Difference between revisions of "АЙЛАНДЫРУУ"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(12 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙЛАНДЫРУУ,''' | '''АЙЛАНДЫРУУ,''' <span style="letter-spacing:0.5em;">буруу</span> – геометриялык өзгөртүүлөрдүн бир түрү. Тегиздиктин ар бир ''М'' чекитин кыймылсыз борборунун айланасында берилген α бурчуна карата ''ОМ = ОМ,'' <math>\angle</math>''MOM = α'' болгондой кылып ''М'' чекитине чагылдыруу чекиттин айланасында буруу деп аталат. Мында ''О'' чекити өзү өзүнө чагылдырылат, α бурчу 0 дон 2''π'' ге чейин өзгөрөт. 0°ка буруу теңдеш өзгөртүү деп аталат. α терс болгондо саат жебесинин багыты боюнча, ал эми α оң болгондо саат жебесинин айлануу багытына каршы багытта чагылдырылат. ''F'' фигурасынын ар бир чекитин айландырса, ''F'' фигурасы алынат. Ал фигуралар дал келишет, анткени бурууда эки чекиттин аралыгы сакталат. α = π болгондо, борбордук симметрия алынат. Бир эле борбордун айланасындагы буруулардын тобу группаны түзөт. Тик бурчтуу координаталар системасында ''М(х, у)'' чекитин координата башталмасынын айланасында α бурчуна карата ''М'(х', у')'' чекитине буруу төмөнкү формула аркылуу туюнтулат: | ||
фигурасы алынат. Ал фигуралар дал келишет, анткени бурууда эки чекиттин аралыгы сакталат. | |||
<math>\begin{cases} x' = x\cos \alpha - y \sin \alpha \\ y' = x\sin\alpha + y\cos \alpha \end{cases}</math> | <math>\begin{cases} x' = x\cos \alpha - y \sin \alpha \\ y' = x\sin\alpha + y\cos \alpha \end{cases}</math> | ||
<br> | <br> | ||
''Б.Э. Канетов.'' | ''Б.Э. Канетов.'' | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:42, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙЛАНДЫРУУ, буруу – геометриялык өзгөртүүлөрдүн бир түрү. Тегиздиктин ар бир М чекитин кыймылсыз борборунун айланасында берилген α бурчуна карата ОМ = ОМ, Failed to parse (MathML with SVG or PNG fallback (recommended for modern browsers and accessibility tools): Invalid response ("Math extension cannot connect to Restbase.") from server "https://wikimedia.org/api/rest_v1/":): {\displaystyle \angle} MOM = α болгондой кылып М чекитине чагылдыруу чекиттин айланасында буруу деп аталат. Мында О чекити өзү өзүнө чагылдырылат, α бурчу 0 дон 2π ге чейин өзгөрөт. 0°ка буруу теңдеш өзгөртүү деп аталат. α терс болгондо саат жебесинин багыты боюнча, ал эми α оң болгондо саат жебесинин айлануу багытына каршы багытта чагылдырылат. F фигурасынын ар бир чекитин айландырса, F фигурасы алынат. Ал фигуралар дал келишет, анткени бурууда эки чекиттин аралыгы сакталат. α = π болгондо, борбордук симметрия алынат. Бир эле борбордун айланасындагы буруулардын тобу группаны түзөт. Тик бурчтуу координаталар системасында М(х, у) чекитин координата башталмасынын айланасында α бурчуна карата М'(х', у') чекитине буруу төмөнкү формула аркылуу туюнтулат:
Failed to parse (MathML with SVG or PNG fallback (recommended for modern browsers and accessibility tools): Invalid response ("Math extension cannot connect to Restbase.") from server "https://wikimedia.org/api/rest_v1/":): {\displaystyle \begin{cases} x' = x\cos \alpha - y \sin \alpha \\ y' = x\sin\alpha + y\cos \alpha \end{cases}}
Б.Э. Канетов.