Difference between revisions of "АРАШАН СУУЛАРЫ"
м (→top: категория кошуу) |

(3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АРАШАН СУУЛАРЫ''' | '''АРАШАН СУУЛАРЫ''' – (монголчо ''аршан'' – булак) – жер астынан чыккан жылуу суулар. Суунун температурасы 37–42° болсо – термалдуу, 20–27° – субтермалдуу, 42°тан жогоркусу гипертермалдуу арашан суулары деп аталат. Арашан суулары негизинен жер астындагы суудан пайда болот. Суу жер кыртышынын тереңиндеги жогорку температурада турган тоо тектердин арасынан сарыгып өткөн кезде ысып, тектоникалык жаракалар аркылуу жер үстүнө чыгат. Арашан суулары көбүнчө жанар тоолуу жерлерде, артезиан суулары жайгашкан жана тектоникалык кыймылдар болуп турган аймактарда кезигет. Жанар тоолуу аймактарда ысыган тоо тектер жер бетине жакын жайгашкандыктан, андагы суу өтө ысып, сыртка буу же кайнар булактар (гейзерлер) түрүндө чыгат. Арашан суулары аз минералдашкандыгы жана өтө жегичтиги менен айырмаланат. Кыргызстанда Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Ата, Жалал-Абад, Жыргалаң курортторунда жана Чоң Кызыл-Суу, Жуукучак, Тоң, Кара-Кече, Үгүт, Гүлчө, Зардалы ж. б. жерлерде бар. Арашан суулары саламаттыкты чыңоо жана ооруларды дарылоо максатында, электр энергиясын алууда, геотермэлектростанцияларын курууда (Калифорния, Италия, КМШ өлкөлөрүндө), турак үйлөр менен теплицаларды жылытууда жана сугат ишинде (Исландия) кеңири пайдаланылат. | ||
Кызыл-Суу, Жуукучак, Тоң, Кара-Кече, Үгүт, Гүлчө, Зардалы ж. б. жерлерде бар. | [[Категория:1-Том]] |
10:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АРАШАН СУУЛАРЫ – (монголчо аршан – булак) – жер астынан чыккан жылуу суулар. Суунун температурасы 37–42° болсо – термалдуу, 20–27° – субтермалдуу, 42°тан жогоркусу гипертермалдуу арашан суулары деп аталат. Арашан суулары негизинен жер астындагы суудан пайда болот. Суу жер кыртышынын тереңиндеги жогорку температурада турган тоо тектердин арасынан сарыгып өткөн кезде ысып, тектоникалык жаракалар аркылуу жер үстүнө чыгат. Арашан суулары көбүнчө жанар тоолуу жерлерде, артезиан суулары жайгашкан жана тектоникалык кыймылдар болуп турган аймактарда кезигет. Жанар тоолуу аймактарда ысыган тоо тектер жер бетине жакын жайгашкандыктан, андагы суу өтө ысып, сыртка буу же кайнар булактар (гейзерлер) түрүндө чыгат. Арашан суулары аз минералдашкандыгы жана өтө жегичтиги менен айырмаланат. Кыргызстанда Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Ата, Жалал-Абад, Жыргалаң курортторунда жана Чоң Кызыл-Суу, Жуукучак, Тоң, Кара-Кече, Үгүт, Гүлчө, Зардалы ж. б. жерлерде бар. Арашан суулары саламаттыкты чыңоо жана ооруларды дарылоо максатында, электр энергиясын алууда, геотермэлектростанцияларын курууда (Калифорния, Италия, КМШ өлкөлөрүндө), турак үйлөр менен теплицаларды жылытууда жана сугат ишинде (Исландия) кеңири пайдаланылат.