Difference between revisions of "АДАБИЯТ ТЕКТЕРИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АДАБИЯТ ТЕКТЕРИ''' - адабий чыгармаларды системага салуу ж-а топ-топко ажыратуу принциби. Көркөм адабият ''эпос, лирика, драма'' деген тектерге бөлүнөт. Бул көркөм адабияттын узакка созулган тарыхый өнүгүшүнүн натыйжасында келип чыккан. Көркөм чыгармачылыктын тектери байыркы замандан бери бири-биринен ажырабаган мүнөздө болуп, коомдук турмуштун татаалданышынан улам ич-ара жиктеле баштаган. Көркөм адабияттагы мындай жиктелүүнү алгач илимий термин м-н  Аристотель атаган. Адабий чыгармалар реалдуу дүйнөнү чагылдыруу ыгына жараша тектерге бөлүнөт. ''Эпос ''турмуш көрүнүштөрүн, окуяларды автор тарабынан сүрөттөө баяндоо аркылуу чагылдырууга умтулат. ''Драмада ''окуялар каармандын кыймыл-аракети ж-а өз-ара сүйлөшүүсү аркылуу берилет. ''Лирикада ''адамдын ички сезимдери туюнтулат. Ушуга жараша лирикада монолог, драмада диалог, эпосто монолог-диалог ж-а алардан башка окуялардын жүрүшүн баяндоо, портреттик ж-а пейзаждык мүнөздөмөлөр басымдуулук кылат. Бирок адабият тектери бири-биринен ажырап турган көрүнүштөр эмес, алардын бирине тиешелүүсү экинчисине оошуп өтө берет. Анын үстүнө адабий чыгармалардын тектерге бөлүнүшү дайыма шарттуу мүнөзгө ээ.
'''АДАБИЯТ ТЕКТЕРИ''' адабий чыгармаларды системага салуу жана топ-топко ажыратуу принциби. Көркөм адабият ''эпос, лирика, драма'' деген тектерге бөлүнөт. Бул көркөм адабияттын узакка созулган тарыхый өнүгүшүнүн натыйжасында келип чыккан. Көркөм чыгармачылыктын тектери байыркы замандан бери бири-биринен ажырабаган мүнөздө болуп, коомдук турмуштун татаалданышынан улам ич-ара жиктеле баштаган. Көркөм адабияттагы мындай жиктелүүнү алгач илимий термин менен Аристотель атаган. Адабий чыгармалар реалдуу дүйнөнү чагылдыруу ыгына жараша тектерге бөлүнөт. ''Эпос ''турмуш көрүнүштөрүн, окуяларды автор тарабынан сүрөттөө баяндоо аркылуу чагылдырууга умтулат. ''Драмада ''окуялар каармандын кыймыл-аракети жана өз-ара сүйлөшүүсү аркылуу берилет. ''Лирикада ''адамдын ички сезимдери туюнтулат. Ушуга жараша лирикада монолог, драмада диалог, эпосто монолог-диалог жана алардан башка окуялардын жүрүшүн баяндоо, портреттик жана пейзаждык мүнөздөмөлөр басымдуулук кылат. Бирок адабият тектери бири-биринен ажырап турган көрүнүштөр эмес, алардын бирине тиешелүүсү экинчисине оошуп өтө берет. Анын үстүнө адабий чыгармалардын тектерге бөлүнүшү дайыма шарттуу мүнөзгө ээ.
[[Категория:1-Том]]

08:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АДАБИЯТ ТЕКТЕРИ – адабий чыгармаларды системага салуу жана топ-топко ажыратуу принциби. Көркөм адабият эпос, лирика, драма деген тектерге бөлүнөт. Бул көркөм адабияттын узакка созулган тарыхый өнүгүшүнүн натыйжасында келип чыккан. Көркөм чыгармачылыктын тектери байыркы замандан бери бири-биринен ажырабаган мүнөздө болуп, коомдук турмуштун татаалданышынан улам ич-ара жиктеле баштаган. Көркөм адабияттагы мындай жиктелүүнү алгач илимий термин менен Аристотель атаган. Адабий чыгармалар реалдуу дүйнөнү чагылдыруу ыгына жараша тектерге бөлүнөт. Эпос турмуш көрүнүштөрүн, окуяларды автор тарабынан сүрөттөө баяндоо аркылуу чагылдырууга умтулат. Драмада окуялар каармандын кыймыл-аракети жана өз-ара сүйлөшүүсү аркылуу берилет. Лирикада адамдын ички сезимдери туюнтулат. Ушуга жараша лирикада монолог, драмада диалог, эпосто монолог-диалог жана алардан башка окуялардын жүрүшүн баяндоо, портреттик жана пейзаждык мүнөздөмөлөр басымдуулук кылат. Бирок адабият тектери бири-биринен ажырап турган көрүнүштөр эмес, алардын бирине тиешелүүсү экинчисине оошуп өтө берет. Анын үстүнө адабий чыгармалардын тектерге бөлүнүшү дайыма шарттуу мүнөзгө ээ.