Difference between revisions of "АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН АВТОМАТТАШТЫРУУ"
м (→top: категория кошуу) |

(5 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН АВТОМАТТАШТЫРУУ''' – өндүрүштүк процессте прибор жана машинаны колдонуу. Бул процессте адам текшерүүчү ролду гана ойнойт. Айыл чарба жумуштарын автоматташтырууда эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт. Анын негизин электрондук аппараттар, жөнгө салгычтар, текшерүүчү‑өлчөөчү приборлор түзөт. Айыл чарбасын комплекстүү механикалаштыруу жана электрлештирүү ага толук шарттарды түзөт. Автоматташтыруу, айрыкча мал чарбасында, канаттуулар чарбасында жана үрөн тазалоо жумуштарында колдонулууда. Бул тармактарда автоматташтыруу үч багытта өнүккөн: электр машиналарын кеңири колдонуу менен бардык технологиялык процесстерди байланыштырып иштетүү; микроклиматтын тийиштүү көрсөткүчтөрүн (аба температурасын, нымдуулугун, газдын курамын, жарыкты) камсыз кылуучу механизмдерди колдонуу; башкаруучу системаларды долбоорлоо. Үрөн пункттарында электр кыймылдаткычтарын аралыктан башкаруу, машинага жүктөө, кампадагы үрөндүн температурасын жана нымдуулугун текшерүү, өлчөө ж. б. жумуштар автоматташтырылган. Сугат ишин автоматташтыруу менен сууну үнөмдөөгө, иштеген адамдардын санын кыскартууга, түшүмдүүлүктү жана эмгек өндүрүмдүүгүн жогорулатууга жетишүүгө болот. Диспетчердик башкарууда автоматташтыруу өтө маанилүү. Мында машина‑трактордук парктын иштеши, жүк ташуу жумуштарынын аткарылышы 20‑30%ке жакшыртылат. Айыл чарба өндүрүшүн автоматташтыруунун өзгөчөлүктөрү технологиялык процесстерге техникадан тышкары топурактын, малдын ж. б. катышуусу менен мүнөздөлөт, б. а. биологиялык процесстерди эске алууга туура келет. Мындан тышкары айыл чарба өндүрүшүнүн мезгилдик мүнөзү ачык асман астында жайгашуусуна жана бууланууга көңүл бурулат. | |||
''Ы.Ж. Осмонов.''

[[Категория:1-Том]] |
08:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН АВТОМАТТАШТЫРУУ – өндүрүштүк процессте прибор жана машинаны колдонуу. Бул процессте адам текшерүүчү ролду гана ойнойт. Айыл чарба жумуштарын автоматташтырууда эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт. Анын негизин электрондук аппараттар, жөнгө салгычтар, текшерүүчү‑өлчөөчү приборлор түзөт. Айыл чарбасын комплекстүү механикалаштыруу жана электрлештирүү ага толук шарттарды түзөт. Автоматташтыруу, айрыкча мал чарбасында, канаттуулар чарбасында жана үрөн тазалоо жумуштарында колдонулууда. Бул тармактарда автоматташтыруу үч багытта өнүккөн: электр машиналарын кеңири колдонуу менен бардык технологиялык процесстерди байланыштырып иштетүү; микроклиматтын тийиштүү көрсөткүчтөрүн (аба температурасын, нымдуулугун, газдын курамын, жарыкты) камсыз кылуучу механизмдерди колдонуу; башкаруучу системаларды долбоорлоо. Үрөн пункттарында электр кыймылдаткычтарын аралыктан башкаруу, машинага жүктөө, кампадагы үрөндүн температурасын жана нымдуулугун текшерүү, өлчөө ж. б. жумуштар автоматташтырылган. Сугат ишин автоматташтыруу менен сууну үнөмдөөгө, иштеген адамдардын санын кыскартууга, түшүмдүүлүктү жана эмгек өндүрүмдүүгүн жогорулатууга жетишүүгө болот. Диспетчердик башкарууда автоматташтыруу өтө маанилүү. Мында машина‑трактордук парктын иштеши, жүк ташуу жумуштарынын аткарылышы 20‑30%ке жакшыртылат. Айыл чарба өндүрүшүн автоматташтыруунун өзгөчөлүктөрү технологиялык процесстерге техникадан тышкары топурактын, малдын ж. б. катышуусу менен мүнөздөлөт, б. а. биологиялык процесстерди эске алууга туура келет. Мындан тышкары айыл чарба өндүрүшүнүн мезгилдик мүнөзү ачык асман астында жайгашуусуна жана бууланууга көңүл бурулат.
Ы.Ж. Осмонов.