Difference between revisions of "АНТЕННА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(4 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АНТЕННА'''  (лат. ''antenna'' – мачта, бийик мамы) – толкун талааларын өзгөрткүч; радиотолкундарды кабыл алуучу ж-а таратуучу түзүлүш. Толкун таратуучу А. келген электр-магниттик термелүүлөрдүн энергиясын радиотолкундардын  энергиясына өзгөртөт. Кабыл алуучу A-да, тескерисинче, келүүчү радиотолкундардын энергиясын электр-магниттик термелүүлөрдү кабыл алгычтын кириш термелүү контурундагы энергияга айландырылат. А-нын формасы, өлчөмү ж-а констр-сы таралуучу ж-а кабыл алынуучу радиотолкундардын узундугуна ж-а А-ны пайдалануунун максатына жараша алынат. Көбүнчө бир эле А. толкунду таратат ж-а кабыл алат. Таратуучу А. катары колдонулган вибраторду  пайдаланып, 1888-ж. немец физиги Г. Герц (Герц  диполу) 1=0,6-10 ''м'' толкун узундуктагы электрмагниттик толкундарды алган. 1895-96-ж. орус  илимпозу А. С. Попов ж-а ага байланышпастан эле итал. инженер Г. Маркони биринчи кабыл алуучу А-ны ойлоп чыгарышкан. Көпчүлүк учурларда толкун таралуучу радиотолкундун интенсивдүүлүгү анын багытына жараша болот.  Таралуучу кубаттуулуктун көбөйүшүн сан жагынан баалоо үчүн багытталган аракеттенүү коэфф-и (БАК) киргизилген. Узун толкундарды  таратууда колдонулуучу А-нын бийикт. 300 ''м''ге  жетет. Узун толкунду горизонталь тегиздикте  таратуу талап кылынса, активдүү вибратордон  ж-а пассивдүү рефлектордон түзүлгөн татаал А.  пайдаланылат. Орт. толкундарды кабыл алууда рама түрүндөгү магнит А-лары колдонулат.  Кыска толкундуу А. байланыш линиясынын  узундугуна жараша аныкталат. Өтө кыска толкундуу байланышта синфазалуу ж-а ромбдук А-лар пайдаланылат. Толкундун таралуу аймагын кеңейтүү үчүн А-лар бийикт. 100-300 ''м'' ж-а  андан да бийик мунарага же мачтага орнотулат. Телекөрсөтүү симметриялуу вибратор, «толкун каналы» тибиндеги А-лар м-н кабыл алынат. Өтө жогорку жыштыктагы радиорелелик    байланыш линиясында, радиолокацияда, космостук байланышта ж-а радиоастрономияда  синфазалык беттик А-лар кеңири таралган. Бул  толкундарда колдонулган линзалуу А. линзадан ж-а анын фокусуна орнотулган нурланткычтан турат. Линзалуу А-нын бир түрү – рупордуу-линзалуу А. чоң бурчка (60—70°ка) айлана турган рупордон ж-а анын чыгуучу жерине орнотулган линзадан түзүлүп, ал радиолокатордо  колдонулат. Өтө жогорку жыштыктуу, күзгүлүү  А. параболоид түспөлдүү металл күзгүдөн ж-а  нурланткычтан туруп, нурланткыч параболоиддин фокусуна орнотулат. Нурланткыч катары  рупор, кичине рефлекторлуу вибратор, спираль  алынат. Өтө жогорку жыштыктуу толкундарды таратуу ж-а кабыл алуу үчүн спиралдуу ж-а диэлектрдик А-лар, импеданс А-сы пайдаланылууда. Радио байланышында кыска, метрдик  ж-а сантиметрдик толкундар диапазонунда  иштөөчү, жыштыкка көз каранды эмес А-лар кеңири колдонулуп жатат. Мындай А-нын кеңири таралган түрү – логомезгилдүү А.
''Ад''.: ''Цейтман. Н. М.'' Антенная техника и радиоастрономия. М., 1976; ''Кинг'' Р., ''Смегт'' Г. Антенны в материальных сферах: В 2 кн. М., 1984.
'''АНТЕННА'''  (лат. ''antenna'' – мачта, бийик мамы) – толкун талааларын өзгөрткүч; радиотолкундарды кабыл алуучу жана таратуучу түзүлүш. Толкун таратуучу антенна келген электр-магниттик термелүүлөрдүн энергиясын радиотолкундардын  энергиясына өзгөртөт. Кабыл алуучу антеннада, тескерисинче, келүүчү радиотолкундардын энергиясын электр-магниттик термелүүлөрдү кабыл алгычтын кириш термелүү контурундагы энергияга айландырылат. Антеннанын формасы, өлчөмү жана конструкциясы таралуучу жана кабыл алынуучу радиотолкундардын узундугуна жана антеннаны пайдалануунун максатына жараша алынат. Көбүнчө бир эле антенна толкунду таратат жана кабыл алат. Таратуучу антенна катары колдонулган вибраторду  пайдаланып, 1888-жылы немец физиги Г. Герц (Герц  диполу) 1=0,6-10 ''м'' толкун узундуктагы электрмагниттик толкундарды алган. 1895-96-жылдары  орус  илимпозу А. С. Попов жана ага байланышпастан эле италиялык инженер Г. Маркони биринчи кабыл алуучу антеннаны ойлоп чыгарышкан. Көпчүлүк учурларда толкун таралуучу радиотолкундун интенсивдүүлүгү анын багытына жараша болот.  Таралуучу кубаттуулуктун көбөйүшүн сан жагынан баалоо үчүн багытталган аракеттенүү коэффициенти (БАК) киргизилген. Узун толкундарды  таратууда колдонулуучу антеннанын бийиктиги 300 ''м''ге  жетет. Узун толкунду горизонталь тегиздикте  таратуу талап кылынса, активдүү вибратордон  жана пассивдүү рефлектордон түзүлгөн татаал антенна пайдаланылат. Орто толкундарды кабыл алууда рама түрүндөгү магнит антенналары колдонулат.
[[File:АНТЕННА_103.png | thumb | Зор радиотелескоптун 27 антеннадан турган комплекси.]]
[[File:АНТЕННА_103.png | thumb|Зор радиотелескоптун 27 антеннадан турган комплекси.]]

Кыска толкундуу антенна байланыш линиясынын  узундугуна жараша аныкталат. Өтө кыска толкундуу байланышта синфазалуу жана ромбдук антенналар пайдаланылат. Толкундун таралуу аймагын кеңейтүү үчүн антенналар бийиктиги 100-300 ''м'' жана андан да бийик мунарага же мачтага орнотулат. Телекөрсөтүү симметриялуу вибратор, «толкун каналы» тибиндеги антенналар менен кабыл алынат. Өтө жогорку жыштыктагы радиорелелик    байланыш линиясында, радиолокацияда, космостук байланышта жана радиоастрономияда  синфазалык беттик антенналар кеңири таралган. Бул  толкундарда колдонулган линзалуу антенна линзадан жана анын фокусуна орнотулган нурланткычтан турат. Линзалуу антеннанын бир түрү – рупордуу-линзалуу антенна чоң бурчка (60—70°ка) айлана турган рупордон жана анын чыгуучу жерине орнотулган линзадан түзүлүп, ал радиолокатордо  колдонулат. Өтө жогорку жыштыктуу, күзгүлүү  антенна параболоид түспөлдүү металл күзгүдөн жана нурланткычтан туруп, нурланткыч параболоиддин фокусуна орнотулат. Нурланткыч катары  рупор, кичине рефлекторлуу вибратор, спираль  алынат. Өтө жогорку жыштыктуу толкундарды таратуу жана кабыл алуу үчүн спиралдуу жана диэлектрдик антенналар, импеданс антеннасы пайдаланылууда. Радио байланышында кыска, метрдик  жана сантиметрдик толкундар диапазонунда  иштөөчү, жыштыкка көз каранды эмес антенналар кеңири колдонулуп жатат. Мындай антеннанын кеңири таралган түрү – логомезгилдүү антенна.

''Ад''.: ''Цейтман. Н. М.'' Антенная техника и радиоастрономия. М., 1976; ''Кинг'' Р., ''Смегт'' Г. Антенны в материальных сферах: В 2 кн. М., 1984.
[[Категория:1-Том]]

09:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АНТЕННА (лат. antenna – мачта, бийик мамы) – толкун талааларын өзгөрткүч; радиотолкундарды кабыл алуучу жана таратуучу түзүлүш. Толкун таратуучу антенна келген электр-магниттик термелүүлөрдүн энергиясын радиотолкундардын энергиясына өзгөртөт. Кабыл алуучу антеннада, тескерисинче, келүүчү радиотолкундардын энергиясын электр-магниттик термелүүлөрдү кабыл алгычтын кириш термелүү контурундагы энергияга айландырылат. Антеннанын формасы, өлчөмү жана конструкциясы таралуучу жана кабыл алынуучу радиотолкундардын узундугуна жана антеннаны пайдалануунун максатына жараша алынат. Көбүнчө бир эле антенна толкунду таратат жана кабыл алат. Таратуучу антенна катары колдонулган вибраторду пайдаланып, 1888-жылы немец физиги Г. Герц (Герц диполу) 1=0,6-10 м толкун узундуктагы электрмагниттик толкундарды алган. 1895-96-жылдары орус илимпозу А. С. Попов жана ага байланышпастан эле италиялык инженер Г. Маркони биринчи кабыл алуучу антеннаны ойлоп чыгарышкан. Көпчүлүк учурларда толкун таралуучу радиотолкундун интенсивдүүлүгү анын багытына жараша болот. Таралуучу кубаттуулуктун көбөйүшүн сан жагынан баалоо үчүн багытталган аракеттенүү коэффициенти (БАК) киргизилген. Узун толкундарды таратууда колдонулуучу антеннанын бийиктиги 300 мге жетет. Узун толкунду горизонталь тегиздикте таратуу талап кылынса, активдүү вибратордон жана пассивдүү рефлектордон түзүлгөн татаал антенна пайдаланылат. Орто толкундарды кабыл алууда рама түрүндөгү магнит антенналары колдонулат.

Зор радиотелескоптун 27 антеннадан турган комплекси.

Кыска толкундуу антенна байланыш линиясынын узундугуна жараша аныкталат. Өтө кыска толкундуу байланышта синфазалуу жана ромбдук антенналар пайдаланылат. Толкундун таралуу аймагын кеңейтүү үчүн антенналар бийиктиги 100-300 м жана андан да бийик мунарага же мачтага орнотулат. Телекөрсөтүү симметриялуу вибратор, «толкун каналы» тибиндеги антенналар менен кабыл алынат. Өтө жогорку жыштыктагы радиорелелик байланыш линиясында, радиолокацияда, космостук байланышта жана радиоастрономияда синфазалык беттик антенналар кеңири таралган. Бул толкундарда колдонулган линзалуу антенна линзадан жана анын фокусуна орнотулган нурланткычтан турат. Линзалуу антеннанын бир түрү – рупордуу-линзалуу антенна чоң бурчка (60—70°ка) айлана турган рупордон жана анын чыгуучу жерине орнотулган линзадан түзүлүп, ал радиолокатордо колдонулат. Өтө жогорку жыштыктуу, күзгүлүү антенна параболоид түспөлдүү металл күзгүдөн жана нурланткычтан туруп, нурланткыч параболоиддин фокусуна орнотулат. Нурланткыч катары рупор, кичине рефлекторлуу вибратор, спираль алынат. Өтө жогорку жыштыктуу толкундарды таратуу жана кабыл алуу үчүн спиралдуу жана диэлектрдик антенналар, импеданс антеннасы пайдаланылууда. Радио байланышында кыска, метрдик жана сантиметрдик толкундар диапазонунда иштөөчү, жыштыкка көз каранды эмес антенналар кеңири колдонулуп жатат. Мындай антеннанын кеңири таралган түрү – логомезгилдүү антенна.

Ад.: Цейтман. Н. М. Антенная техника и радиоастрономия. М., 1976; Кинг Р., Смегт Г. Антенны в материальных сферах: В 2 кн. М., 1984.