында ханааней уруулары же арвадиддер тарабынан негизделген. Б. з. ч. 2-миң жылдыкта финикиялык ири шаар-мамлекеттердин бири болгон. Селевкиддер мамлекетинин падышасы Антиох I Сотер шаарды өзүнүн атасы же чоң атасы Селевка I Никатордун урматына Пиерия Антиохиясы деп өзгөрткөн. Б. з. ч. 15-к-ылымдын башында Египет булактарында, б. з. ч. I миң жылдыктын башында ассирия-вавилон шынаа тексттеринде эскерилгендей, Авад деңиз саякатчыларынын жана соодагерлеринин маанилүү борбору, ошондой эле чет өлкөлүк басып алуулардан качкан адамдарга баш калкалоочу жай катары эсептелген. Б. з. ч. 14-кылымда Арвад хеттер менен союздашып, Египетке каршы турган. Б. з. ч. 1100-жылы ченде Ассирия падышасы Тиглатпаласар Iге салык төлөгөн. Б. з. ч. 853-жылы Ассирия падышасы Салманасар IIIгө каршы Каркар согушуна катышкан. Б. з. ч. 734-жылы кайрадан Ассирияга, 604-жылы Жаңы Вавилон падышалыгынын падышасы Навуходоносор IIге баш ийген. Б. з. ч. 5-кылымдын аягынан шаар өзүнүн монетасын чыгарган. Б. з. ч. 500–499-жылдардагы грек-перс согуштарында Персияны колдогон. Эллиндик жана римдик доорлордо Арвад көз карандысыздыкка ээ болгон. Аны Рим-Византия мурасчысы башкарган. Орто кылымдарда Византиянын кулашына байланыштуу Арвад кресттүүлөргө баш ийген. 1302-жылдан мусулмандарга багынып берген. Арвад  тургундары балык уулоочулук менен белгилүү.

[[Категория:1-Том]]

10:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АРВАД – Түндүк Финикиядагы байыркы шаар-мамлекет. Жер ортолук деңизинин чыгыш жээгиндеги аралда жайгашкан. Сириянын Тартус шаарынан 3,5 км жана Триполиден 47 км түндүктө. Шаар б. з. ч. 3-миң жылдыктын биринчи жарымында ханааней уруулары же арвадиддер тарабынан негизделген. Б. з. ч. 2-миң жылдыкта финикиялык ири шаар-мамлекеттердин бири болгон. Селевкиддер мамлекетинин падышасы Антиох I Сотер шаарды өзүнүн атасы же чоң атасы Селевка I Никатордун урматына Пиерия Антиохиясы деп өзгөрткөн. Б. з. ч. 15-к-ылымдын башында Египет булактарында, б. з. ч. I миң жылдыктын башында ассирия-вавилон шынаа тексттеринде эскерилгендей, Авад деңиз саякатчыларынын жана соодагерлеринин маанилүү борбору, ошондой эле чет өлкөлүк басып алуулардан качкан адамдарга баш калкалоочу жай катары эсептелген. Б. з. ч. 14-кылымда Арвад хеттер менен союздашып, Египетке каршы турган. Б. з. ч. 1100-жылы ченде Ассирия падышасы Тиглатпаласар Iге салык төлөгөн. Б. з. ч. 853-жылы Ассирия падышасы Салманасар IIIгө каршы Каркар согушуна катышкан. Б. з. ч. 734-жылы кайрадан Ассирияга, 604-жылы Жаңы Вавилон падышалыгынын падышасы Навуходоносор IIге баш ийген. Б. з. ч. 5-кылымдын аягынан шаар өзүнүн монетасын чыгарган. Б. з. ч. 500–499-жылдардагы грек-перс согуштарында Персияны колдогон. Эллиндик жана римдик доорлордо Арвад көз карандысыздыкка ээ болгон. Аны Рим-Византия мурасчысы башкарган. Орто кылымдарда Византиянын кулашына байланыштуу Арвад кресттүүлөргө баш ийген. 1302-жылдан мусулмандарга багынып берген. Арвад тургундары балык уулоочулук менен белгилүү.