Difference between revisions of "АДЫГЭЛЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АДЫГЭЛЕР''' – эл, Адыгэ Республикасынын жерг. калкы. Россиянын Краснодар крайында, о. эле Түркия ж‑a Ж. Чыгыш өлкөлөрүндө да жаша­шат. Жалпы саны 128,5 миң адам, анын 109,7 миңи Адыгэде, 13,8 миңи Краснодар крайында, 0,6 миңи Москвада, 0,6 миңи Кабардино‑Балкарияда (2010). Адыгэ тилинде сүйлөшөт. А‑дин этностук негизин абадзех, бесленей, бжедуг, жаней, егерухай, мамхег, махошей, натухай, темиргой, хатукай, шапсуг, хакучтар түзөт. Дини мусулман‑суннит. Скиф, сармат ж‑a алан урууларынын аралашканына карабастан А. түн.-батыш Кавказдын байыркы калкы бойдон кала берип, 13–14‑к‑да алардын бир бөлүгү (кабардиндер) Терек д‑сынын алабына барып жайгашкан, ал эми Кара деңиздин жээгинде, Кубанда калгандары (черкестер деген ат м‑н белгилүү) азыркы А‑дин калыптанышына алып келген. Алар негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык ж‑а багбанчылык м‑н кесип кылышат. Эркектери бешмант, черкеска, шаровар, бурка, башлык, папах кийишип, белдерине кур курчанышкан, аялдары шаровар, узун көйнөк кийишкен. Тамак‑ашы негизинен эт, сүт, дан азыктары.                                                        ''Ш. Керимова''
'''АДЫГЭЛЕР''' – эл, Адыгэ Республикасынын жергиликтүү  калкы. Россиянын Краснодар крайында, ошондой  эле Түркия жанa Жакынкы  Чыгыш өлкөлөрүндө да жаша­шат. Жалпы саны 128,5 миң адам, анын 109,7 миңи Адыгэде, 13,8 миңи Краснодар крайында, 0,6 миңи Москвада, 0,6 миңи Кабардино‑Балкарияда (2010). Адыгэ тилинде сүйлөшөт. Адыгэлердин этностук негизин абадзех, бесленей, бжедуг, жаней, егерухай, мамхег, махошей, натухай, темиргой, хатукай, шапсуг, хакучтар түзөт. Дини мусулман‑суннит. Скиф, сармат ж‑a алан урууларынын аралашканына карабастан Адыгэлер түндүк-батыш Кавказдын байыркы калкы бойдон кала берип, 13–14‑кылымдарда алардын бир бөлүгү (кабардиндер) Терек дарыясынын алабына барып жайгашкан, ал эми Кара деңиздин жээгинде, Кубанда калгандары (черкестер деген ат <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> белгилүү) азыркы Адыгэлердин калыптанышына алып келген. Алар негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> багбанчылык <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> кесип кылышат. Эркектери бешмант, черкеска, шаровар, бурка, башлык, папах кийишип, белдерине кур курчанышкан, аялдары шаровар, узун көйнөк кийишкен. Тамак‑ашы негизинен эт, сүт, дан азыктары.                                                        ''Ш. Керимова''
[[Категория:1-Том]]

08:33, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АДЫГЭЛЕР – эл, Адыгэ Республикасынын жергиликтүү калкы. Россиянын Краснодар крайында, ошондой эле Түркия жанa Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө да жаша­шат. Жалпы саны 128,5 миң адам, анын 109,7 миңи Адыгэде, 13,8 миңи Краснодар крайында, 0,6 миңи Москвада, 0,6 миңи Кабардино‑Балкарияда (2010). Адыгэ тилинде сүйлөшөт. Адыгэлердин этностук негизин абадзех, бесленей, бжедуг, жаней, егерухай, мамхег, махошей, натухай, темиргой, хатукай, шапсуг, хакучтар түзөт. Дини мусулман‑суннит. Скиф, сармат ж‑a алан урууларынын аралашканына карабастан Адыгэлер түндүк-батыш Кавказдын байыркы калкы бойдон кала берип, 13–14‑кылымдарда алардын бир бөлүгү (кабардиндер) Терек дарыясынын алабына барып жайгашкан, ал эми Кара деңиздин жээгинде, Кубанда калгандары (черкестер деген ат менен белгилүү) азыркы Адыгэлердин калыптанышына алып келген. Алар негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык жана багбанчылык менен кесип кылышат. Эркектери бешмант, черкеска, шаровар, бурка, башлык, папах кийишип, белдерине кур курчанышкан, аялдары шаровар, узун көйнөк кийишкен. Тамак‑ашы негизинен эт, сүт, дан азыктары. Ш. Керимова