Difference between revisions of "АВТОРДУК БАЯНДОО"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(5 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АВТОРДУК БАЯНДОО''' – чыгармадагы көрүнүштү автор өзү баяндап берүүсү. Автордук баяндоо сюжеттүү чыгapмaлapдa, айрыкча прозада кеңири колдонулат. Мында чыгармадагы окуянын орду, мезгили ж-а шарты, каармандардын мүнөзүн терең ачуу ж. б. зарыл болгон учурлар | '''АВТОРДУК БАЯНДОО''' – чыгармадагы көрүнүштү автор өзү баяндап берүүсү. Автордук баяндоо сюжеттүү чыгapмaлapдa, айрыкча прозада кеңири колдонулат. Мында чыгармадагы окуянын орду, мезгили <span cat="ж.кыск" oldv="ж-а">жана</span> шарты, каармандардын мүнөзүн терең ачуу ж. б. зарыл болгон учурлар жөнүндө сөз болот <span cat="ж.кыск" oldv="ж-а">жана</span> адабий тилдин нормасы сакталат. Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынан мисал келтирели: «Аза көчү Эне-Бейиттин жолун кадыресе арбытып койду. Күн чоң шашке болуп, ошол жеткен ордуна туруп алгансыйт. Бирде саатын, бирде күндү, бирде алдыда керилип ою жаткан жайыкты карап коюп, Бороондуу Эдигей жол жүрүш ойдогудай эле баратканын өзүнчө белгилейт. Жанагыдай эле буурасы маң-маң желип, өзү алдыда, анын соңунан прицеп тарткан трактор келет, анын соңунан дөңгөлөктүү экскватор «Беларусь» коңузча күжүңдөп калбай келет. Жолборс болсо тилин салаңдатып желе-жорто капталда». | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:17, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АВТОРДУК БАЯНДОО – чыгармадагы көрүнүштү автор өзү баяндап берүүсү. Автордук баяндоо сюжеттүү чыгapмaлapдa, айрыкча прозада кеңири колдонулат. Мында чыгармадагы окуянын орду, мезгили жана шарты, каармандардын мүнөзүн терең ачуу ж. б. зарыл болгон учурлар жөнүндө сөз болот жана адабий тилдин нормасы сакталат. Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынан мисал келтирели: «Аза көчү Эне-Бейиттин жолун кадыресе арбытып койду. Күн чоң шашке болуп, ошол жеткен ордуна туруп алгансыйт. Бирде саатын, бирде күндү, бирде алдыда керилип ою жаткан жайыкты карап коюп, Бороондуу Эдигей жол жүрүш ойдогудай эле баратканын өзүнчө белгилейт. Жанагыдай эле буурасы маң-маң желип, өзү алдыда, анын соңунан прицеп тарткан трактор келет, анын соңунан дөңгөлөктүү экскватор «Беларусь» коңузча күжүңдөп калбай келет. Жолборс болсо тилин салаңдатып желе-жорто капталда».