Difference between revisions of "АК-СУУ РАЙОНУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
м (→‎top: категория кошуу)

(9 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Ысык-Көл обл-нда. 1973-ж. Түп р-нан бөлүнгөн. Түндүгүнөн Түп р-ну, чыгышынан Казакстан, батышынан Жети-Өгүз р-ну, түш.-чыгышынан Кытай Эл Респ-сы м-н чектешет. Аянты 10,1 миӊ ''км''2. Калкы 63,7 миӊ (2009). Райондо 14 айыл аймагы, 1 шаар, 41 кыштак бар. Райондун борбору ‒ Каракол ш.
'''АК-СУУ РАЙОНУ''' Ысык-Көл облусунда, 1973-жылы Түп районунан бөлүнгөн. Түндүгүнөн Түп району, чыгышынан Казакстан, батышынан Жети-Өгүз району, түштүк-чыгышынан Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Аянты 10,1 миӊ ''км''2. Калкы 73453 (2022). Райондо 14 айыл аймагы, 1 шаар (Каракол), 41 кыштак бар. Райондун борбору ‒ Каракол шаары.
Жеринин бети тоолуу; Кан-Теӊир тоо тоомунун (Жеӊиш чокусу, бийикт. 7439 ''м'') батыш бөлүгүн, Сары-Жаз суусунун алабын, Тескей Ала-Тоонун чыгыш бөлүгүн, Тасма дөӊсөөсүнүн чыгыш капталын (бийикт. 1800‒2400 ''м'') ж-а Жыргалаӊ өрөөнүн ээлейт. Кен байлыктарынан көмүр, коргошун, калай, кайнатма туз, курулуш материалдары бар. Минералдуу ысык сууларга (Алтын-Арашан, Ак-Суу, Жыргалаӊ) бай. Климаты мелүүн континенттик (Ак-Суу сырттарында кескин континенттик). Июлдун орт. темп-расы 14‒17°С, январдыкы ‒5°Сден ‒7°Сге чейин (сырттарында июлдуку 10,8°С, январдыкы ‒19,6°Сге чейин). Жылдык жаан-чачыны 450‒700 ''мм'', сырттарында 250 ''мм''. Кан-Теӊир тоо тоому мөӊгүлүү, ирилери ‒ ''Түн''. ж-а ''Түш. Эӊилчек, Кайыӊды'' ж. б. Ири суулары: ''Сары-Жаз, Жыргалаӊ, Түргөн Ак-Суу, Каракол'' ж. б. Тоолорунда көл (''Мерцбахер'' ж. б.) көп. Кыртышы 2400 ''м'' бийиктикке чейин ачык ж-а кара коӊур топурактуу, андан жогору тоонун талаа кара топурагы таралган. Тоо этектери күрөӊ топурактуу. 2000‒3000 ''м'' бийиктикте карагай токою ж-а бадал өсөт; субальп шалбаасы чабынды ж-а жайыт катары пайдаланылат. Деӊиз деӊг. 2500‒3000 ''м'' жогору альп шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. 3500‒4000 ''м ''бийиктикте түбөлүк кар ж-а мөӊгү алкактары жатат. Райондун аймагында Ак-Суу мамл. аӊчылык заказниги уюштурул ган (аянты 32,4 миӊ ''га'').

Калкы көп улуттуу; негизинен кыргыз (88,5%), о. эле орус, калмак, украин, өзбек, уйгур, казак, дуӊган ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калк райондун түн. түзөӊ бөлүгүндө жышыраак отурукташкан. Калктын жыштыгы: 1 ''км''2 жерге орто эсеп м-н 6 киши туура ке
[[File:АК-СУУ РАЙОНУ4.png | thumb | none]]
лет. Табигый өсүшү 2002-ж. маалымат б-ча 16,6 кишини түзөт. Көбү айыл-кыштактарда жашайт. Аймагында ''Каракол'' ш., ж. б. калктуу пункттар жайгашкан.

Чарбасынын негизин а. ч. түзөт. Райондо а. ч-га жарактуу 352,8 миӊ ''га'' жердин 47,3 миӊ ''га''сын айдоо (анын 35,1 миӊ ''га''сы сугат жер), 709 ''га''сын бак-дарактар, 302,6 миӊ ''га''сын жайыт, 2,3 миӊ ''га''сын чабынды ээлейт. Негизинен картөшкө ж-а буудай өстүрүлөт. Малдын санынын азайышына байланыштуу көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген айдоо жерлердин аянттары кыскартылып, алардын ордуна башка а. ч. эгиндери өстүрүлүүдө. Райондо 55,4 миӊ ''т'' дан, 200,7миӊ ''т'' картошка, 5,1 миӊ ''т'' жашылча жыйналган (2003), 25,9 миӊ карамал (анын 13,9 миӊи саан уй), 102,8 миӊ кой-эчки, 6 миӊдей чочко, 10,2 миӊ жылкы, 82,1 миӊ үйкушу болгон. Район 2003-ж. 9,0 миӊ ''т ''эт, 28,8 ''т'' чийки сүт, 2,7 млн даана жумуртка, 349 ''т ''жүн даярдаган. Райондун өнөржай тармагында жерг. маанидеги Жыргалаӊ шахтасы, Каракол механикалаштырылган токой чарбасы ж-а турмуш-тиричилик жактан тейлөөчү ишканалар иштейт. Сарыжаз д-нын алабында калай, вольфрам, коргошун түстүү металл кендери бар. Райондо чакан менчик ишканалары өнүгүүдө. «Кумтөр Оперейтинг компани» м-н Эӊилчек кичи менчик өндүрүштүк ишканасы биргелешип алтын м-н вольфрам концентратын өндүрүүдө. Биргелешкен ишкананын дүӊ жыйымы райондун өнөр жайынын 22,5%ин түзөт. Райондо кайра иштеп чыгуучу ж-а тамак-аш өнөр жай тармактары өнүгүп, ал негизинен ички рынокко багытталган. Райондо тери иштетүүчү эки ишкана, май чыгаруучу чакан тегирмен, нан з-ддору бар.
Автомобиль транспорту өнүккөн, автомобиль жолдорунун басымдуу бөлүгүнө асфальт төшөлгөн. Каракол ш-нан аба ж-а суу жолдору да кетет. Шаардын четинде аэропорт бар. Райондун аймагы аркылуу өткөн Каракол ‒ Түп ‒ Кеген (Казакстан) автомобиль жолу реконструк цияланууда.

2003/04-окуу жылында 34 жалпы билим берүүчү мектепте 13911 окуучу окуган, а. и. 2 толук эмес орто, 2 башталгыч мектеп болгон. 27 мектепте окуу кыргыз, 7 мектепте кыргыз ж-а орус тилдеринде жүргүзүлөт; 2 мектепке чейинки мекемеде 201 бала тарбияланган; кесиптик-тех. окуу жайы, Ак-Суу борборлошкон китепкана, мад-т үйү бар, о. эле райондук «Мезгил жарчысы» гезити кыргыз ж-а орус тилдеринде чыгат. Райондун аймагында райондук оорукана, үй-бүлөлүк медицина борбору, стоматологиялык поликлиника, 26 ФАП, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, балдардын неврологиялык санаторийи (105 орундуу) ж. б. санаторий-мед. мекемелер, ''Ак-Суу санаторийи'' иштейт.

Жеринин бети тоолуу; Кан-Теӊир тоо тоомунун (Жеӊиш чокусу, бийиктиги 7439 ''м'') батыш бөлүгүн, Сары-Жаз суусунун алабын, Тескей Ала-Тоонун чыгыш бөлүгүн, Тасма дөӊсөөсүнүн чыгыш капталын (бийиктиги 1800‒2400 ''м'') жана Жыргалаӊ өрөөнүн ээлейт. Кен байлыктарынан көмүр, коргошун, калай, кайнатма туз, курулуш материалдары бар. Минералдуу ысык сууларга (Алтын-Арашан, Ак-Суу, Жыргалаӊ) бай. Климаты мелүүн континенттик (Ак-Суу сырттарында кескин континенттик). Июлдун орточо температурасы 14‒17°С, январдыкы ‒5°Сден ‒7°Сге чейин (сырттарында июлдуку 10,8°С, январдыкы ‒19,6°Сге чейин). Жылдык жаан-чачыны 450‒700 ''мм'', сырттарында 250 ''мм''. Кан-Теӊир тоо тоому мөӊгүлүү, ирилери ‒ ''Түндүк'' жана ''Түштүк Эӊилчек, Кайыӊды'' ж. б. Ири суулары: ''Сары-Жаз, Жыргалаӊ, Түргөн Ак-Суу, Каракол'' ж. б. Тоолорунда көл (''Мерцбахер'' ж. б.) көп. Кыртышы 2400 ''м'' бийиктикке чейин ачык жана кара коӊур топурактуу, андан жогору тоонун талаа кара топурагы таралган. Тоо этектери күрөӊ топурактуу. 2000‒3000 ''м'' бийиктикте карагай токою жана бадал өсөт; субальп шалбаасы чабынды жана жайыт катары пайдаланылат. Деӊиз деӊгээлинен 2500‒3000 ''м'' жогору альп шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. 3500‒4000 ''м ''бийиктикте түбөлүк кар жана мөӊгү алкактары жатат. Райондун аймагында Ак-Суу мамлекеттик аӊчылык заказниги уюштурулган (аянты 32,4 миӊ ''га'').
Калкы көп улуттуу; негизинен кыргыз (88,5%), ошондой эле орус, сарт калмак, украин, өзбек, уйгур, казак, дуӊган ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калк райондун түндүк түзөӊ бөлүгүндө жышыраак отурукташкан. Калктын жыштыгы: 1 ''км''2 жерге орто эсеп менен 6 киши туура келет. Көбү айыл-кыштактарда жашайт. Аймагында ''Каракол'' шаары ж. б. калктуу пункттар жайгашкан.
Чарбасынын негизин айыл чарбасы түзөт. Райондо айыл чарбага жарактуу 352,8 миӊ ''га'' жердин 47,3 миӊ ''га''сын айдоо (анын 35,1 миӊ ''га''сы сугат жер), 709 ''га''сын бак-дарактар, 302,6 миӊ ''га''сын жайыт, 2,3 миӊ ''га''сын чабынды ээлейт. Негизинен картөшкө жана буудай өстүрүлөт. Малдын санынын азайышына байланыштуу көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген айдоо жерлердин аянттары кыскартылып, алардын ордуна башка айыл чарба эгиндери өстүрүлүүдө. Уй, кой-эчки, миӊдей чочко, жылкы асыралат. Үй кушу багылат. Райондун өнөр жай тармагында жергиликтүү маанидеги Жыргалаӊ шахтасы, Каракол механикалаштырылган токой чарбасы жана турмуш-тиричилик жактан тейлөөчү ишканалар иштейт. Сары-Жаз дарыясынын алабында калай, вольфрам, коргошун түстүү металл кендери бар. Райондо чакан менчик ишканалары өнүгүүдө. «Кумтөр Оперейтинг компани» менен Эӊилчек кичи менчик өндүрүштүк ишканасы биргелешип алтын менен вольфрам концентратын өндүрүүдө. Биргелешкен ишкананын дүӊ жыйымы райондун өнөр жайынын 22,5%ын түзөт. Райондо кайра иштеп чыгуучу жана тамак-аш өнөр жай тармактары өнүгүп, ал негизинен ички рынокко багытталган. Райондо тери иштетүүчү эки ишкана, май сыгычуу чакан цехтер, тегирмен, нан заводдору иштейт.
Автомобиль транспорту өнүккөн, автомобиль жолдорунун басымдуу бөлүгүнө асфальт төшөлгөн. Каракол шаарынан аба жана суу жолдору да кетет. Шаардын четинде аэропорт бар. Райондун аймагы аркылуу өткөн Каракол ‒ Түп ‒ Кеген (Казакстан) автомобиль жолу реконструкцияланууда.
Жалпы билим берүүчү 34 мектеп, анын ичинде 2 толук эмес орто, 2 башталгыч мектеп бар. 27 мектепте окуу кыргыз, 7 мектепте кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт; кесиптик-техникалык окуу жайы, Ак-Суу борборлошкон китепкана, маданият үйү бар. Ошондой эле райондук гезит кыргыз жана орус тилдеринде чыгат. Райондун аймагында райондук оорукана, үй-бүлөлүк медицина борбору, стоматологиялык поликлиника, ФАП, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, балдардын неврологиялык санаторийи ж.б. санаторий-медициналык мекемелер, Ак-Суу санаторийи иштейт.
[[Категория:1-Том]]

08:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АК-СУУ РАЙОНУ Ысык-Көл облусунда, 1973-жылы Түп районунан бөлүнгөн. Түндүгүнөн Түп району, чыгышынан Казакстан, батышынан Жети-Өгүз району, түштүк-чыгышынан Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Аянты 10,1 миӊ км2. Калкы 73453 (2022). Райондо 14 айыл аймагы, 1 шаар (Каракол), 41 кыштак бар. Райондун борбору ‒ Каракол шаары.

Жеринин бети тоолуу; Кан-Теӊир тоо тоомунун (Жеӊиш чокусу, бийиктиги 7439 м) батыш бөлүгүн, Сары-Жаз суусунун алабын, Тескей Ала-Тоонун чыгыш бөлүгүн, Тасма дөӊсөөсүнүн чыгыш капталын (бийиктиги 1800‒2400 м) жана Жыргалаӊ өрөөнүн ээлейт. Кен байлыктарынан көмүр, коргошун, калай, кайнатма туз, курулуш материалдары бар. Минералдуу ысык сууларга (Алтын-Арашан, Ак-Суу, Жыргалаӊ) бай. Климаты мелүүн континенттик (Ак-Суу сырттарында кескин континенттик). Июлдун орточо температурасы 14‒17°С, январдыкы ‒5°Сден ‒7°Сге чейин (сырттарында июлдуку 10,8°С, январдыкы ‒19,6°Сге чейин). Жылдык жаан-чачыны 450‒700 мм, сырттарында 250 мм. Кан-Теӊир тоо тоому мөӊгүлүү, ирилери ‒ Түндүк жана Түштүк Эӊилчек, Кайыӊды ж. б. Ири суулары: Сары-Жаз, Жыргалаӊ, Түргөн Ак-Суу, Каракол ж. б. Тоолорунда көл (Мерцбахер ж. б.) көп. Кыртышы 2400 м бийиктикке чейин ачык жана кара коӊур топурактуу, андан жогору тоонун талаа кара топурагы таралган. Тоо этектери күрөӊ топурактуу. 2000‒3000 м бийиктикте карагай токою жана бадал өсөт; субальп шалбаасы чабынды жана жайыт катары пайдаланылат. Деӊиз деӊгээлинен 2500‒3000 м жогору альп шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. 3500‒4000 м бийиктикте түбөлүк кар жана мөӊгү алкактары жатат. Райондун аймагында Ак-Суу мамлекеттик аӊчылык заказниги уюштурулган (аянты 32,4 миӊ га).
Калкы көп улуттуу; негизинен кыргыз (88,5%), ошондой эле орус, сарт калмак, украин, өзбек, уйгур, казак, дуӊган ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калк райондун түндүк түзөӊ бөлүгүндө жышыраак отурукташкан. Калктын жыштыгы: 1 км2 жерге орто эсеп менен 6 киши туура келет. Көбү айыл-кыштактарда жашайт. Аймагында Каракол шаары ж. б. калктуу пункттар жайгашкан.
Чарбасынын негизин айыл чарбасы түзөт. Райондо айыл чарбага жарактуу 352,8 миӊ га жердин 47,3 миӊ гасын айдоо (анын 35,1 миӊ гасы сугат жер), 709 гасын бак-дарактар, 302,6 миӊ гасын жайыт, 2,3 миӊ гасын чабынды ээлейт. Негизинен картөшкө жана буудай өстүрүлөт. Малдын санынын азайышына байланыштуу көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген айдоо жерлердин аянттары кыскартылып, алардын ордуна башка айыл чарба эгиндери өстүрүлүүдө. Уй, кой-эчки, миӊдей чочко, жылкы асыралат. Үй кушу багылат. Райондун өнөр жай тармагында жергиликтүү маанидеги Жыргалаӊ шахтасы, Каракол механикалаштырылган токой чарбасы жана турмуш-тиричилик жактан тейлөөчү ишканалар иштейт. Сары-Жаз дарыясынын алабында калай, вольфрам, коргошун түстүү металл кендери бар. Райондо чакан менчик ишканалары өнүгүүдө. «Кумтөр Оперейтинг компани» менен Эӊилчек кичи менчик өндүрүштүк ишканасы биргелешип алтын менен вольфрам концентратын өндүрүүдө. Биргелешкен ишкананын дүӊ жыйымы райондун өнөр жайынын 22,5%ын түзөт. Райондо кайра иштеп чыгуучу жана тамак-аш өнөр жай тармактары өнүгүп, ал негизинен ички рынокко багытталган. Райондо тери иштетүүчү эки ишкана, май сыгычуу чакан цехтер, тегирмен, нан заводдору иштейт.

Автомобиль транспорту өнүккөн, автомобиль жолдорунун басымдуу бөлүгүнө асфальт төшөлгөн. Каракол шаарынан аба жана суу жолдору да кетет. Шаардын четинде аэропорт бар. Райондун аймагы аркылуу өткөн Каракол ‒ Түп ‒ Кеген (Казакстан) автомобиль жолу реконструкцияланууда.
Жалпы билим берүүчү 34 мектеп, анын ичинде 2 толук эмес орто, 2 башталгыч мектеп бар. 27 мектепте окуу кыргыз, 7 мектепте кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт; кесиптик-техникалык окуу жайы, Ак-Суу борборлошкон китепкана, маданият үйү бар. Ошондой эле райондук гезит кыргыз жана орус тилдеринде чыгат. Райондун аймагында райондук оорукана, үй-бүлөлүк медицина борбору, стоматологиялык поликлиника, ФАП, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, балдардын неврологиялык санаторийи ж.б. санаторий-медициналык мекемелер, Ак-Суу санаторийи иштейт.