Difference between revisions of "АРАБ МЕДИЦИНАСЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АРАБ МЕДИЦИНАСЫ''' – о. кылымда араб элдери м-н ислам дининдеги калк арасында кеңири  таралган илим тармагынын бири. Чыгышта дарылоо иштерин ирандыктар, еврейлер, сириялыктар да жүргүзгөн. Ошол кездеги дарыгерлердин белгилүү окутуучусу, устаты харет ибн Кадалахтын (6-к.) араб тилинде жазылган эмгектери азыркы кезге чейин сакталган. Бул эмгекте тамакты тарта ичүү, денени таза тутуу, ичкиликти көп ичпөө ж. б. ж-дө негизги эрежелер айтылган. Аристотелдин мед. эмгектерин  арабдарга алгач тааныштырган философ, мате­матик, астроном, дарыгер аль-Кинди болгон  (800-810-ж. чамасында). Анын дарыгерлик көз  караштарын Абу Наср аль-Фараби ж-а Абу Али  ибн Сина андан ары өнүктүргөн, аль-Фараби  айлана-чөйрөнүн адам ден соолугуна тийгизген  таасирин эң алгач айткан. Аны ибн Сина өз  эмгектерине негиз кылып алган. Анын «Канун»  аттуу эмгеги Чыгыштын дарыгерлик мектептеринде ж-а Европа ун-ттеринде негизги мед. окуу  куралы катары пайдаланылган. Ибн Сина бул  китебинде оорунун түрлөрүн аныктоо, аны даны да­рылоо жолдору, оорулууну багуу ж. б. маселелер ж-а 760дай дары-дармек ж-дө сыпаттап  жазып калтырган. А. м-нын дүйнө жүзүнө таралышына О. Азиялык илимпоз Бакр Закария  чоң салым кошкон. Ал оорулууну дарылоо үчүн  хим. жол м-н алынган дарыларды пайдаланууну сунуш кылган. Араб дарыгерлери орг. заттардан дары алуу жолун алгачкылардан болуп  табышкан. 754-ж. Багдадда алгачкы дарыкана  ачылган. Араб халифатында ооруканалар иштей баштайт. О. кылымдагы араб элдеринде  ооруканалардын жанына мед. мектептер ачылчыл­ган. Алардын бай китепканалары, ил. борборлору болгон. Дарыгерлерди даярдоо ар кайсы  тармактар (тиш дарыгери, хирург ж. б.) б-ча жүргүзүлгөн. Арабдар оорунун түрү м-н мүнөзүнө  жараша дарылоону билишкен. Алардын чоң  шаарларда тазалыкты сактоо, ооруну дарылоо  ж-а алдын алуу негизги максаты болгон.
'''АРАБ МЕДИЦИНАСЫ''' – орто кылымда араб элдери менен ислам дининдеги калк арасында кеңири  таралган илим тармагынын бири. Чыгышта дарылоо иштерин ирандыктар, еврейлер, сириялыктар да жүргүзгөн. Ошол кездеги дарыгерлердин белгилүү окутуучусу, устаты харет ибн Кадалахтын (6-кылым) араб тилинде жазылган эмгектери азыркы кезге чейин сакталган. Бул эмгекте тамакты тарта ичүү, денени таза тутуу, ичкиликти көп ичпөө ж. б. жөнүндө негизги эрежелер айтылган. Аристотелдин медициналык эмгектерин  арабдарга алгач тааныштырган философ, мате­матик, астроном, дарыгер аль-Кинди болгон  (800-810-жылдар чамасында). Анын дарыгерлик көз  караштарын Абу Наср аль-Фараби жана Абу Али  ибн Сина андан ары өнүктүргөн, аль-Фараби  айлана-чөйрөнүн адам ден соолугуна тийгизген  таасирин эң алгач айткан. Аны ибн Сина өз  эмгектерине негиз кылып алган. Анын «Канун»  аттуу эмгеги Чыгыштын дарыгерлик мектептеринде жана Европа университеттеринде негизги медициналык  окуу  куралы катары пайдаланылган. Ибн Сина бул  китебинде оорунун түрлөрүн аныктоо, аны да­рылоо жолдору, оорулууну багуу ж. б. маселелер жана 760дай дары-дармек жөнүндө сыпаттап  жазып калтырган. Араб ммедицинасынын дүйнө жүзүнө таралышына Орто Азиялык илимпоз Бакр Закария  чоң салым кошкон. Ал оорулууну дарылоо үчүн  химиялык жол менен алынган дарыларды пайдаланууну сунуш кылган. Араб дарыгерлери органикалык заттардан дары алуу жолун алгачкылардан болуп  табышкан. 754-жылы Багдадда алгачкы дарыкана  ачылган. Араб халифатында ооруканалар иштей баштайт. Орто кылымдагы араб элдеринде  ооруканалардын жанына медииналык мектептер ачыл­ган. Алардын бай китепканалары, илимий борборлору болгон. Дарыгерлерди даярдоо ар кайсы  тармактар (тиш дарыгери, хирург ж. б.) боюнча жүргүзүлгөн. Арабдар оорунун түрү менен мүнөзүнө  жараша дарылоону билишкен. Алардын чоң  шаарларда тазалыкты сактоо, ооруну дарылоо  жана алдын алуу негизги максаты болгон.
[[Категория:1-Том]]

10:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АРАБ МЕДИЦИНАСЫ – орто кылымда араб элдери менен ислам дининдеги калк арасында кеңири таралган илим тармагынын бири. Чыгышта дарылоо иштерин ирандыктар, еврейлер, сириялыктар да жүргүзгөн. Ошол кездеги дарыгерлердин белгилүү окутуучусу, устаты харет ибн Кадалахтын (6-кылым) араб тилинде жазылган эмгектери азыркы кезге чейин сакталган. Бул эмгекте тамакты тарта ичүү, денени таза тутуу, ичкиликти көп ичпөө ж. б. жөнүндө негизги эрежелер айтылган. Аристотелдин медициналык эмгектерин арабдарга алгач тааныштырган философ, мате­матик, астроном, дарыгер аль-Кинди болгон (800-810-жылдар чамасында). Анын дарыгерлик көз караштарын Абу Наср аль-Фараби жана Абу Али ибн Сина андан ары өнүктүргөн, аль-Фараби айлана-чөйрөнүн адам ден соолугуна тийгизген таасирин эң алгач айткан. Аны ибн Сина өз эмгектерине негиз кылып алган. Анын «Канун» аттуу эмгеги Чыгыштын дарыгерлик мектептеринде жана Европа университеттеринде негизги медициналык окуу куралы катары пайдаланылган. Ибн Сина бул китебинде оорунун түрлөрүн аныктоо, аны да­рылоо жолдору, оорулууну багуу ж. б. маселелер жана 760дай дары-дармек жөнүндө сыпаттап жазып калтырган. Араб ммедицинасынын дүйнө жүзүнө таралышына Орто Азиялык илимпоз Бакр Закария чоң салым кошкон. Ал оорулууну дарылоо үчүн химиялык жол менен алынган дарыларды пайдаланууну сунуш кылган. Араб дарыгерлери органикалык заттардан дары алуу жолун алгачкылардан болуп табышкан. 754-жылы Багдадда алгачкы дарыкана ачылган. Араб халифатында ооруканалар иштей баштайт. Орто кылымдагы араб элдеринде ооруканалардын жанына медииналык мектептер ачыл­ган. Алардын бай китепканалары, илимий борборлору болгон. Дарыгерлерди даярдоо ар кайсы тармактар (тиш дарыгери, хирург ж. б.) боюнча жүргүзүлгөн. Арабдар оорунун түрү менен мүнөзүнө жараша дарылоону билишкен. Алардын чоң шаарларда тазалыкты сактоо, ооруну дарылоо жана алдын алуу негизги максаты болгон.