Difference between revisions of "АВСТРИЯ ИМПЕРИЯСЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АВСТРИЯ ИМПЕРИЯСЫ''' ‒ 1806‒67-ж. ''Габсбургдар'' династиясына караган аймактарда өкүм сүргөн мамлекет. «Ыйык Рим империясы» кыйраган соӊ (1806), анын императору Франц II өзүн Австриянын императору Франц I деп жарыялоо м-н Австриялык үйгө ж-а Габсбургдарга таандык жерлерди ‒ Богемия, Венгрия, Хорватия, Трансильвания, Галиция ж-а Түн. Италиянын көп бөлүгүн башкарып калган. А. и. 19-к-дын башынан Франция м-н согуштарга, 1815-ж''. Ыйык Союзду'' түзүүгө катышат. Франц I мураскери Фердинанд I башкарган мезгилинде көп улуттуу империянын курамындагы элдердин улуттук аӊ-сезиминин өсүшү ж-а өз алдынчалык үчүн күрөшү башталат. 1848-ж. өлкөдөгү оор экон. кризис элдик толкундоолордун жүрүшүндө канцлер Меттерних отставкага кетүүгө мажбур болот. Император өлкөдө цензураны жоюуга ж-а жаӊы конституцияны кабыл алууга убада берген. Бирок, апрелде жарыяланган конституция оппозициянын лидерлерин канааттандырган эмес. Натыйжада Австрияда рев-я башталган (к. ''Австриядагы революция''). Император Инсбургга качып кетип, тактыдан баш тарткан. Анын ордуна 18 жаштагы жээни Франц Иосиф такка отурган. Рев-янын жүрүшүндө империянын курамында жашаган венгрлер, чехтер, словактар, румындар, италиялыктар өз алдынчалык үчүн күрөш башташкан. Бирок оппозициянын катарындагы пикир келишпестиктерди пайдалануу м-н император Франц Иосиф ж-а канцлер Шварценберг кырдаалды көзөмөлгө алууга жетишип, Прагадагы ж-а Венадагы элдик кыймылдар армиянын жардамы м-н басылган. 1866-ж. Италия ж-а Пруссия м-н болгон согуштардагы жеӊилүүдөн кийин Австрия м-н Венгриянын ортосунда кол коюлган макулдашуу б-ча 1867-ж. А. и. дуалисттик ''Австрия-Венгрия империясы'' болуп кайра түзүлгөн.
'''АВСТРИЯ ИМПЕРИЯСЫ''' ‒ 1806‒67-жылдары ''Габсбургдар'' династиясына караган аймактарда өкүм сүргөн мамлекет. «Ыйык Рим империясы» кыйраган соӊ (1806), анын императору Франц II өзүн Австриянын императору Франц I деп жарыялоо менен Австриялык үйгө жана Габсбургдарга таандык жерлерди ‒ Богемия, Венгрия, Хорватия, Трансильвания, Галиция жана Түн. Италиянын көп бөлүгүн башкарып калган. Анын ичинде 19-кылымдын башынан Франция менен согуштарга, 1815-жылы ''Ыйык Союзду'' түзүүгө катышат. Франц I мураскери Фердинанд I башкарган мезгилинде көп улуттуу империянын курамындагы элдердин улуттук аӊ-сезиминин өсүшү жана өз алдынчалык үчүн күрөшү башталат. 1848-жылы өлкөдөгү оор экономикалык кризистен улам  элдик толкундоолордун жүрүшүндө канцлер Меттерних отставкага кетүүгө мажбур болот. Император өлкөдө цензураны жоюуга жана жаӊы конституцияны кабыл алууга убада берген. Бирок, апрелде жарыяланган конституция оппозициянын лидерлерин канааттандырган эмес. Натыйжада Австрияда революция башталган (к. ''Австриядагы революция''). Император Инсбургга качып кетип, тактыдан баш тарткан. Анын ордуна 18 жаштагы жээни Франц Иосиф такка отурган. Революциянын жүрүшүндө империянын курамында жашаган венгрлер, чехтер, словактар, румындар, италиялыктар өз алдынчалык үчүн күрөш башташкан. Бирок оппозициянын катарындагы пикир келишпестиктерди пайдалануу менен император Франц Иосиф жана канцлер Шварценберг кырдаалды көзөмөлгө алууга жетишип, Прагадагы жана Венадагы элдик кыймылдар армиянын жардамы менен басылган. 1866-жылы Италия жана Пруссия менен болгон согуштардагы жеӊилүүдөн кийин Австрия менен Венгриянын ортосунда кол коюлган макулдашуу боюнча 1867-жылы анын ичинде дуалисттик ''Австрия-Венгрия империясы'' болуп кайра түзүлгөн.
[[Категория:1-Том]]

08:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АВСТРИЯ ИМПЕРИЯСЫ ‒ 1806‒67-жылдары Габсбургдар династиясына караган аймактарда өкүм сүргөн мамлекет. «Ыйык Рим империясы» кыйраган соӊ (1806), анын императору Франц II өзүн Австриянын императору Франц I деп жарыялоо менен Австриялык үйгө жана Габсбургдарга таандык жерлерди ‒ Богемия, Венгрия, Хорватия, Трансильвания, Галиция жана Түн. Италиянын көп бөлүгүн башкарып калган. Анын ичинде 19-кылымдын башынан Франция менен согуштарга, 1815-жылы Ыйык Союзду түзүүгө катышат. Франц I мураскери Фердинанд I башкарган мезгилинде көп улуттуу империянын курамындагы элдердин улуттук аӊ-сезиминин өсүшү жана өз алдынчалык үчүн күрөшү башталат. 1848-жылы өлкөдөгү оор экономикалык кризистен улам элдик толкундоолордун жүрүшүндө канцлер Меттерних отставкага кетүүгө мажбур болот. Император өлкөдө цензураны жоюуга жана жаӊы конституцияны кабыл алууга убада берген. Бирок, апрелде жарыяланган конституция оппозициянын лидерлерин канааттандырган эмес. Натыйжада Австрияда революция башталган (к. Австриядагы революция). Император Инсбургга качып кетип, тактыдан баш тарткан. Анын ордуна 18 жаштагы жээни Франц Иосиф такка отурган. Революциянын жүрүшүндө империянын курамында жашаган венгрлер, чехтер, словактар, румындар, италиялыктар өз алдынчалык үчүн күрөш башташкан. Бирок оппозициянын катарындагы пикир келишпестиктерди пайдалануу менен император Франц Иосиф жана канцлер Шварценберг кырдаалды көзөмөлгө алууга жетишип, Прагадагы жана Венадагы элдик кыймылдар армиянын жардамы менен басылган. 1866-жылы Италия жана Пруссия менен болгон согуштардагы жеӊилүүдөн кийин Австрия менен Венгриянын ортосунда кол коюлган макулдашуу боюнча 1867-жылы анын ичинде дуалисттик Австрия-Венгрия империясы болуп кайра түзүлгөн.