Difference between revisions of "АЗХАР"
м (→top: категория кошуу) |

(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЗХАР''' | '''АЗХАР''' ал‑Азхар (ар. ал‑Жами ал-Азхар – жаркыраган мечит) – Каирдеги ислам диний окуу жайлар комплекси; университет. 970–972‑жылдары фатимиддер халифи ал‑Муизздин тушунда курулган. Ошол мезгилден негизинен куран таануу, хадис таануу, мусулман укугу ж. б. окутулат. 18‑кылымдан университет мусулман өлкөлөрүнөн келген студенттер билим алган ири диний, маданий борборго айланып, Каир жана Мисирдин (Египет) тарыхында идеологиялык, саясий жактан маанилүү роль ойногон. 20‑кылымдын башында Азхардын окуу программаларында, окуу процессинде жана ички түзүмүндө бир топ реформалар жүргүзүлгөн. 1960‑жылы диний эмес факультеттер да ачылган. 21‑кылымдын башында Жогорку окумуштуулар кеңеши, Ислам изилдөө академиясы жана дин таануу, мусулман укугу, адабият, административдик иштер жана соода, инженердик, айыл чарба, медицина, педагогика жана кыз‑келиндер факультеттери (бардыгы - 9) ачылган. Университетти ректор (Азхар шейхи) жетектейт. Азхарда 20 минден ашуун кол жазмалардын жана китептердин бай жыйнагы топтолгон. Өз журналын («Мажаллят аз‑Азхар» – «Азхар журналы»), программаларын чыгарып турат. Бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн дин кызматкерлерин даярдоочу ири борбор катары эсептелет. | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:38, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЗХАР ал‑Азхар (ар. ал‑Жами ал-Азхар – жаркыраган мечит) – Каирдеги ислам диний окуу жайлар комплекси; университет. 970–972‑жылдары фатимиддер халифи ал‑Муизздин тушунда курулган. Ошол мезгилден негизинен куран таануу, хадис таануу, мусулман укугу ж. б. окутулат. 18‑кылымдан университет мусулман өлкөлөрүнөн келген студенттер билим алган ири диний, маданий борборго айланып, Каир жана Мисирдин (Египет) тарыхында идеологиялык, саясий жактан маанилүү роль ойногон. 20‑кылымдын башында Азхардын окуу программаларында, окуу процессинде жана ички түзүмүндө бир топ реформалар жүргүзүлгөн. 1960‑жылы диний эмес факультеттер да ачылган. 21‑кылымдын башында Жогорку окумуштуулар кеңеши, Ислам изилдөө академиясы жана дин таануу, мусулман укугу, адабият, административдик иштер жана соода, инженердик, айыл чарба, медицина, педагогика жана кыз‑келиндер факультеттери (бардыгы - 9) ачылган. Университетти ректор (Азхар шейхи) жетектейт. Азхарда 20 минден ашуун кол жазмалардын жана китептердин бай жыйнагы топтолгон. Өз журналын («Мажаллят аз‑Азхар» – «Азхар журналы»), программаларын чыгарып турат. Бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн дин кызматкерлерин даярдоочу ири борбор катары эсептелет.