Difference between revisions of "АЭРОДИНАМИКА"
| (4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
''' | '''АЭРОДИНАМИК'''А — ''гидроаэромеханиканын'' бир бөлүмү. Ал абанын кыймыл закондорун жана абага карата кыймылда болуучу катуу нерсенин бетинде пайда болгон күчтөрдү изилдейт. 20-кылымда авиациянын талабына ылайык өз алдынча илим катары пайда болгон. Анын негизги маселелеринин бири ‒ нерсеге аракет этүүчү аэродинамикалык күчтү эсептөө жолу менен учуучу аппараттын долбоорун иштеп чыгуу. Аэродинамика теориялык жана эксперименттик болуп бөлүнөт. Теориялык аэродинамика самоёттун аэродинамикалык эсептөө ыкмаларын жана аэродинамикалык күч менен моментти аныктоо жолдорун иштеп чыгат. Самолёттун аэродинамикасына туруктуулук эсептөөлөрү жана самолётту башкаруу, ошондой эле абанын турбуленттүүлүгүнүн теориясы кирет. Учуучу аппараттын кыймылынын туруксуз режимине байланышкан маселелерди учуу динамикасы карайт. Аэродинамиканын теориялык маселелери гидроаэромеханиканын теӊдемелерине негизделип чечилет. Эксперименттик аэродинамика ыкмалары окшоштук теориясынын негизинде аэродинамикалык күчтү аныктайт, ал кичине масштабдагы аппараттын моделин сыноодо учуучу аппаратка таасир этет. Аэродинамиканын авиация эмес кошумча кеӊири аймагына өнөр жайлык аэродинамика деп аталган бөлүмү кирет. Мында аба үйлөтүү, шамал кыймылдаткычтары, шорголоочу аппараттар, желдеткич техникасына байланышкан маселелер, ошондой эле жер алдындагы транспорттун кыймылында, курулмалар менен имараттардын шамал күчтөрүндө пайда болгон аэродинамикалык күчтөр менен байланышкан маселелер каралат.

[[Категория:1-Том]] | |||
14:47, 23 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку версиясы
АЭРОДИНАМИКА — гидроаэромеханиканын бир бөлүмү. Ал абанын кыймыл закондорун жана абага карата кыймылда болуучу катуу нерсенин бетинде пайда болгон күчтөрдү изилдейт. 20-кылымда авиациянын талабына ылайык өз алдынча илим катары пайда болгон. Анын негизги маселелеринин бири ‒ нерсеге аракет этүүчү аэродинамикалык күчтү эсептөө жолу менен учуучу аппараттын долбоорун иштеп чыгуу. Аэродинамика теориялык жана эксперименттик болуп бөлүнөт. Теориялык аэродинамика самоёттун аэродинамикалык эсептөө ыкмаларын жана аэродинамикалык күч менен моментти аныктоо жолдорун иштеп чыгат. Самолёттун аэродинамикасына туруктуулук эсептөөлөрү жана самолётту башкаруу, ошондой эле абанын турбуленттүүлүгүнүн теориясы кирет. Учуучу аппараттын кыймылынын туруксуз режимине байланышкан маселелерди учуу динамикасы карайт. Аэродинамиканын теориялык маселелери гидроаэромеханиканын теӊдемелерине негизделип чечилет. Эксперименттик аэродинамика ыкмалары окшоштук теориясынын негизинде аэродинамикалык күчтү аныктайт, ал кичине масштабдагы аппараттын моделин сыноодо учуучу аппаратка таасир этет. Аэродинамиканын авиация эмес кошумча кеӊири аймагына өнөр жайлык аэродинамика деп аталган бөлүмү кирет. Мында аба үйлөтүү, шамал кыймылдаткычтары, шорголоочу аппараттар, желдеткич техникасына байланышкан маселелер, ошондой эле жер алдындагы транспорттун кыймылында, курулмалар менен имараттардын шамал күчтөрүндө пайда болгон аэродинамикалык күчтөр менен байланышкан маселелер каралат.