Difference between revisions of "АК-СУУ САНАТОРИЙИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
м (→‎top: категория кошуу)

(6 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
‒ Каракол (Пржевальск) ш-нан 15 ''км'' аралыкта, бийик тоолуу Ак-Суу өрөөнүндө деӊиз деӊг. 1950 ''м'' бийиктикте жайгашкан бальнеологиялык дарылоо мекемеси. Аймагында карагай, четин, бөрү карагат
'''АК-СУУ САНАТОРИЙИ''' ‒ Каракол (Пржевальск) шаарынан 15 ''км'' аралыкта, бийик тоолуу Ак-Суу өрөөнүндө деӊиз деӊгээлинен  1950 ''м'' бийиктикте жайгашкан бальнеологиялык дарылоо мекемеси. Аймагында карагай, четин, бөрү карагат ж. б. мөмөлүү өсүмдүктөр өсөт. Ак-Суунун ысык дары суулары жергиликтүү  элге небактан бери белгилүү болгон. 2 ванна корпусу жана 2 барак тибиндеги жай курулган. 1957-жылдан бери ''балдардын шал ооруларын ''(полимиелит) дарылоочу жыл бою иштөөчү санаторий бар. Анын климатына жайы-кышы тоӊбогон Ысык-Көл, бийик тоо жана узун, тар капчыгай таасирин тийгизет. Тоо климаты менен деӊиз климатынын айкалышып турушу кыштын жумшак, жайдын салкын болушун камсыз кылат. Ысык, өтө ысык жана радиоактивдүүлүгү төмөн азот газы аралаш минералдуу суулар дарылоонун негизин түзөт. Курортто жерден чыккан тогуз булак бар. Алардын ичинен дарылык үчүн №1 булактан чыккан ысык суу гана колдонулат. Андагы минерал заттар бир литрде 350 ''г''га жетет. Химиялык составы боюнча Ысык-Атанын арашан суусуна жакын, бирок аниондордон хлорид менен сульфаттар, катиондордон натрий, калий менен кремний кислотасы көптүк кылат. Жерден өзү атылып чыккан суулар өтө ысык болгондуктан (57°С) адегенде муздаткыч бассейнге агып келип, андан кийин ванналарга барып, керектелүүчү температурада колдонулат. №4 булактын суусу ичилет. Оорулуу балдарды айыктырууда анын минералдуу суулары жакшы жардам көрсөтөт.
[[File:АК-СУУ САНАТОРИЙИ5.png | thumb | Санаторийде дарыланып жаткан балдар. ]]
ж. б. мөмөлүү өсүмдүктөр өсөт. Ак-Суунун ысык дары суулары жерг. элге небактан бери белгилүү болгон. 2 ванна корпусу ж-а 2 барак тибиндеги жай курулган. 1957-жылдан бери ''балдардын шал ооруларын ''(полимиелит) дарылоочу жыл бою иштөөчү санаторий. Анын климатына жайы-кышы тоӊбогон Ысык-Көл, бийик тоо ж-а узун, тар капчыгай таасирин тийгизет. Тоо климаты м-н деӊиз климатынын айкалышып турушу кыштын жумшак, жайдын салкын болушун камсыз кылат. Ысык, өтө ысык ж-а радиоактивдүүлүгү төмөн азот газы аралаш минералдуу суулар дарылоонун негизин түзөт. Курортто
жерден чыккан тогуз булак бар. Алардын ичинен дарылык үчүн ¹1 булактан чыккан ысык суу гана колдонулат. Андагы минерал заттар бир литрде 350 ''г''га жетет. Хим. составы б-ча Ысык-Атанын арашан суусуна жакын, бирок аниондордон хлорид м-н сульфаттар, катиондордон натрий, калий м-н кремний к-тасы көптүк кылат. Жерден өзү атылып чыккан суулар өтө ысык болгондуктан (57°С) адегенде муздаткыч бассейнге агып келип, андан кийин ванналарга барып, керектелүүчү темп-рада колдонулат. ¹ 4 булактын суусу ичилет. Оорулуу балдарды айыктырууда анын минералдуу суулары жакшы жардам көрсөтөт. ''Д. Алымкулов.''

''Д. Алымкулов.''

[[Категория:1-Том]]

08:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АК-СУУ САНАТОРИЙИ ‒ Каракол (Пржевальск) шаарынан 15 км аралыкта, бийик тоолуу Ак-Суу өрөөнүндө деӊиз деӊгээлинен 1950 м бийиктикте жайгашкан бальнеологиялык дарылоо мекемеси. Аймагында карагай, четин, бөрү карагат ж. б. мөмөлүү өсүмдүктөр өсөт. Ак-Суунун ысык дары суулары жергиликтүү элге небактан бери белгилүү болгон. 2 ванна корпусу жана 2 барак тибиндеги жай курулган. 1957-жылдан бери балдардын шал ооруларын (полимиелит) дарылоочу жыл бою иштөөчү санаторий бар. Анын климатына жайы-кышы тоӊбогон Ысык-Көл, бийик тоо жана узун, тар капчыгай таасирин тийгизет. Тоо климаты менен деӊиз климатынын айкалышып турушу кыштын жумшак, жайдын салкын болушун камсыз кылат. Ысык, өтө ысык жана радиоактивдүүлүгү төмөн азот газы аралаш минералдуу суулар дарылоонун негизин түзөт. Курортто жерден чыккан тогуз булак бар. Алардын ичинен дарылык үчүн №1 булактан чыккан ысык суу гана колдонулат. Андагы минерал заттар бир литрде 350 гга жетет. Химиялык составы боюнча Ысык-Атанын арашан суусуна жакын, бирок аниондордон хлорид менен сульфаттар, катиондордон натрий, калий менен кремний кислотасы көптүк кылат. Жерден өзү атылып чыккан суулар өтө ысык болгондуктан (57°С) адегенде муздаткыч бассейнге агып келип, андан кийин ванналарга барып, керектелүүчү температурада колдонулат. №4 булактын суусу ичилет. Оорулуу балдарды айыктырууда анын минералдуу суулары жакшы жардам көрсөтөт.

Д. Алымкулов.