Difference between revisions of "АК-ТАЛАА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
м (→‎top: категория кошуу)

(11 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
‒ Нарын обл-нун Нарын р-ндагы кыштак. Эмгек-Талаа айыл аймагынын борбору. Нарын д-нын оӊ жээгинде, деӊиз деӊг. 1860''м'' бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын ш-нан 32 ''км'' батыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 212 ''км'' аралыкта. 1930-ж. орношкон. Калкы 1050 (2009); негизинен мал чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП, мончо, тегирмен бар. Кыштактын четинде ипподром курулган.

'''АК-ТАЛАА''' ‒ Нарын районундагы кыштак. Эмгек-Талаа айыл аймагынын борбору. Нарын дарыясынын оӊ жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 1860''м'' бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 32 ''км'' батыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 212 ''км'' аралыкта. 1930-ж. отурукташкан. Калкы 1 546 (2022); негизинен мал чарбасында жана тоют даярдоодо эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП, мончо, тегирмен бар. Кыштактын четинде ипподром курулган.
==Ак-талаа району ==Нарын обл-нун түш.-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Чыгышынан Нарын,
[[File:АК-ТАЛАА7.png | thumb | none]]
түндүгүнөн Жумгал, түштүгүнөн Ат-Башы р-ндору, батышынан Жалал-Абад обл-нун Тогуз-Торо ж-а Ош обл-нун Өзгөн р-ндору м-н чектешет. Аянты 6,4 миӊ ''км''2 (Нарын обл-нун аймагынын 14,2% түзөт). Район 1939-ж. түзүлгөн. Калкы 30,6 миӊ (2009). Район 13 айыл аймагына бөлүнгөн. Райондо 18 кыштак бар. Борбору ‒ Баетов кыш.

Райондун аймагы ''Ортонку Нарын өрөөнүндө'' жайгашкан. Түндүгүнөн ''Молдо-Тоо'' , түштүгүнөн ''Жаман-Тоо'' , түш.-батышынан ''Фергана тоо тизмеги'' м-н курчалган. Райондун аймагы деӊиз деӊг. 1170‒4737 ''м ''бийиктикте. Кен байлыкта рынан курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик, кышы суук, узак, кар аз түшөт, жайы мелүүн, жылуу. Январдын орт. темп-расы ‒25°С... ‒30°С, июлдуку 25°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 300‒500 ''мм''. Суу тармактары жыш; ирилери: ''Нарын, Алабуга, Жаман-Даван, Жерге-Тал'' , Коӊорчок, Мазар, Ак-Тал, Коргон, Куртка ж. б. Райондун түн. бөлүгүндө ''Соӊкөл'' жайгашкан. Боз ж-а күрөӊ топурак басымдуу. Боз топурактуу жерлеринде шыбак, эрмен, кара бүргөн, эбелек ж. б., тоолуу бөлү
гүндө бетеге өсөт. Климаттын кургак болгонду гуна байланыштуу чөл, жарым чөл ж-а талаа ландшафттары кеӊири таралган. Түзөӊдөрдө ж-а тектирлерде шыбак-эфемер өсүмдүктүү чөл, жарым чөл басымдуу; топурагы агыш коӊур же бозомтук күрөӊ топурактуу. Чаптуу жерлерде өсүмдүктөр өтө сейрек, бирин-серин баялыш, кара бүргөн, адырашман, чекенде, терескен, эбелек ж. б. өсүмдүктөр; батыш жагында ж-а Ала-Бука өрөөнүндө, таш-шагылдуу жерлерде төөтаман, тикендүү куурай кезигет.

Райондо облустун калкынын 11,7% жашайт. Төрөлүүнүн деӊгээли (2001-ж.) 24,7‰, өлүм-житим ‒ 7,8‰, табигый өсүш ‒ 16,9‰. Калкынын 99,9% кыргыздар; 45,8%и эмгек жашына чейинкилер, 46,1% эмгек жашындагылар, 8,1% эмгек жашынан өткөндөр. Орт. жыштыгы: 1''км''2 жерге 4,8 киши. 2002-ж. районго көчүп келгендердин саны 154, кеткендердики 350 адам болгон. 13,5 миӊ эмгек жашындагы кишинин ичинен 1087 билим берүү, 536 саламаттыкты сактоо, 204 байланыш ж-а транспорт, 185 коммуналдык ж-а курулуш чөйрөлөрүндө, 6790 дыйкан ж-а фермер чарбаларында иштейт.

Райондун экономикасынын негизин мал чарбасы түзөт. Райондо 2003-ж. 106,1 миӊ кой-эчки, 12,6 миӊ бодо мал, 11,2 миӊ жылкы, 18,8 миӊ үй кушу болгон; 7,8 миӊ ''т'' эт (облуста өндүрүлгөн эттин 15,3%), 18,5 миӊ ''т'' сүт (14,7%), 303 ''т'' жүн (15,3%), 730 миӊ даана жумуртка (11,9%) өндүрүлгөн. А. ч.га жарактуу жери 389,6 миӊ ''га''. Көпчүлүк жери (369,5 миӊ ''га'') жайыт, 15,0 миӊ ''га'' жайлоо. Айдоо аянты 16,9 миӊ ''га'', анын 15,7миӊ ''га''сы сугат жер, 1,6 миӊ ''га'' чабынды, 9,0 ''га'' көп жылдык өсүмдүктөр. Дан эгиндери (15 миӊ ''т''), картошка (7,2 миӊ ''т''), жашылча (2,3миӊ ''т'') жыйналган (2003).

Райондо мамл., 5176 дыйканчылык (фермердик), 9 биргелешкен чарбалар иштейт. 2003-ж. 2,4 млн сомдук өнөр жай продукциясын өндүргөн. Район облуста өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 5,4%ин берет. Райондо негизинен автомобиль транспорту өнүккөн. 2003-ж. жүк ташуу 72,1 миӊ ''т'', жүргүнчү 436,8 миӊ адам (а. и. автобус м-н 429,7 миӊ, такси м-н 7,1 миӊ адам) ташылган.

Райондо 2003/04-окуу жылында 18 орто (9279 окуучу, 854 мугалим), 3 башталгыч мектеп (220 бала, 8 мугалим), кесиптик-тех. лицей (287 окуучу, 39 мугалим) болгон. Райондо борб. ж-а 3 участкалык оорукана, диспансер, санитария -эпидемиологиялык станция, 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 9 ФАП (2003-ж.), 19 китепкана, 19 клуб, 2 кинотеатр иштейт (2002). Райондук «Айыл турмушу» гезити чыгат.

''Э. Жолочиева, А. Мырзаев.''

'''АК-ТАЛАА  РАЙОНУ'''

'''АК-ТАЛАА РАЙОНУ''' Нарын облусунун түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Чыгышынан Нарын, түндүгүнөн
[[File:АК-ТАЛАА7.png | thumb|none]]
Жумгал, түштүгүнөн Ат-Башы райондору, батышынан Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Ош облусунун Өзгөн райондору менен чектешет. Аянты 6,4 миӊ ''км''2 (Нарын облусунун аймагынын 14,2% түзөт). Район 1939-ж. түзүлгөн. Калкы 34 141 (2022). Район 13 айыл аймагына бөлүнүп, 18 кыштактан турат. Борбору ‒ Баетов кыштагы.
Райондун аймагы ''Ортонку Нарын өрөөнүндө'' жайгашкан. Түндүгүнөн ''Молдо-Тоо'', түштүгүнөн ''Жаман-Тоо'', түштүк-батышынан ''Фергана тоо тизмеги'' менен курчалган. Райондун аймагы деӊиз деӊгээлинен 1170‒4737 ''м'' бийиктикте. Кен байлыктарынан курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик, кышы суук, узак, кар аз түшөт, жайы мелүүн, жылуу. Январдын орточо температурасы ‒25°С... ‒30°С, июлдуку 25°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 300‒500 ''мм''. Суу тармактары жыш; ирилери: ''Нарын, Алабуга, Жаман-Даван, Жерге-Тал'', ''Коӊорчок,'' ''Мазар, Ак-Тал, Коргон, Курт''ка ж. б. Райондун түндүк бөлүгүндө ''Соӊ-Көл'' жайгашкан. Боз жана күрөӊ топурак басымдуу. Боз топурактуу жерлеринде шыбак, эрмен, кара бүргөн, эбелек ж. б., тоолуу бөлүгүндө бетеге өсөт. Климаттын кургак болгондугуна байланыштуу чөл, жарым чөл жана талаа ландшафттары кеӊири таралган. Түзөӊдөрдө жана тектирлерде шыбак-эфемер өсүмдүктүү чөл, жарым чөл басымдуу; топурагы агыш коӊур же бозомтук күрөӊ топурактуу. Чаптуу жерлерде өсүмдүктөр өтө сейрек, бирин-серин баялыш, кара бүргөн, адырашман, чекенде, терескен, эбелек ж. б. өсүмдүктөр; батыш жагында жана Ала-Бука өрөөнүндө, таш-шагылдуу жерлерде төө таман, тикендүү куурай өсөт.
Райондун экономикасынын негизин мал чарбасы түзөт. Райондо  кой-эчки, бодо мал, жылкы асыралат. Үй кушу багылат. Айыл чарбага жарактуу жери 389,6 миӊ ''га''. Көпчүлүк жери (369,5 миӊ ''га'') жайыт, 15,0 миӊ ''га'' жайлоо. Айдоо аянты 16,9 миӊ ''га'', анын 15,7 миӊ ''га''сы сугат жер, 1,6 миӊ ''га'' чабынды, 9,0 ''га'' көп жылдык өсүмдүктөр. Дан эгиндери, картошка, жашылча айдалат. Райондо мамлекеттик дыйканчылык (фермердик), биргелешкен чарбалар иштейт. Райондо негизинен автомобиль транспорту өнүккөн.
Райондо 18 орто, 3 башталгыч мектеп, кесиптик-техникалык лицей бар. Райондо борбордук жана 3 участкалык оорукана, диспансер, санитария -эпидемиологиялык станция, 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 9 ФАП, 19 китепкана, 19 клуб, 2 кинотеатр иштейт. Райондук «Айыл турмушу» гезити чыгат.                                                                                                                                                                                                                        ''Э. Жолочиева, А. Мырзаев.''
[[Категория:1-Том]]

08:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АК-ТАЛАА ‒ Нарын районундагы кыштак. Эмгек-Талаа айыл аймагынын борбору. Нарын дарыясынын оӊ жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 1860м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 32 км батыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 212 км аралыкта. 1930-ж. отурукташкан. Калкы 1 546 (2022); негизинен мал чарбасында жана тоют даярдоодо эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП, мончо, тегирмен бар. Кыштактын четинде ипподром курулган.

АК-ТАЛАА РАЙОНУ

АК-ТАЛАА РАЙОНУ Нарын облусунун түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Чыгышынан Нарын, түндүгүнөн

АК-ТАЛАА7.png

Жумгал, түштүгүнөн Ат-Башы райондору, батышынан Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Ош облусунун Өзгөн райондору менен чектешет. Аянты 6,4 миӊ км2 (Нарын облусунун аймагынын 14,2% түзөт). Район 1939-ж. түзүлгөн. Калкы 34 141 (2022). Район 13 айыл аймагына бөлүнүп, 18 кыштактан турат. Борбору ‒ Баетов кыштагы.
Райондун аймагы Ортонку Нарын өрөөнүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Молдо-Тоо, түштүгүнөн Жаман-Тоо, түштүк-батышынан Фергана тоо тизмеги менен курчалган. Райондун аймагы деӊиз деӊгээлинен 1170‒4737 м бийиктикте. Кен байлыктарынан курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик, кышы суук, узак, кар аз түшөт, жайы мелүүн, жылуу. Январдын орточо температурасы ‒25°С... ‒30°С, июлдуку 25°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 300‒500 мм. Суу тармактары жыш; ирилери: Нарын, Алабуга, Жаман-Даван, Жерге-Тал, Коӊорчок, Мазар, Ак-Тал, Коргон, Куртка ж. б. Райондун түндүк бөлүгүндө Соӊ-Көл жайгашкан. Боз жана күрөӊ топурак басымдуу. Боз топурактуу жерлеринде шыбак, эрмен, кара бүргөн, эбелек ж. б., тоолуу бөлүгүндө бетеге өсөт. Климаттын кургак болгондугуна байланыштуу чөл, жарым чөл жана талаа ландшафттары кеӊири таралган. Түзөӊдөрдө жана тектирлерде шыбак-эфемер өсүмдүктүү чөл, жарым чөл басымдуу; топурагы агыш коӊур же бозомтук күрөӊ топурактуу. Чаптуу жерлерде өсүмдүктөр өтө сейрек, бирин-серин баялыш, кара бүргөн, адырашман, чекенде, терескен, эбелек ж. б. өсүмдүктөр; батыш жагында жана Ала-Бука өрөөнүндө, таш-шагылдуу жерлерде төө таман, тикендүү куурай өсөт.

Райондун экономикасынын негизин мал чарбасы түзөт. Райондо кой-эчки, бодо мал, жылкы асыралат. Үй кушу багылат. Айыл чарбага жарактуу жери 389,6 миӊ га. Көпчүлүк жери (369,5 миӊ га) жайыт, 15,0 миӊ га жайлоо. Айдоо аянты 16,9 миӊ га, анын 15,7 миӊ гасы сугат жер, 1,6 миӊ га чабынды, 9,0 га көп жылдык өсүмдүктөр. Дан эгиндери, картошка, жашылча айдалат. Райондо мамлекеттик дыйканчылык (фермердик), биргелешкен чарбалар иштейт. Райондо негизинен автомобиль транспорту өнүккөн.
Райондо 18 орто, 3 башталгыч мектеп, кесиптик-техникалык лицей бар. Райондо борбордук жана 3 участкалык оорукана, диспансер, санитария -эпидемиологиялык станция, 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 9 ФАП, 19 китепкана, 19 клуб, 2 кинотеатр иштейт. Райондук «Айыл турмушу» гезити чыгат. Э. Жолочиева, А. Мырзаев.