Difference between revisions of "АПОМИКСИС"
м (→top: категория кошуу) |

(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АПОМИКСИС''' (''апо...'' ж-а гр. mixis – аралашуу)– өсүмдүктөрдүн жыныссыз көбөйүүсү. | '''АПОМИКСИС''' (''апо...'' жана гр. mixis – аралашуу)– өсүмдүктөрдүн жыныссыз көбөйүүсү. «Апомиксис» терминин немис генетиги Г. Винклер киргизген. ''Партеногенез,'' гиногенез, андрогенез жолу менен кээде гана жыныстык көбөйүүчү жаныбарларда (көпчүлүк жаргак канаттуулар, коңуздар, кээ бир кескелдириктер, балыктар ж. б.) да кезигет. Гүлдүү өсүмдүктөрдүн 80 тукуму, 300 уруусу Апомиксис жолу менен көбөйөт. Мисалы, дан өсүмдүктөрү, цитрустар, роза гүлдүүлөр, ошондой эле папоротниктер ж. б. татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө көп кезигет. Кээ бир өсүмдүктө (каакым, жылган, тогуз төбөл ж. б.) Апомиксис дайыма, башкаларында (пияз, тамеки ж. б.) чанда болот. Aпомиксисте түйүлдүк зиготадан эмес уруктанбаган жумуртка клеткасынан (партеногенез же апизоотия) же татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө түйүлдүк кабынын клеткасынан жана уруктун сома клеткасынан пайда болот. Апомиксис тукум куума, кээде тукум куубай эле кокустан болушу да мүмкүн. Көпчүлүк Апомиксистик түрлөрдүн популяциясында жыныстык формалары да болот. Ар бир түрдүн урук пайда кылуусунда ''амфимиксис'' менен Апомиксистин конкреттүү катышы генетикалык жактан жана чөйрө факторлору менен жөнгө салынып турат. Генетикалык жактан көп түрдүү тукум табигый жана жасалма тандоого материал берүүчү амфимиксистен айырмаланып, Апомиксис көбүнчө хромосома саны жана генетикалык конституциясы эне организмге окшош клон берет. Мындай организмдер анча өзгөрбөйт жана табигый тандалууга материал аз болот. Апомиксистин генетикалык өзгөчөлүктөрү дан өсүмдүктөрүнүн, картошканын ж. б. гомозигаталуу формасын алууда, цитрус өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жогорулатууда пайдаланылат.

[[Категория:1-Том]] |
10:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АПОМИКСИС (апо... жана гр. mixis – аралашуу)– өсүмдүктөрдүн жыныссыз көбөйүүсү. «Апомиксис» терминин немис генетиги Г. Винклер киргизген. Партеногенез, гиногенез, андрогенез жолу менен кээде гана жыныстык көбөйүүчү жаныбарларда (көпчүлүк жаргак канаттуулар, коңуздар, кээ бир кескелдириктер, балыктар ж. б.) да кезигет. Гүлдүү өсүмдүктөрдүн 80 тукуму, 300 уруусу Апомиксис жолу менен көбөйөт. Мисалы, дан өсүмдүктөрү, цитрустар, роза гүлдүүлөр, ошондой эле папоротниктер ж. б. татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө көп кезигет. Кээ бир өсүмдүктө (каакым, жылган, тогуз төбөл ж. б.) Апомиксис дайыма, башкаларында (пияз, тамеки ж. б.) чанда болот. Aпомиксисте түйүлдүк зиготадан эмес уруктанбаган жумуртка клеткасынан (партеногенез же апизоотия) же татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө түйүлдүк кабынын клеткасынан жана уруктун сома клеткасынан пайда болот. Апомиксис тукум куума, кээде тукум куубай эле кокустан болушу да мүмкүн. Көпчүлүк Апомиксистик түрлөрдүн популяциясында жыныстык формалары да болот. Ар бир түрдүн урук пайда кылуусунда амфимиксис менен Апомиксистин конкреттүү катышы генетикалык жактан жана чөйрө факторлору менен жөнгө салынып турат. Генетикалык жактан көп түрдүү тукум табигый жана жасалма тандоого материал берүүчү амфимиксистен айырмаланып, Апомиксис көбүнчө хромосома саны жана генетикалык конституциясы эне организмге окшош клон берет. Мындай организмдер анча өзгөрбөйт жана табигый тандалууга материал аз болот. Апомиксистин генетикалык өзгөчөлүктөрү дан өсүмдүктөрүнүн, картошканын ж. б. гомозигаталуу формасын алууда, цитрус өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жогорулатууда пайдаланылат.