Difference between revisions of "АЙМАНОВ Шакен Кенжетай уулу"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(4 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЙМАНОВ''' Шакен Кенжетай уулу (5. 2. 1914, Павлодар обл., Барнаул р‑ну, Айман‑Булак айы­лы – 24. 12. 1970, Москва) – казак актёру, режиссёр, казак профессионалдык кино искусство­суна негиз салуучулардын бири. СССР эл артисти (1959), Казак ССР мамлекеттик сыйлыгынын (1965), СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1968, 1979) лауреаты. Се­мейдеги мугалимдер пед­техникумунда окуп жүр­гөндө Алматыдагы Казак драма театрына чакыры­лып, 1933‑ж. кабыл алынган. Театр сахнасында Коб­ланды (М. Ауэзов, «Коб­ланды»), Кодар (Г. Мүсрепов, «Козу Көрпөш ­Баян сулуу»), Алдар көсөө (Ш. Кусаинов, «Ал­дар көсөө»), Исатай (И. Жансүгүров, «Исатай ­Махамбет»), Кассио (У. Шекспир, «Отелло»), Тихон (А. Островский, «Таланттар м‑н табынуу­чулар»), Кидц (Б. Лавренов, «Америка добу­шу»), Хлестаков (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Пет­руччио (У. Шекспир, «Азоого чалма») сыяктуу классикалык ролдорду аткарган. «Мылтыкчан киши», «Абай», «Намыс соту» пьесаларын сах­нага чыгарып, алгачкы режиссёрлук кадамын баштаган. 1951‑56‑ж. Казак драма театрынын башкы режиссеру болгон. Ал койгон «Абай» спек­таклине СССР мамлекеттик сыйлыгы берилген (1952). Абайдын акындык талантына таасирленип өскөн Айманов кийин улуу акын тууралуу фильмге катышкан. Өнөр сапары м‑н эл арасында болуп, кинофестивалдарда, симпозиумдарда Жан Шабен, Жан Марэ, Лоуренс Оливье, Софи Лорен, Радж Капур, Френк Копра сыяктуу кино-[[File:АЙМАНОВ59.png | thumb | none]]
'''АЙМАНОВ''' '''Шакен Кенжетай уулу''' (5. 2. 1914-жыл, Павлодар облусу, Барнаул району, Айман‑Булак айы­лы – 24. 12. 1970-жыл, Москва шаары) – казак актёру, режиссёр, казак кесиптик кино искусство­суна негиз салуучулардын бири, СССР эл артисти (1959), Казак ССР мамлекеттик сыйлыгынын (1965), СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1968, 1979) лауреаты. Се­мейдеги мугалимдер педагогикалык ­техникумунда окуп жүр­гөндө Алматыдагы Казак драма театрына чакыры­лып, 1933‑жылы кабыл алынган. Театр сахнасында Коб­ланды (М. Ауэзов, «Коб­ланды»), Кодар (Г. Мүсрепов, «Козу Көрпөш ­Баян сулуу»), Алдар көсөө (Ш. Кусаинов, «Ал­дар көсөө»), Исатай (И. Жансүгүров, «Исатай ­Махамбет»), Кассио (У. Шекспир, «Отелло»), Тихон (А. Островский, «Таланттар менен табынуу­чулар»), Кидц (Б. Лавренов, «Америка добу­шу»), Хлестаков (Н.Гоголь, «Текшерүүчү»), Пет­руччио (У. Шекспир, «Азоого чалма») сыяктуу классикалык ролдорду аткарган. «Мылтыкчан киши», «Абай», «Намыс соту» пьесаларын сахнага чыгарып, алгачкы режиссёрлук кадамын баштаган. 1951–1956‑жылдары Казак драма театрынын башкы режиссеру болгон. Ал койгон «Абай» спек­таклине СССР мамлекеттик сыйлыгы берилген (1952). Абайдын акындык талантына таасирленип өскөн Ш. Айманов кийин улуу акын тууралуу фильмге катышкан. Өнөр сапары менен эл арасында болуп, кинофестивалдарда, симпозиумдарда Жан Шабен, Жан Марэ, Лоуренс Оливье, Софи Лорен, Радж Капур, Френк Копра сыяктуу кино-[[File:АЙМАНОВ59.png | thumb|none]]
жылдыздар м‑н жолугушкан. «Абай ыры» (реж. Г. Рошаль, 1945), «Жамбыл» (реж. Б. Дзиган, 1947) фильмдери аркылуу кино өнөрүнүн сырын терең түшүнүп, 1958‑70‑ж. «Казакфильм» сту­диясынын көркөмдүк жагын башкаруу м‑н казак кино өнөрүнүн өркүндөшүнө чоң үлүш кошуп, романтикалык‑патриоттук мектептин негизин түздү. А. Казакстан кинематографисттер союзу­нун башкармасынын туңгуч секретары болгон. Каир ш‑нда өткөн Азия ж‑а Африка элдеринин ж‑а Москва шаарында өткөн эл аралык кинофести­валдарга катышкан. «Тоо хрусталы» аттуу филь­ми 1967‑ж. Дүйшөмбү шаарында өткөн Казакстан ж‑а Орто Азия республикаларынын эл аралык фе­стивалында биринчи байгеге ээ болгон. «Маха­бат тууралуу баян» (1953), «Алдар көсөө» (1965), «Ата мекен» (1966), «Биздин сүйүктүү доктор» (1958), «Такыялуу периште» (1958), «Атаман­дын акыры» (1970) фильмдерин койгон. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери м‑н сыйланган. Алматы шаарынын бир көчөсүнө (1972) ж‑а «Ка­закфильм» студиясына (1984) ысмы берилген. Ал жашаган үйдө ж‑а киностудияда музейи уюштурулган (1971).
Ад.: ''Сиранов К.'' Шакен Айманов – актёр и режиссёр кино. А.-А., 1970; ''Кенжетаев К.'' Даркан­дарын. А.-А., 1975; ''Беркович М.'' Шакен Айманов. А.-А., 1976. ''Н. Жылдызова.''

жылдыздар менен жолугушкан. «Абай ыры» (режиссёру Г. Рошаль, 1945), «Жамбыл» (режиссёру Б. Дзиган, 1947) фильмдери аркылуу кино өнөрүнүн сырын терең түшүнүп, 1958–1970‑жылдары «Казакфильм» сту­диясынын көркөмдүк жагын башкаруу менен казак кино өнөрүнүн өркүндөшүнө чоң үлүш кошуп, романтикалык‑патриоттук мектептин негизин түздү. Ш. Айманов Казакстан кинематографисттер союзу­нун башкармасынын туңгуч секретары болгон. Каир шаарында өткөн Азия жана Африка элдеринин жана Москва шаарында өткөн эл аралык кинофести­валдарга катышкан. «Тоо хрусталы» аттуу филь­ми 1967‑жылы Дүйшөмбү шаарында өткөн Казакстан жана Орто Азия республикаларынын эл аралык фе­стивалында биринчи байгеге ээ болгон. «Маха­бат тууралуу баян» (1953), «Алдар көсөө» (1965), «Ата мекен» (1966), «Биздин сүйүктүү доктор» (1958), «Такыялуу периште» (1958), «Атаман­дын акыры» (1970) фильмдерин койгон. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Алматы шаарынын бир көчөсүнө (1972) жана «Ка­закфильм» студиясына (1984) ысымы берилген. Ал жашаган үйдө жана киностудияда музейи уюштурулган (1971).
Ад.: ''Сиранов К.'' Шакен Айманов – актёр и режиссёр кино. А.-А., 1970; ''Кенжетаев К.'' Даркан­дарын. А.-А., 1975; ''Беркович М.'' Шакен Айманов. А.-А., 1976. ''Н. Жылдызова.''

[[Категория:1-Том]]

08:42, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЙМАНОВ Шакен Кенжетай уулу (5. 2. 1914-жыл, Павлодар облусу, Барнаул району, Айман‑Булак айы­лы – 24. 12. 1970-жыл, Москва шаары) – казак актёру, режиссёр, казак кесиптик кино искусство­суна негиз салуучулардын бири, СССР эл артисти (1959), Казак ССР мамлекеттик сыйлыгынын (1965), СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1968, 1979) лауреаты. Се­мейдеги мугалимдер педагогикалык ­техникумунда окуп жүр­гөндө Алматыдагы Казак драма театрына чакыры­лып, 1933‑жылы кабыл алынган. Театр сахнасында Коб­ланды (М. Ауэзов, «Коб­ланды»), Кодар (Г. Мүсрепов, «Козу Көрпөш ­Баян сулуу»), Алдар көсөө (Ш. Кусаинов, «Ал­дар көсөө»), Исатай (И. Жансүгүров, «Исатай ­Махамбет»), Кассио (У. Шекспир, «Отелло»), Тихон (А. Островский, «Таланттар менен табынуу­чулар»), Кидц (Б. Лавренов, «Америка добу­шу»), Хлестаков (Н.Гоголь, «Текшерүүчү»), Пет­руччио (У. Шекспир, «Азоого чалма») сыяктуу классикалык ролдорду аткарган. «Мылтыкчан киши», «Абай», «Намыс соту» пьесаларын сахнага чыгарып, алгачкы режиссёрлук кадамын баштаган. 1951–1956‑жылдары Казак драма театрынын башкы режиссеру болгон. Ал койгон «Абай» спек­таклине СССР мамлекеттик сыйлыгы берилген (1952). Абайдын акындык талантына таасирленип өскөн Ш. Айманов кийин улуу акын тууралуу фильмге катышкан. Өнөр сапары менен эл арасында болуп, кинофестивалдарда, симпозиумдарда Жан Шабен, Жан Марэ, Лоуренс Оливье, Софи Лорен, Радж Капур, Френк Копра сыяктуу кино-

АЙМАНОВ59.png

жылдыздар менен жолугушкан. «Абай ыры» (режиссёру Г. Рошаль, 1945), «Жамбыл» (режиссёру Б. Дзиган, 1947) фильмдери аркылуу кино өнөрүнүн сырын терең түшүнүп, 1958–1970‑жылдары «Казакфильм» сту­диясынын көркөмдүк жагын башкаруу менен казак кино өнөрүнүн өркүндөшүнө чоң үлүш кошуп, романтикалык‑патриоттук мектептин негизин түздү. Ш. Айманов Казакстан кинематографисттер союзу­нун башкармасынын туңгуч секретары болгон. Каир шаарында өткөн Азия жана Африка элдеринин жана Москва шаарында өткөн эл аралык кинофести­валдарга катышкан. «Тоо хрусталы» аттуу филь­ми 1967‑жылы Дүйшөмбү шаарында өткөн Казакстан жана Орто Азия республикаларынын эл аралык фе­стивалында биринчи байгеге ээ болгон. «Маха­бат тууралуу баян» (1953), «Алдар көсөө» (1965), «Ата мекен» (1966), «Биздин сүйүктүү доктор» (1958), «Такыялуу периште» (1958), «Атаман­дын акыры» (1970) фильмдерин койгон. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Алматы шаарынын бир көчөсүнө (1972) жана «Ка­закфильм» студиясына (1984) ысымы берилген. Ал жашаган үйдө жана киностудияда музейи уюштурулган (1971).
Ад.: Сиранов К. Шакен Айманов – актёр и режиссёр кино. А.-А., 1970; Кенжетаев К. Даркан­дарын. А.-А., 1975; Беркович М. Шакен Айманов. А.-А., 1976. Н. Жылдызова.