Difference between revisions of "АДЫР термин"
Jump to navigation
Jump to search
м (→top: категория кошуу) |
|||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДЫР''' – Кыргызстанда жанa чектеш өлкөлөрдө тоо этектерин ээлеген дөңсөөлөр. Ага тоо этектеринде же аларга жакын аймактарда таралган дөңсөөлүү, капталдары кокту‑колоттуу, жанаша жаткан түздүктөрдөн 100–400 ''м'' көтөрүңкү, үстүнкү бети лёсс же төртүнчүлүк мезгилдин талкаланган борпоң тектеринен түзүлгөн аймактар кирет. Адырларга негизинен чөл, жарым чөл <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> талаа ландшафттары мүнөздүү. Жазында эфемер өсүмдүктөрү гүлдөп, көк шиберге айланса, жайында алар «күйүп» кетип, боз талаага, чөлгө айланат. Адырлар Кыргызстандын аймагында, айрыкча Фергана өрөөнүнүн тоо этектерине <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> Ички Теңир‑Тоонун өрөөндөрүндө кеңири таралган. Ага байланыштуу энчилүү аттар да арбын: Адыр-Төр, Отуз‑Адыр, Доңуз‑Адыр ж. б.<br> | |||
[[Категория:1-Том]] |
08:33, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АДЫР – Кыргызстанда жанa чектеш өлкөлөрдө тоо этектерин ээлеген дөңсөөлөр. Ага тоо этектеринде же аларга жакын аймактарда таралган дөңсөөлүү, капталдары кокту‑колоттуу, жанаша жаткан түздүктөрдөн 100–400 м көтөрүңкү, үстүнкү бети лёсс же төртүнчүлүк мезгилдин талкаланган борпоң тектеринен түзүлгөн аймактар кирет. Адырларга негизинен чөл, жарым чөл жана талаа ландшафттары мүнөздүү. Жазында эфемер өсүмдүктөрү гүлдөп, көк шиберге айланса, жайында алар «күйүп» кетип, боз талаага, чөлгө айланат. Адырлар Кыргызстандын аймагында, айрыкча Фергана өрөөнүнүн тоо этектерине жана Ички Теңир‑Тоонун өрөөндөрүндө кеңири таралган. Ага байланыштуу энчилүү аттар да арбын: Адыр-Төр, Отуз‑Адыр, Доңуз‑Адыр ж. б.