Difference between revisions of "АЙДАРКЕН ӨРӨӨНҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
(4 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЙДАРКЕН ӨРӨӨНҮ''' Х а й д а р к е н ө р ө ө н ү Түш. Теңир‑Тоодо; Сох суусунун алабында, Курук‑Сай – Кулдук‑Тоо ж‑а Катыраң‑Тоонун аралыгында 80 ''км''ге созулуп жатат. Туурасы 10 ''км;'' деңиз деңг. бийикт. 1208–3000 ''м.'' Баш жагы Алаудин ж‑а Таркол өрөөндөрүнөн турат. Too капталдары жайпагыраак, байыркы море­налар, тепши сымал өрөөндөр бар; төмөн жагы жайпак. Өрөөнгө тайпак жондор, түздүктөр мүнөздүү. Фундаменти палеозойдун чөкмө тек­теринен туруп, айрым жерлерде жер бетине чы­гып жатат. Палеоген‑неогендин конгломерат, кумдук тектери неотектоникалык бүктөлүүгө дуушарланып, өрөөндүн чет жакаларында майда адырларды пайда кылат. Төртүнчүлүк мезги­линин борпоң чөкмөлөрү палеозойдун фундамен­тин жаап жатат. Климаты континенттик. Ян­вардын орт. темп‑расы –6,4...–10°С, июлдуку 19–22°Сге чейин. Жылдык жаан‑чачыны 300–480 ''мм.'' Суулары: Сох, Таркол, Алаудин ж. б. Тоонун бозомук күрөң ж‑а каралжын күрөң топурактары басымдуу. Өсүмдүктөрүнөн бетеге, шыбак, доңуз сырты, жалбыз, өлөң, арча, төө куйрук, түркстан чиеси, табылгы ж. б. өсөт. А. ө. аркылуу  Ош - Лейлек, Баткен – Палал ж‑а Сох – Риштан автомобиль жолдору өтөт.
'''АЙДАРКЕН ӨРӨӨНҮ,''' Х а й д а р к е н   ө р ө ө н ү Түштүк Теңир‑Тоодо; Сох суусунун алабында, Курук‑Сай, Кулдук‑Тоо <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> Катыраң‑Тоонун аралыгында 80 ''км''ге созулуп жатат. Туурасы 10 ''км;'' деңиз деңгээлинен бийиктиги 1208–3000 ''м.'' Баш жагы Алаудин <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> Тар-Көл өрөөндөрүнөн турат. Too капталдары жайпагыраак, байыркы море­налар, тепши сымал өрөөндөр бар; төмөн жагы жайпак. Өрөөнгө тайпак жондор, түздүктөр мүнөздүү. Фундаменти палеозойдун чөкмө тек­теринен туруп, айрым жерлерде жер бетине чы­гып жатат. Палеоген‑неогендин конгломерат, кумдук тектери неотектоникалык бүктөлүүгө дуушарланып, өрөөндүн чет жакаларында майда адырларды пайда кылат. Төртүнчүлүк мезги­линин борпоң чөкмөлөрү палеозойдун фундамен­тин жаап жатат. Климаты континенттик. Ян­вардын орточо температурасы –6,4...–10°С, июлдуку 19–22°Сге чейин. Жылдык жаан‑чачыны 300–480 ''мм.'' Суулары: Сох, Таркол, Алаудин ж. б. Тоонун бозомук күрөң <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> каралжын күрөң топурактары басымдуу. Өсүмдүктөрүнөн бетеге, шыбак, доңуз сырты, жалбыз, өлөң, арча, төө куйрук, түркстан чиеси, табылгы ж. б. өсөт. Айдаркен өрөөнү аркылуу  Ош–Лейлек, Баткен–Палал <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> Сох–Риштан автомобиль жолдору өтөт.
[[Категория:1-Том]]

08:40, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЙДАРКЕН ӨРӨӨНҮ, Х а й д а р к е н ө р ө ө н ү Түштүк Теңир‑Тоодо; Сох суусунун алабында, Курук‑Сай, Кулдук‑Тоо жана Катыраң‑Тоонун аралыгында 80 кмге созулуп жатат. Туурасы 10 км; деңиз деңгээлинен бийиктиги 1208–3000 м. Баш жагы Алаудин жана Тар-Көл өрөөндөрүнөн турат. Too капталдары жайпагыраак, байыркы море­налар, тепши сымал өрөөндөр бар; төмөн жагы жайпак. Өрөөнгө тайпак жондор, түздүктөр мүнөздүү. Фундаменти палеозойдун чөкмө тек­теринен туруп, айрым жерлерде жер бетине чы­гып жатат. Палеоген‑неогендин конгломерат, кумдук тектери неотектоникалык бүктөлүүгө дуушарланып, өрөөндүн чет жакаларында майда адырларды пайда кылат. Төртүнчүлүк мезги­линин борпоң чөкмөлөрү палеозойдун фундамен­тин жаап жатат. Климаты континенттик. Ян­вардын орточо температурасы –6,4...–10°С, июлдуку 19–22°Сге чейин. Жылдык жаан‑чачыны 300–480 мм. Суулары: Сох, Таркол, Алаудин ж. б. Тоонун бозомук күрөң жана каралжын күрөң топурактары басымдуу. Өсүмдүктөрүнөн бетеге, шыбак, доңуз сырты, жалбыз, өлөң, арча, төө куйрук, түркстан чиеси, табылгы ж. б. өсөт. Айдаркен өрөөнү аркылуу Ош–Лейлек, Баткен–Палал жана Сох–Риштан автомобиль жолдору өтөт.