Difference between revisions of "АЙКЕЛДЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(5 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЙКЕЛДЕР''' – орто кылымдардагы көчмөн түрк тилдүү урууларына таандык мүрзөлөрдөгү обо­чо атайын аянтка орнотулган, маркумдун эле­си түшүрүлгөн таш эстеликтер.[[File:АЙКЕЛДЕР54.png | thumb | none]]
'''АЙКЕЛДЕР''' – орто кылымдардагы көчмөн түрк тилдүү урууларына таандык мүрзөлөрдөгү обо­чо атайын аянтка орнотулган, маркумдун эле­си түшүрүлгөн таш эстеликтер.[[File:АЙКЕЛДЕР54.png | thumb|none]]
Байыркы түрк рун жазууларында «бедиз» деген ат м‑н белгилүү. А. монголоид түспөлдөгү адамдарга окшош ке лип, алардын көпчүлүгүнө адамдын турпаты, курал‑жабдыгы же колуна кармаган чөйчөгү (чөйчөк молчулукту, ырыскыны чагылдырган), кушу, айрым учурларда сөйкө, билериктери, кийим‑кечесинин деталдары м‑н кошо чегилген. А‑дин бийикт. 0,4–3 ''м.'' Алардын көпчүлүгү жоо­кер түспөлүндө. Аял түспөлүндөгү А‑дер сейрек кездешет. Айрым учурларда А. жеңилген жоонун

Байыркы түрк рун жазууларында «бедиз» деген ат менен белгилүү. Айкелдер  монголоид түспөлдөгү адамдарга окшош келип, алардын көпчүлүгүнө адамдын турпаты, курал‑жабдыгы же колуна кармаган чөйчөгү (чөйчөк молчулукту, ырыскыны чагылдырган), кушу, айрым учурларда сөйкө, билериктери, кийим‑кечесинин деталдары менен кошо чегилген. Айкелдердин бийиктиги 0,4–3 ''м.'' Алардын көпчүлүгү жоо­кер түспөлүндө. Аял түспөлүндөгү айкелдер сейрек кездешет. Айрым учурларда айкелдер жеңилген жоонун башчысына карата да жасалган. Айкелдер  Монго­лиядан, Европанын түштүк-чыгыш талаалары­нан, Борбордук  Азиядан, Түштүк Сибирден, Алтайдан кездешет. Алгачкы айкелдер байыркы көчмөн элдерге (скиф, хунн, авар ж. б.), көпчүлүгү 6–13‑кылымдардагы кыргыз, огуз, кыпчак ж. б. түрк тилдүү элдерге таандык. Мындай айкелдер Кыргызстандын Нарын, Талас, Чүй, Ысык‑Көл өрөөндөрүнөн көп табылган. Айкелдер  Кыргызстанда 6‑кылымдан 10‑кылымга чейин коюлуп, ислам дини тарала баштагандан кийин бул салт акырындап жоюла баштаган.

башчысына карата да жасалган. А. Монго­лиядан, Европанын түш.-чыгыш талаалары­нан, Борб. Азиядан, Түш. Сибирден, Алтайдан кездешет. Алгачкы А. байыркы көчмөн элдерге (скиф, хунн, авар ж. б.) көпчүлүгү 6–13‑к‑дагы кыргыз, огуз, кыпчак ж. б. түрк тилдүү элдерге таандык. Мындай А. Кырг‑ндын Нарын, Талас, Чүй, Ысык‑Көл өрөөндөрүнөн көп табылган. А. Кырг‑нда 6‑к‑дан 10‑к‑га чейин коюлуп, ислам дини тарала баштагандан кийин бул салт акырындап жоюла баштаган.

''К. Табалдиев.''

''К. Табалдиев.''

[[Категория:1-Том]]

08:41, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЙКЕЛДЕР – орто кылымдардагы көчмөн түрк тилдүү урууларына таандык мүрзөлөрдөгү обо­чо атайын аянтка орнотулган, маркумдун эле­си түшүрүлгөн таш эстеликтер.

АЙКЕЛДЕР54.png

Байыркы түрк рун жазууларында «бедиз» деген ат менен белгилүү. Айкелдер монголоид түспөлдөгү адамдарга окшош келип, алардын көпчүлүгүнө адамдын турпаты, курал‑жабдыгы же колуна кармаган чөйчөгү (чөйчөк молчулукту, ырыскыны чагылдырган), кушу, айрым учурларда сөйкө, билериктери, кийим‑кечесинин деталдары менен кошо чегилген. Айкелдердин бийиктиги 0,4–3 м. Алардын көпчүлүгү жоо­кер түспөлүндө. Аял түспөлүндөгү айкелдер сейрек кездешет. Айрым учурларда айкелдер жеңилген жоонун башчысына карата да жасалган. Айкелдер Монго­лиядан, Европанын түштүк-чыгыш талаалары­нан, Борбордук Азиядан, Түштүк Сибирден, Алтайдан кездешет. Алгачкы айкелдер байыркы көчмөн элдерге (скиф, хунн, авар ж. б.), көпчүлүгү 6–13‑кылымдардагы кыргыз, огуз, кыпчак ж. б. түрк тилдүү элдерге таандык. Мындай айкелдер Кыргызстандын Нарын, Талас, Чүй, Ысык‑Көл өрөөндөрүнөн көп табылган. Айкелдер Кыргызстанда 6‑кылымдан 10‑кылымга чейин коюлуп, ислам дини тарала баштагандан кийин бул салт акырындап жоюла баштаган.

К. Табалдиев.