Difference between revisions of "АБДУРРАХМАН Афганистандын эмири"
м (→top: clean up) |

(5 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АБДУРРАХМАН''' (1844, Кабул – 1901, ошол эле жерде) – азыркы Афганистандын негиздөөчүсү жана аскер лидери, 1880-жылдан Афганистандын эмири. 1878–80-жылдардагы Экинчи Англия-Афган согушунда (к. Англия-Афган согуштары) Афганистандын түндүгүндө (1880) өзүнүн бийлигин орноткон. Ал күчтүү армия түзүп, Кандагар, Герат, Хазаражат, Афганистан, Түркстан жана Кафиристанды басып алып, Афганистандын чек араларын кеңейткен. Абдуррахман натыйжалуу салык чогултуу, бирдиктүү акча тутумун жана борборлоштурулган бюрократиялык башкарууну киргизген. Феодалдык бытырандылыкты жоюуга жана өлкөнүн экономикасын чыңдоого чоң салымын кошкон. Улуу державалардын ортосундагы карама-каршылыктардан пайдаланып, мамлекеттин бүтүндүгүн бекемдөөгө жана камсыз кылууга аракет кылган. Өлкөгө катуу режим орноткон. Европалыктар үчүн Афганистанга кирүүгө тыюу салынган. Атайын уруксаты жок өлкөдөн чыгып кеткен жарандары өлүм жазасына дуушар болгон. Өлкөдө калкка катуу көзөмөл орнотулуп, кербен жолдорундагы уурулар менен каракчыларга карата чаралар колдонулган. Аскер иштери, административдик структура, сооданы уюштуруу жаатында реформалар ишке ашкан. Кабулда курал-жарак заводдору курулуп, аскер окуу жайлары ачылган. Абдуррахман негизинен өзүнүн Англияга көз карандысыз тышкы саясатын жүргүзгөн.

[[Категория:1-Том]] |
16:31, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АБДУРРАХМАН (1844, Кабул – 1901, ошол эле жерде) – азыркы Афганистандын негиздөөчүсү жана аскер лидери, 1880-жылдан Афганистандын эмири. 1878–80-жылдардагы Экинчи Англия-Афган согушунда (к. Англия-Афган согуштары) Афганистандын түндүгүндө (1880) өзүнүн бийлигин орноткон. Ал күчтүү армия түзүп, Кандагар, Герат, Хазаражат, Афганистан, Түркстан жана Кафиристанды басып алып, Афганистандын чек араларын кеңейткен. Абдуррахман натыйжалуу салык чогултуу, бирдиктүү акча тутумун жана борборлоштурулган бюрократиялык башкарууну киргизген. Феодалдык бытырандылыкты жоюуга жана өлкөнүн экономикасын чыңдоого чоң салымын кошкон. Улуу державалардын ортосундагы карама-каршылыктардан пайдаланып, мамлекеттин бүтүндүгүн бекемдөөгө жана камсыз кылууга аракет кылган. Өлкөгө катуу режим орноткон. Европалыктар үчүн Афганистанга кирүүгө тыюу салынган. Атайын уруксаты жок өлкөдөн чыгып кеткен жарандары өлүм жазасына дуушар болгон. Өлкөдө калкка катуу көзөмөл орнотулуп, кербен жолдорундагы уурулар менен каракчыларга карата чаралар колдонулган. Аскер иштери, административдик структура, сооданы уюштуруу жаатында реформалар ишке ашкан. Кабулда курал-жарак заводдору курулуп, аскер окуу жайлары ачылган. Абдуррахман негизинен өзүнүн Англияга көз карандысыз тышкы саясатын жүргүзгөн.