Difference between revisions of "АТАБЕКОВА Өлмөскан"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
(6 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АТАБЕКОВА''' Өлмөсхан (1922, Жалал-Абад обл., Базар-Коргон р-ну, Көк-Айдар кыш. ‒ 1987, ошол эле жерде) ‒ колхоз өндүрүшүнүн ишмери, Соц. Эмг. Баатыры (1957). Эмгек жолун Базар-Коргон р-нундагы Киров атн. колхоздо колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1940‒44-ж. звено башчысы, 1949‒53-ж. пахтачылык бригаданын бригадири. 1953-жылдан Ленин р-нундагы Фрунзе атн. колхоздун башкармасы. 
[[File:АТАБЕКОВА17.png | thumb | none]]


  Ал башкарган колхоз Ош обл-нда экон. жактан алдынкы чарбага айланып, айдоо жери 2 эсе, малдын саны 78 %ке, сүт саап алуу 5 эсе, жүн кыркып алуу 2 эсеге көбөйгөн; ар ''га'' жерден 24,6 ''ц'' пахта жыйналган. 1958‒62-ж. СССР Жогорку Советинин, 1959‒84-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. 1971‒75-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасынын орун басары. Эки Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.<br>
'''АТАБЕКОВА''' '''Өлмөсхан''' (1922, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Көк-Айдар кыштагы ‒ 1987, ошол эле жерде) ‒ колхоз өндүрүшүнүн ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). Эмгек жолун Базар-Коргон районундагы Киров атындагы колхоздо колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1940‒44-жылдары звено башчысы, 1949‒53-жылдары пахтачылык бригаданын бригадири. 1953-жылдан Ленин районундагы Фрунзе атындагы колхоздун башкармасы. Ал башкарган колхоз Ош облусунда экономикалык жактан алдынкы чарбага айланып, айдоо жери 2 эсе, малдын саны 78 %ке, сүт саап алуу 5 эсе, жүн кыркып алуу 2 эсеге көбөйгөн; ар ''га'' жерден 24,6 ''ц'' пахта жыйналган. 1958‒62-жылдары СССР Жогорку Советинин, 1959‒84-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. 1971‒75-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасынын орун басары. Эки Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери <span cat="ж.кыск" oldv="м-н">менен</span> сыйланган.
 
<br>
[[Категория:1-Том]]

10:40, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АТАБЕКОВА Өлмөсхан (1922, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Көк-Айдар кыштагы ‒ 1987, ошол эле жерде) ‒ колхоз өндүрүшүнүн ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). Эмгек жолун Базар-Коргон районундагы Киров атындагы колхоздо колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1940‒44-жылдары звено башчысы, 1949‒53-жылдары пахтачылык бригаданын бригадири. 1953-жылдан Ленин районундагы Фрунзе атындагы колхоздун башкармасы. Ал башкарган колхоз Ош облусунда экономикалык жактан алдынкы чарбага айланып, айдоо жери 2 эсе, малдын саны 78 %ке, сүт саап алуу 5 эсе, жүн кыркып алуу 2 эсеге көбөйгөн; ар га жерден 24,6 ц пахта жыйналган. 1958‒62-жылдары СССР Жогорку Советинин, 1959‒84-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. 1971‒75-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасынын орун басары. Эки Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.