Difference between revisions of "АКТУАЛИЗМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM

м (→‎top: категория кошуу)

(8 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
, а к т у а л и с т т и к ы к м а (лат. ''actualis'' ‒ азыркы, анык, чыныгы болуп жаткан) ‒ Жердин өнүгүү тарыхын табигый -илимий жол м-н таануу ыкмасы. А. жербетин деги азыркы учурда болуп жаткан кубулуштар м-н геол. процесстер (жанартоолордун атылышы, жертитирөөлөр, тектон. кыймылдар, чөкмө тоотектердин пайда болушу ж. б.) байыркы доорлордо да болгон деген түшүнүккө таянып, азыркы кездеги түрдүү геол. процесстерди ж-а алардын натыйжаларын изилдеп, салыштыруу нун негизинде өткөн мезгилдердеги жербетинин түзүлүшүн, тоотектердин пайда болуу шарттарын ж. б. болжолдоп аныктоого болот. А. ыкманын пайдаланылышы диалект. негизде гана болушу мүмкүн. А. ыкмасын кийин геол. тарыхты аныктоодо (18-к-дын ортосунда Россияда М. В. Ломоносов, Улуу Британияда Дж. Геттон, Германияда К. фон Гофф) колдонгон. 19-к-дын ортосунда англ. изилдөөчүсү Ч. Лайель униформизмдин концепциясын негиздеп ж-а илимий ыкманы иштеп чыккан, ал 19-к-дын 2-жарымында Францияда, Германияда ж-а Россияда кеӊири колдонула баштаган. А-дин өнүгүүсүнө Н. И. Анрусов, А. Д. Архангельский, Н. М. Страхов, Й. Вальтер, Э. Кайзер (Германия), Л. Кайё (Франция) зор салым кошкон.

Ад.: ''Равикович А. И''. Развитие основных теоретических направлений в геологии ХIХ века. М., 1969; ''Хаин В. Е., Рябухин А. Г.'' История и методология геологических наук. М., 2004.

'''АКТУАЛИЗМ''' а к т у а л и с т т и к  ы к м а (лат. ''actualis'' ‒ азыркы, анык, чыныгы болуп жаткан) ‒ Жердин өнүгүү тарыхын – илимий жол менен таануу ыкмасы. Актуализм жер бетиндеги азыркы учурда болуп жаткан кубулуштар менен геологиялык процесстер (жанар тоолордун атылышы, жер титирөөлөр, тектоникалык кыймылдар, чөкмө тоотектердин пайда болушу ж. б.) байыркы доорлордо да болгон деген түшүнүккө таянып, азыркы кездеги түрдүү геологиялык процесстерди жана алардын натыйжаларын изилдеп, салыштыруунун негизинде өткөн мезгилдердеги жер бетинин түзүлүшүн, тоотектердин пайда болуу шарттарын ж. б. болжолдоп аныктоого болот. Актуализм ыкманын пайдаланылышы диалектикалык  негизде гана болушу мүмкүн. Актуализм ыкмасын кийин геологиялык тарыхты аныктоодо (18-кылымдын ортосунда Россияда М. В. Ломоносов, Улуу Британияда Дж. Геттон, Германияда К. фон Гофф) колдонгон. 19-кылымдын ортосунда англиялык изилдөөчүсү Ч. Лайель униформизмдин концепциясын негиздеп жана илимий ыкманы иштеп чыккан, ал 19-кылымдын 2-жарымында Францияда, Германияда жана Россияда кеӊири колдонула баштаган. Актуализмдин өнүгүүсүнө Н. И. Анрусов, А. Д. Архангельский, Н. М. Страхов, Й. Вальтер, Э. Кайзер (Германия), Л. Кайё (Франция) зор салым кошкон.
Ад.: ''Равикович А. И''. Развитие основных теоретических направлений в геологии ХIХ века. М., 1969; ''Хаин В. Е., Рябухин А. Г.'' История и методология геологических наук. М., 2004.

[[Категория:1-Том]]

09:06, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АКТУАЛИЗМ а к т у а л и с т т и к ы к м а (лат. actualis ‒ азыркы, анык, чыныгы болуп жаткан) ‒ Жердин өнүгүү тарыхын – илимий жол менен таануу ыкмасы. Актуализм жер бетиндеги азыркы учурда болуп жаткан кубулуштар менен геологиялык процесстер (жанар тоолордун атылышы, жер титирөөлөр, тектоникалык кыймылдар, чөкмө тоотектердин пайда болушу ж. б.) байыркы доорлордо да болгон деген түшүнүккө таянып, азыркы кездеги түрдүү геологиялык процесстерди жана алардын натыйжаларын изилдеп, салыштыруунун негизинде өткөн мезгилдердеги жер бетинин түзүлүшүн, тоотектердин пайда болуу шарттарын ж. б. болжолдоп аныктоого болот. Актуализм ыкманын пайдаланылышы диалектикалык негизде гана болушу мүмкүн. Актуализм ыкмасын кийин геологиялык тарыхты аныктоодо (18-кылымдын ортосунда Россияда М. В. Ломоносов, Улуу Британияда Дж. Геттон, Германияда К. фон Гофф) колдонгон. 19-кылымдын ортосунда англиялык изилдөөчүсү Ч. Лайель униформизмдин концепциясын негиздеп жана илимий ыкманы иштеп чыккан, ал 19-кылымдын 2-жарымында Францияда, Германияда жана Россияда кеӊири колдонула баштаган. Актуализмдин өнүгүүсүнө Н. И. Анрусов, А. Д. Архангельский, Н. М. Страхов, Й. Вальтер, Э. Кайзер (Германия), Л. Кайё (Франция) зор салым кошкон.
Ад.: Равикович А. И. Развитие основных теоретических направлений в геологии ХIХ века. М., 1969; Хаин В. Е., Рябухин А. Г. История и методология геологических наук. М., 2004.