Difference between revisions of "АЛАЙ-ОШ ЭЛДИК КЫЙМЫЛЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛАЙ-ОШ ЭЛДИК КЫЙМЫЛЫ''' ‒  1845-ж. Алай, Ош аймагындагы кыргыздардын ''Кокон'' ''хандыгы''на каршы элдик көтөрүлүшү. Алайда башталган кыймыл кыска мезгил ичинде Ош аймагына чейин жайылып, Кокон хандыгынын коопсуздугуна коркунуч туудурган. Ошол кезде хансарайды бийлеп турган ''Мусулманкул'' миӊ башынын Ташкентке кеткендигинен пайдаланып, көтөрүлүшчүлөр Ошту басып алышкан. Көтөрүлүш ж-дө кабарды уккан Шахрихан вилаетинин акими кыпчак Мухаммед Назар Көр оглы кошуун топтоп, көтөрүлүшчүлөргө каршы аттанган. Ошол эле мезгилде Ташкенттеги Мусулманкулдун кошууну шашылып кайтып келип, Көр оглынын кошууну м-н бирдикте көтөрүлүшчүлөрдү талкалаган. Мусулманкул миӊбашы Ошту багындырып, кыймылга катышкан кыргыздарды аёосуз жазалаган.<br>
'''АЛАЙ-ОШ ЭЛДИК КЫЙМЫЛЫ''' ‒  1845-жылы  Алай, Ош аймагындагы кыргыздардын ''Кокон'' ''хандыгы''на каршы элдик көтөрүлүшү. Алайда башталган кыймыл кыска мезгил ичинде Ош аймагына чейин жайылып, Кокон хандыгынын коопсуздугуна коркунуч туудурган. Ошол кезде хансарайды бийлеп турган ''Мусулманкул'' миӊ башынын Ташкентке кеткендигинен пайдаланып, көтөрүлүшчүлөр Ошту басып алышкан. Көтөрүлүш жөнүндө кабарды уккан Шахрихан вилаетинин акими кыпчак Мухаммед Назар Көр оглы кошуун топтоп, көтөрүлүшчүлөргө каршы аттанган. Ошол эле мезгилде Ташкенттеги Мусулманкулдун кошууну шашылып кайтып келип, Көр оглынын кошууну <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> бирдикте көтөрүлүшчүлөрдү талкалаган. Мусулманкул миӊбашы Ошту багындырып, кыймылга катышкан кыргыздарды аёосуз жазалаган.<br>
[[Категория:1-Том]]

09:11, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛАЙ-ОШ ЭЛДИК КЫЙМЫЛЫ ‒ 1845-жылы Алай, Ош аймагындагы кыргыздардын Кокон хандыгына каршы элдик көтөрүлүшү. Алайда башталган кыймыл кыска мезгил ичинде Ош аймагына чейин жайылып, Кокон хандыгынын коопсуздугуна коркунуч туудурган. Ошол кезде хансарайды бийлеп турган Мусулманкул миӊ башынын Ташкентке кеткендигинен пайдаланып, көтөрүлүшчүлөр Ошту басып алышкан. Көтөрүлүш жөнүндө кабарды уккан Шахрихан вилаетинин акими кыпчак Мухаммед Назар Көр оглы кошуун топтоп, көтөрүлүшчүлөргө каршы аттанган. Ошол эле мезгилде Ташкенттеги Мусулманкулдун кошууну шашылып кайтып келип, Көр оглынын кошууну менен бирдикте көтөрүлүшчүлөрдү талкалаган. Мусулманкул миӊбашы Ошту багындырып, кыймылга катышкан кыргыздарды аёосуз жазалаган.